Кочкорлук Талант Ташматов 2-топтогу майып экенине карабай, жараксыз темирге экинчи өмүр берген тубаса уста. Ал жасаган турдүү оюнчуктарга кызыккандар көп. Уста келечекте өзү баткыдай унаа жасоону кыялданып жүрөт.
Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевдин Жогорку соттун төрайымы тууралуу билдирүүсүнөн кийин бул мекеменин каржылык документтери текшерилип, анын айткандарына далил табылбай жатат. Бул тууралуу 29-декабрда «Азаттыктын» түз эфиринде Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева билдирди. Анын айтымында, атайын кызмат сөз кылып жаткан иш быйыл жазында, апрель-май айларында ачылган, өзү бул тууралуу сентябрда уккан, бирок чоо-жайын расмий түрдө эмгиче эч ким түшүндүрүп бере элек. Калиева белгилегендей... Читать дальше...
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге караштуу «Апрель» телеканалы кайрадан эфирге чыга баштай турганын расмий билдирди. Аталган телеканал расмий кабарлагандай, Бишкектин Октябрь райондук соту Аскер прокуратурасынын «Санарип технологиялары» жана «Апрель ТВ» жоопкерчилиги чектелген коомдоруна каршы жазган арызы боюнча экономикалык ишти 15-декабрда караган. Былтыр ноябрда «Санарип технологиялары» жоопкерчилиги чектелген коому негиздөөчүлөрдүн жыйынында «Апрель» телеканалынын мүлкү камакка коюлганына... Читать дальше...
Бразилиянын бийлиги Жаңы жыл алдында Рио жана башка шаарлардагы пляждарды жапты. Бийлик майрамдык иш-чараларды чектөө аракетинде дагы бир катар эрежелерди киргизди. Адатта Жаңы жылды тосуш үчүн миллиондогон турист агылган Копакабанадагы пляждар жабык болот. Салттуу фейерверкке да тыюу салынды. Бразилия дагы эле пандемиянын очокторунун бири болуп турат. Бул өлкөдө коронавируска 7,5 миллиондой киши кабылды, 191 миңден көп бейтап көз жумду. Жаңы жылдык салтанаттар башка жердерде да чектелүүдө. Сиднейдин... Читать дальше...
Жогорку соттун төрайымына байланыштуу айтылып жаткан иш боюнча кармалган кызматкерге карата Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) басым көрсөтүлгөн. Бул тууралуу 29-декабрда «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева билдирди. Анын айтымында, атайын кызмат сөз кылып жаткан иш быйыл жазында, апрель-май айларында ачылган, өзү бул тууралуу сентябрда уккан, бирок чоо-жайын расмий түрдө алигиче эч ким түшүндүрүп бере элек. Калиева атайын кызмат... Читать дальше...
Кыргызстандын балбан кыздары пандемия шартында да өлкө туусун бийик көтөрүштү. Алар күрөш килеминде сүрдүү жана күчтүү, ал эми жашоодо бардык кыздар сыяктуу назик жана сулуу.
Жаңы Жылды майрамдоону четке каккандар, адатта, аны чоочун майрам катары жериш керек деп санашат. Бирок байистүү мусулмандар бул майрамга эч тоскоол кылбашы абзел. Элмурат Кочкор уулунун кезектеги блогу.
«Чек арасыз кабарчылар» уюму быйыл журналисттик ишмердигине байланыштуу 50 киши өлтүрүлгөнүн билдирди. Медиа тармакта иштеген адамдар үчүн эң кооптуу өлкөлөрдүн арасында Ооганстан менен Пакистан аталды. Парижде жайгашкан уюм ырастагандай, каза болгон кабарчылар негизинен коррупциянын, уюшулган кылмыштуу топтордун же экологияга байланышкан маселелердин бетин ачкандыгы үчүн киши колдуу болуп өлгөн. Жети медиа кызматкер демонстрациялардан репортаж берип жатканда курман болгон. Соңку 10 жылда журналисттик... Читать дальше...
Хабиб Нурмагомедовдун айтымында, промоушен анын кайтышын каалап, улам-улам мыкты шарттарды жана жаңы атаандаштарды сунуштап жатат.
Оппозициялык маанайдагы талапкерлер 6-октябрдан кийин келген бийликти, убактылуу кызматын тапшырган Садыр Жапаровдун саясатын кескин сындашты. Президенттикке жарышкан саясатчылардын КТРКдагы теледебаты 28-декабрда башталып, ага алгачкы алты талапкер - Канатбек Исаев, Клара Сооронкулова, Адахан Мадумаров, Аймен Касенов, Бактыбек Калмаматов жана Каныбек Иманалиев чыгышты. Коомдук телерадиоберүү корпорациясында телетаймашка чыккан талапкерлердин позициялары дээрлик төп келип, эфир убактысын бири-бири менен талашып-тартышууга эмес... Читать дальше...
Кыргызстанда 10-январда өтө турган президенттик шайлоого жана референдумга карата эл аралык байкоочулардын дагы бир тобу катталды. Бул тууралуу 29-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) басма сөз кызматы кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, бир катар уюмдун атынан 113 өкүл аккредитациядан өттү. Алар – Индонезиянын шайлоо комиссиясынан эки, Көз каранды эмес мамлекеттер шериктештигинин парламент аралык ассамблеясынан 18, Шанхай кызматташтык уюмунан 14, Түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясынан тогуз... Читать дальше...
COVID-19га каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 29-декабрдагы маалыматына караганда, соңку бир сутка ичинде вирус дагы төрт кишинин өмүрүн кыйды. Бишкек шаарында үч, Ысык-Көл облусунда бир өлүм катталды. Бир күндө вирус дагы 119 кишиден жаңы аныкталды. Марттан бери илдет жугузуп алгандардын расмий эсеби 80 654 адамды түздү. Анын 75 334ү сакайганы айтылды. Бир күндө 277 адам ооруканалардан айыгып чыкты. Кыргызстанда пневмонияны козгой турган коронавирус аныкталган март айынан бери илдеттен... Читать дальше...
Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде Тойчубек Абакиров менен Тынчтык Сапарбек уулунун "Ак-Талаа" деген живопистик чыгармаларынын сүрөт көргөзмөсү ачылды.
Мугалимдер жана дарыгерлерден турган топ бүгүн, 29-декабрда Бишкекте өкмөттүн алдына чыгып, ипотекалык насыянын үстөк пайызын азайтууну талап кылууда. Бул тууралуу акциянын катышуучулары "Азаттыкка" билдиришти. Алардын маалыматына караганда, азыр өкмөт имаратынын алдында 30га жакын киши турат. Баары Мамлекеттик ипотекалык компаниядан насыя алып, бирок аны төлөөгө айлыгы жетпей кыйналып жаткандар. Акцияда ипотеканын үстөк пайызын 7-10 пайыздан 4 пайызга чейин түшүрүү, аны төлөөдө шартка жараша жеңилдиктерди берүү... Читать дальше...
Кыргызстандын Сейсмология институтунун маалыматына караганда, 29-декабрда кыргыз-өзбек чек арасында эртең мененки саат сегизге жакын очогунда күчү төрт баллга жеткен жер титирөө катталды. Жердин титиреши Ош шаарында жана Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман, Шарк, Кашкар-Кыштак, Жаңы-Кыштак айылдарында төрт балл, Кара-Суу шаарында, Ак-Таш, Большевик, Отуз-Адыр, Каарман, Кыргыз-Чек, Таштак, Мады, Дыйкан-Кыштак, Жапалак айылдарында үч баллга чейин сезилди. Баштапкы маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Мамлекеттик каттоо кызматы шайлоого карата иш убактысын узартты, бул мекеменин жарандарды кабыл алуу бөлүмдөрү 31-декабрда да иштейт. Бул тууралуу 29-декабрда “Биринчи радионун” эфиринде сүйлөп жатып вице-премьер-министр Максат Мамытканов билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө биометрикалык каттоосу жок болгондуктан добуш бере албай турган адамдар 200 миңден ашык: “Шайлоо тизмесине катталыш үчүн сөзсүз биометрикалык каттоодон өтүү зарыл. Аларды каттоодон өткөрүп алсак шайлоочулардын тизмесин тактоо маселеси бүт чечилет. Читать дальше...
Баткенде жергиликтүү Жарандык коргонуу комиссиясы эки күн мурдагы жер титирөөнүн кесепетин тактоо иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу 29-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, 26-декабрда кыргыз-өзбек чек арасында очогунда күчү беш баллга жеткен жер титирөө болгон. Баткен облусунун Кадамжай жана Баткен райондорунун бир катар айылдарында мектеп, бала бакча жана үй дубалдарынан жарака кеткен. Жарандык коргонуу комиссиясы тийиштүү акт түзүп... Читать дальше...
Президенттик шайлоого байланыштуу үгүт иштери ортолоп калды. Анын ичинде өлкөнүн башкы телеканалы аркылуу талапкерлердин жеке кайрылуулары аяктады.
Материалда бир нече уюмдун спортчуларынын көз кандырган нокауттары топтолгон. Алардын арасында, албетте, Абсолюттук мушкерлер уюмунан ирмемдер да бар.
«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев бул тууралуу 28-декабрда Бишкекте парламентаризмди колдоо кыймылын түзүү боюнча иш-чарада сүйлөп жатып айтты. Ал Интернет бүгүнкү күндөй кенен колдонула электе кимдин колунда мамлекеттик телеканал болсо ошол адам үстөмдүк кылганын азыр абал өзгөргөнүн билдирди. «Кимдин акчасы, «троллдору» көп болсо ошол коомдук пикирди манипуляция кылып, элдин пикирин өзгөртүп жатат», - деди Текебаев. Интернеттеги коомдук пикирге байкоо салган адистер Кыргызстандагы... Читать дальше...
29-декабрь - катталган аймагынан башка жакта жашаган жарандар президенттик шайлоодо жана референдумда добуш бериш үчүн каттоосун алмаштыруунун акыркы күнү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) расмий сайтына жарыяланды. Боршайкомдун буга чейин тараткан маалыматына ылайык, жаңы үлгүдөгү ID карта паспорту барлар Калкты тейлөө борборлоруна барса, адистер тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизип берет. Ал эми эски үлгүдөгү ID карта болсо, аны жаңылаш керек болот. Буга чейинки шайлоолордо каттоосу... Читать дальше...
Баренцево деңизинде балык уулоочу «Онега» кемеси чөгүп кетти. Бортто 19 киши болгон. Эки балыкчы куткарылды, калгандарын издөө уланууда. Баранцево деңизине балык уулоого чыккан «Онега» кемесине байланыштуу маалымат дүйшөмбү күнү эртең менен белгилүү болгон. Баштапкы маалыматтар боюнча, кеменин сыртын муз каптап, тоңуп калганына байланыштуу ал чөгүп кеткен. Издөө-куткаруу иштерине «Войково» кемеси тартылды, окуя болгон жерге дагы үч кеме жөнөтүлдү. Аба ырайынын начардыгына байланыштуу издөөгө авиация катышкан жок. Читать дальше...
Президенттикке талапкерлер Адахан Мадумаров, Каныбек Иманалиев, Клара Сооронкулова жана Канатбек Исаев 29-декабрда Бишкекте билдирүү жасай турганы кабарланды. Бул маалыматты Сооронкулова «Азаттыкка» ырастап, анда дагы бир талапкер Садыр Жапаровго байланыштуу маселе көтөрүлөрүн билдирди. Ал Жапаровго буга чейин чыккан сот өкүмдөрү жана анын жоюлган-жоюлбаганы тууралуу Бишкектин административдик сотуна кайрылышканын кошумчалады. «Талапкерлигин көрсөтүп жатканда (ред: Садыр Жапаров) Борбордук шайлоо... Читать дальше...
Ош шаардык ички иштер башкармалыгы боюнча милициянын кайгуул кызматындагы 90 бош орунга кабыл алуу сынагы аягына чыкты. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы дене тарбия нормативдерин жакшы тапшырган 152 адам сынак комиссиясы менен маектешүүгө кирип 72си өткөнүн билдирди. Алардын 29у орто башкарма курам, 43ү кенже курам. Эми алар кесиптик даярдык боюнча окууга жөнөтүлөт. Ош шаарында 7-декабрдан тартып, ИИМдин кайгуул кызматынын жана Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын... Читать дальше...
Жакында Түркиянын Кония шаарында сойкулук кылмышты уюштуруп жүргөн топ кармалды. Түркиянын «Хуррийет» басылмасы 26-декабрда маалымдаганына караганда, кылмышка шектүүлөрдү эки жарым ай аңдып жүргөн соң, полиция бир нече дарек боюнча камоо жүргүзгөн. Полиция аялдарды коркутуп-үркүтүп жыныстык күңдүктө кармады деген шек менен беш кишини камакка алды. Алар – түркиялык жарандар Тахир А. (40 жашта), Осман А. (40 жашта), Дениз У. (41 жашта), Режеп Ө. (29 жашта) жана Өзбекстандын жараны Шахноза И. (24 жашта). Читать дальше...