Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Көк бөрү: Нооруздун баш байгесин "Ынтымак" кайрадан жеңди (видео)

Бүгүн - 21-мартта Чолпон-Ата шаарында Нооруз майрамына арналган көк бөрү боюнча республикалык мелдеште жогорку лигада Таластын “Ынтымак” командасы жеңүүчү аталды.


Бул команда финалда Оштун “Достук” командасын жеңип алды. Оюндун негизги убактысы 4:4 эсебинде тең чыгуу менен аяктап, булитте 6:5 эсебинде таластык улакчылар демилгени колго алышты.


Биринчи таймда таластыктар эки улакты тайказанга салып, алдыга чыгышты. 2-таймда “Достук” оюнчулары эсепти теңегенге жетишти. 3-тайм башталганда “Достук” удаасы менен эки улакты тайказанга салса, “Ынтымак” эки улакты тайказанга кошумча салып, эсепти теңеди.


Кошумча берилген 10 мүнөт убакытта да жеңүүчү аныкталган жок. Жыйынтыгында буллитте "Ынтымак" оюнчулары алты улакты тайказанга салса, "Достук" оюнчуларынын салымы беш улак болду.




“Достук” жана “Ынтымак” Кыргызстандагы көк бөрү боюнча жогорку лигада негизги атаандаштардан болуп саналат. Эки команда Нооруз, Жеңиш күнү жана Эгемендик күнүнө арналган республикалык мелдештердин финалында бир нече жолу беттешкен. "Ынтымак" ушуну менен 4-жолу удаасы менен Нооруз мелдешинин жеңүүчүсү болду. Бул турнир 2020-жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу өтпөй калган.


“Нооруз-2021” аталышындагы көкбөрү боюнча республикалык мелдеш 17-мартта башталган. Жогорку лигада алты команда, биринчи лигада 13 команда баш байге үчүн ат салышты.


Бүгүн - 21-мартта түшкө чейин биринчи лигада финалда "Кара-Буура" (Талас) – "Жети-Өгүз" (Ысык-Көл) командалары беттешип, таластыктар 2:1 эсебинде жеңишке жетти. Бул күнү көк бөрүдөн финалдык беттештерден сырткары салбуурун, эр эңиш, ат чабыш өңдүү спорттун улуттук түрлөрүнөн дагы байгелер ойнотулду.


“Нооруз 2021” мелдеши коомдук ишмер, экс-депутат Болот Шер жана белгилүү кинорежиссерлор Болот Шамшиев, Темир Дүйшекеевдин жаркын элесине арналды. (ECh)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus