Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Украинанын соту “Мотор Сич” аэрокосмикалык компаниясын кытайлык инвесторлордон тартып алды

Украинанын соту дүйнөдөгү тик учактар жана учактар үчүн кыймылдаткычтардын ири өндүрүүчүлөрүнүн бири болгон “Мотор Сич” аэрокосмикалык компаниясынын мүлкүн жана бардык баалуу кагаздарын камакка алды.



Украинанын мамлекеттик коопсуздук кызматы 20-мартта жасаган билдирүүсүндө Киев соту “Мотор Сич” компаниясынын бардык мүлкүн жана баалуу кагаздарын камакка алуу тууралуу чечим чыгаргандыгы айтылат. Эми компания жемкорлук жана башка кылмыштар аркылуу алынган мүлктү башкарууга жооптуу болгон мамлекеттик органга өткөрүлүп берилди, делет билдирүүдө.



Реактивдүү кыймылдаткыч чыгаруучу баалуу компанияны мамлекеттик менчикке алуу аракети Кытайды түйшөлтөөрү бышык. Бирок бул кадам Орусиянын баскынчылыгына каршы Украинаны ырааттуу колдоого алып жаткан Киевдин чет элдик негизги колдоочусу болгон АКШны кубандыраары да айдан ачык.






Быйыл январь айында Америка Кошмо Штаттары “Мотор Сич” компаниясынын көзөмөлдөө пакетин сатып алууну көздөгөн кытайлык “Скайрайзон” (“Skyrizon”) учак жасоо компаниясын “кара тизмеге” киргизген.


Бул кытайлык компаниянын "Украинадагы жырткычтык максаттагы инвестициялары жана технологиялык сатып алуулары Кытайда аскердик максатта колдонуу үчүн кабыл алгыс тобокелчиликти жаратат", – деп АКШ билдирген.



Андан эки аптадан соң, Украинанын президенти Владимир Зеленский аэрокосмостук фирманы көзөмөлгө алууну көздөгөн кытайлык төрт компанияга, анын ичинде “Скайрайзон” компаниясына каршы чектөөлөр киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койду.



“Мотор Сич” компаниясы өлкөнүн мамлекеттик коргоо өңүтү үчүн стратегиялык мааниге ээ болгондуктан, быйыл март айынын башында Украинанын Коопсуздук жана Коргоо Кеңеши бул компанияны улутташтыруу планын жарыялаган.



Компаниянын баш кеңсеси Днепр боюндагы Запорожье шаарында жайгашкан. Анын украинче “Мотор Січ” аталышында илгерки Крым татар хандыгына жана Осмон султандыгына каршы күрөштө маанилүү орунду ээлеген “Запорожье сепили” (“Запорізька Січ”) сөзүндөгү “сич” (“сепил”, “коргонуу жайы”) термини камтылган.



1775-жылы орусиялык каныша Екатерина Экинчи “Запорожье сепилин” жоюу тууралуу жарлык чыгарган, анткени аймак толук Орусиянын чегинде калган жана Запорожье казактары Емельян Пугачёвдун көтөрүлүшүнө олуттуу көмөк кылган аймактардан болчу. (TT)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus