Мы в Telegram
Добавить новость

Композитор Классической музыки Сергей Брановицкий представляет произведения классической музыки.

ФК “Пари НН” проведет свой первый домашний матч под руководством Саши Илича

Костюмы конца XIX века покажут на выставке в Балашихе 15 мая

Посвященная бойцам СВО выставка картин откроется в Балашихе

World News in Kyrgyz
Ria.city


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Декабрь
2020

Новости за 31.12.2020

Azattyk.org 

Коронавируска байланыштуу коопсуздук чараларынын шартында Чыгыш өлкөлөрү жаңы жыл тилкесине кирди

Евразиянын чыгышында, Австралияда бир катар элдер коронавируска байланыштуу коопсуздук чаралары күчөтүлгөн кырдаалда 2021-жылды тосуп алышты. COVID-19 илдетинин алааматы Жаңы жыл майрамын адамзат буга чейин эч көрбөгөндөй карантин шарттарында тосууга мажбурлады. Кыргызстан калкы да коронавируска карата санааркоо жана президенттик шайлоого кызуу даярдык кырдаалында Жаңы жыл майрамын тосту. Чыгыш элдеринин, анын ичинде кыргыздардын 12 жаныбардын атына негизделген мүчөл жыл санагына ылайык, 2021-жыл - Уй жылы болот. Читать дальше...

Azattyk.org 

2021: Ар бир кризистен кийин өнүгүүгө жол ачылат

2021-жылы дүйнөдө кандай чоң окуялар күтүлөт? Кандай тенденция, бурулуштар болушу мүмкүн? Пандемиядан чарчаган элдин жашоосу оңолобу? Жашоо мыйзамы ушундай - ар бир кризис жаңы мүмкүнчүлүккө жол ачат.

Azattyk.org 

Пакистанда индиусттик храмды талкалоого катышкан 31 адам кармалды

Пакистанда индуисттик храмга кол салуу боюнча кеминде 31 адам кармалды. Өлкөнүн полициясы бир күн мурун Хайбер Пахтунхва провинциясындагы Карак шаарында болгон окуяга катышкандарды кармоо уланып жатканын кабарлады. Полиция кармагандардын арасында өлкөдөгү исламчыл «Жамиат Улема-е Ислам» партиясынын лидери Рахмет Салам Хаттак бар экени белгилүү болду. Пакистандын өкмөтү соңку окуяны айыптады. Социалдык тармактарда тараган видеолорго караганда бир нече адам храмдын дубалын балта менен талкалап жатканын көрүүгө болот. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыйын күндө эл жүгүн көтөргөн уул-кыздар

"Азаттык плюс" берүүсү 2020-жылды жыйынтыктады. Бул жылы күтүлбөгөн окуялар көп болду. Пандемия иштөө шартыбызды өзгөрттү. Ага карабай Zoom аркылуу талкууларды уюштуруп, каармандар өздөрү жиберген видеолорду топтоп берүүлөрдү даярдап жаттык. Саясий жана социалдык көйгөйлөрдөн сырткары маданий темаларды да чагылдырып, жаштарга позитивдүү маанай тартуулаганга аракет кылдык. Бир жыл биз тапкан каармандарды студияга топтодук.

Azattyk.org 

Журналисттер Глобалдык медиа агенттигинин жетекчилигин басымга байланыштуу айыпташты

«Эркин Европа/Азаттык Үналгысы» (ЭЕ/АҮ) медиакорпорациясынын 23 тилдеги кызматынын жетекчилери жана башкы редактору АКШнын Глобалдык медиа боюнча агенттигинин (USAGM) башчысы Майкл Пэкке кайрылуу жиберип, аны саясий тең салмактуулук принцибинен тайганы жана корпорациянын өз алдынчалыгын чектөөгө аракеттенип жатканы үчүн айыпташты. Глобалдык медиа боюнча агенттик АКШнын Конгресси каржылаган маалымат каражаттарынын ишин координациялайт. 2020-жылдын июнь айында Пэкти бул мекемеге президент Дональд Трамп дайындаган болчу. Читать дальше...

Azattyk.org 

2020-жылдын урунттуу окуялары

2020-жыл өзгөчө жыл болду. Дүйнөнү COVID-19 пандемиясы каптап, миллиондогон адамдын өмүрүн алды. Мындай апаат Кыргызстанды да айланып өткөн жок. 2020-жылы Кыргызстанда бийлик алмашып, саясий окуялар да көп болду. "Азаттык" 2020-жылдын урунттуу окуяларын сунуштайт.

Azattyk.org 

2020-жылдын саясий шакабасы

2020-жыл ичиндеги сөздөрү интернетте мемге айланып, коомчулукта күлкү да, талкуу да жараткан саясатчылардын билдирүүлөрүн топтодук. Сөздөн жаңылган депутат, парламентте сөгүнгөн премьер, ашканадан хайп жаратып, кызматка барган саясатчы жана башкалар тууралуу видео баян.

Azattyk.org 

АКШнын Сенаты жарандарга берилчү жардамды көбөйтүү жөнүндө сунушту колдогон жок

АКШнын Сенаты пандемиялык шартта жарандарга берилчү түз жардамдын суммасын 600 доллардан 2000 долларга көтөрүү боюнча демилгени колдогон жок. Буга чейин президент Дональд Трамп ушундай сунуш киргизген эле. Сенаттагы республикачыл көпчүлүктүн лидери Митч Макконнелл бийликтен кетип жаткан президенттин бул маалыматын колдоодон баш тартты. Ал айрым сенаторлордун бул маселе боюнча добуш берүү аракетин четке какты. Митч Макконнелл АКШ Конгресси жетиштүү деңгээлдеги акчалай жардам көрсөткөнүн жана эгер кошумча каражат берилсе... Читать дальше...

Azattyk.org 

Чеченстанда Рамзан Кадыровдун аты 350дөй көчөгө коюлган

Би-Би-Синин орус кызматы Чеченстанда аймактын лидери Рамзан Кадыровдун аты жалпысынан 346 көчөгө коюлганын санап чыкты. Өткөн аптада Грозныйда анын 15 жаштагы уулунун ысымы коюлган спорт комплекси ачылды. Чеченстанда баарынан көп көчөлөргө маркум биринчи президент, Рамзан Кадыровдун атасы Ахмат Кадыровдун аты берилет. Ошондой эле Рамзан Кадыровдун апасынын, чоң атасынын ысымдары да арбын ыйгарылат. Мындан тышкары эжелеринин, жээндеринин, аталаш туугандарынын, жакын санаалаштарынын да атын алып жүргөн көчөлөр бар. Читать дальше...

Azattyk.org 

Ооганстандагы бомба чабуулунда президенттик аппараттын кызматкери жарадар болду

Ооганстандын борбору Кабул шаарында 31-декабрда машинеге коюлган бомба жарылып, президент Ашраф Ганинин аппаратынын кызматкери катуу жарадар болду, анын айдоочусу мүрт кетти. Бийлик өкүлдөрүнүн маалыматына караганда, аппараттагы консультативдик бөлүмдүн башчысынын орун басары Жавид Валинин машинесине кимдир-бирөөлөр бомбаны жабыштырып кетишкен. Кабул полициясынын өкүлү Фердоус Фарамарз чабуулдун айынан жалпысынан үч адам жабыркаганын кабарлады. Кол салууну ким уюштурганы белгисиз. Бул өлкөдө кийинки айларда мамлекеттик кызматкерлерди... Читать дальше...




Azattyk.org 

2020: Элита эс-тутумду жоготсо, жалпы элге кедергиси тийет

Кыргызстан 2020-жылы коронавирус алааматына жана саясий жоопкерчиликсиздикке байланыштуу зор жоготууларга кириптер болду. Эми элита гана эмес, жалпы жарандык коом жакынкы өткөндүн сабагын алууга тийиш. Бакыт Асановдун блогу.

Azattyk.org 

Журналисттерди болоттой курчуткан жылды көрдүк

2020-жыл «Азаттык» радиосу үчүн да оңойго турган жок. Дүйнөнүн үшүн алган пандемия жана анын айынан болгон жоготуулар, элдик толкундоо, кайгы-кубанычтар кеңседеги ар бир кызматкерибиздин жүрөгү аркылуу өтүп турду. Анткен менен бул окуялар «Азаттыктын» чыгармачылык жамааты үчүн жаңы тажрыйба топтоого, изденүүгө, жаңы долбоорлорду ачып, жаңы дем менен иштөөгө түрттү. Алдыдагы түрмөктө жамааттын бир жыл ичиндеги иши тууралуу отчет бермекчибиз. Карантин шартындагы иш Өткөн жылдын башында алгач Кытайдын Ухань шаарында катталып... Читать дальше...

Azattyk.org 

2020-жылы аялдар ур-токмоктон көп жабыр тартты

2020-жылы аялдардын абалы кубана тургандай болгон жок. Быйыл пандемияда үй-бүлө зомбулугу 65% өсүп, 20дан ашык аял зомбулуктан каза тапты. Өтүп бараткан жыл кандай окуялар менен коштолгонун Айгерим Акылбекова тизмектейт.

Azattyk.org 

Бишкек милициясы уурдалган чөнтөк телефонун аныктоочу тиркеме иштеп чыкты

Бишкек милициясы уурдалган чөнтөк телефонун аныктоочу тиркеме иштеп чыкты. Бул тууралуу 31-декабрда шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, мобилдик смартфонду дүкөндөн эмес, колдон сатып алып жатканда ошол тиркеме аркылуу ал уурдалган аппараттардын тизмесинде бар же жогун билсе болот. Ал тизмеге уурдалганы тууралуу арыз түшкөн телефондордун IMEI коду киргизилген. Милиция бул тиркеме аркылуу уурдалган аппараттар боюнча кылмыш иштерин ачууга да оңоюраак болоруна ишенет. Читать дальше...

Azattyk.org 

Тажикстан: камактагы оппозиционердин жакындары президентке кайрылышты

Тажикстанда ушу тушта камакта отурган Социал-демократиялык партиянын төрагасынын орун басары, оппозициячыл саясатчы Махмурод Одинаевдин аялы менен уулдары президентке кайрылышты. Анда соттук териштирүүнү адилет жүргүзүүнү өтүнүшкөн. Азырынча Эмомали Рахмондун администрациясы үн ката элек.  Ушул айдын башында Гиссар шаардык соту Одинаевди эки айга камоо тууралуу өкүм чыгарган. Ага бейбаштык боюнча айып коюлган. Бирок саясатчынын тарапташтары анын камалашынын саясий өңүтү бар экенин айтып жатышат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун текшерүүнү убактылуу токтотуу сунушталды

Кыргызстандын Экономика министрлиги мамлекеттик-жеке өнөктөштүк негизде ишке ашырылып жаткан долбоорлорду текшерүүнү убактылуу токтото турууну сунуш кылды. Укук тартибин коргоочу органдардын да, ошол долбоорду ишке ашыруучу мамлекеттик өнөктөштөрдүн да текшерүүсүнө убактылуу мораторий жарыялоо боюнча өкмөттүк токтомдун долбоору коомдук талкууга коюлду. Мындай сунушка эми гана ишке ашырыла баштаган үч, анын ичинде гемодиализ боюнча долбоорго байланыштуу текшерүү жүргүзүлгөнү себеп экени, мындай мамиле жеке өнөктөштөрдү алыстатары айтылды. Читать дальше...

Azattyk.org 

Орусия өзбекстандыктарды киргизген жок

Ондогон өзбекстандык жаран Орусияга киргизилбей, аэропорттон кайра мекенине жөнөтүлдү. Аэропорттун жетекчилиги өзбекстандыктарга алар кайсы мыйзамды бузганын түшүндүргөн эмес.

Azattyk.org 

Британия менен Евробиримдиктин Брекзиттен кийинки соода келишими күчүнө кирет

Евробиримдик менен Британиянын ортосундагы Брекзиттен кийинки соода жана кызматташтык келишими 1-январга караган соң күчүнө кирет. Өткөн түнү документти британ парламентинин эки палатасы тең көпчүлүк добуш менен жактырып, премьер-министр Борси Жонсон кол койду. Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II болсо өз мөөрүн басты. Европа Биримдиги жана британ өкмөтү тогуз айга созулган сүйлөшүүдөн соң бул келишим боюнча мунаса тапкан. Ага ылайык, Британия Евробиримдиктен толугу менен чыккандан кийин эки тарап ортосунда товарларга төлөмдөр алынбай... Читать дальше...

Azattyk.org 

Өкмөттө өлкөдөгү коопсуздук талкууланды

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков 31-декабрда укук тартибин коргоо жана күч органдарынын жетекчилери менен Жаңы жыл майрамы учурунда коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, кеңешмеде 30-декабрда тартип коргоо органдары күчөтүлгөн режимде иштей баштаганы, маанилүү стратегиялык объектилерди жана мамлекеттик чек араны кайтаруу күчөтүлгөнү айтылды. Артем Новиков... Читать дальше...

Azattyk.org 

Аманбаев: Административдик ресурс колдонулган жок

Кыргызстандыктар 10-январда алтынчы президентин шайлаганы турат. Жаңы бийлик бул жолку шайлоо өнөктүгүндө канчалык бейтараптуулукту камсыз кыла алды? Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн аппарат жетекчиси Бактыбек Аманбаев “Азаттыкка” маек курду.

Azattyk.org 

ИИМ: «Садыр президент» деген кийимчендер Мамлекеттик күзөт кызматына тиешеси жок экени аныкталды

Президенттикке талапкер Садыр Жапаровду аны колдогон үгүт кийимин кийип коштоп жүргөндөр Мамлекеттик күзөт кызматына тиешеси жок экени аныкталды. Бул тууралуу 31-декабрда ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов билдирди: ««Мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкерлери «Садыр президент» деген үгүт кийимин кийип жүрөт» деген маалымат Талас облусунан келген. Биз жеринен текшерүү жүргүзгөнбүз. Алар күзөт кызматынын кызматкерлери эмес, кадимки жаран экени, өздүгү аныкталды. УКМК алар чынында... Читать дальше...

Azattyk.org 

Өкмөт: 8-январь дем алыш күн болот

Кыргызстанда келерки жылдын 3-майындагы дем алыш күн 8-январга которулду. Бул тууралуу 31-декабрда өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков тийиштүү буйрукка кол койду. Ошентип, январдын 7синен 10уна чейин дем алыш болот. 7-январь Рождество майрамы, 9-10-январь ишемби жана жекшемби күндөрү. Буга чейин Жаңы жылды майрамдоодо жумуш күндөрү которулбай турганы, 8-январь иш күнү бойдон калары айтылган. Бирок кийин 10-январда... Читать дальше...


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

К 100-летию Рахимжана Кошкарбаева

ФК “Пари НН” проведет свой первый домашний матч под руководством Саши Илича

Еще трое сирот в Красногорске получили жилищные сертификаты

Костюмы конца XIX века покажут на выставке в Балашихе 15 мая

Музыкальные новости

Производственные площадки АО «Желдорреммаш» в апреле посетило более 4700 школьников и студентов

В Красноярском крае сотрудники и военнослужащие Росгвардии почтили память ликвидаторов аварии на Чернобыльской АЭС

«Кубок футбольных мам» прошел на стадионе «Москвич» в Лобне

ЧЭРЗ развивает промышленный туризм в рамках Всероссийской акции «Неделя без турникетов»

Новости России

Станут символом подвига: В Москве высадили сибирские кедры в память о погибших военкорах

Композитор Классической музыки Сергей Брановицкий представляет произведения классической музыки.

ФК “Пари НН” проведет свой первый домашний матч под руководством Саши Илича

Собянин перечислил самые популярные виды туризма в Москве

Экология в России и мире

Ожог борщевиком: как оказать первую помощь в домашних условиях

В подмосковных Мытищах открылся универмаг российских дизайнеров Slava Concept

В Турции российскую туристку выгнали с криками из люксового магазина без объяснения причин

В Москве открылся концепт-павильон современных русских дизайнеров и художников

Спорт в России и мире

На кураже: Рублёв пробился в финал «Мастерса» в Мадриде, Медведев снялся из-за травмы

Швентек отыграла у Соболенко три матчбола и стала самой молодой теннисисткой с 20 титулами с 2012-го

Российский бизнесмен подозревает Алькараса в участии в договорных матчах и направил письмо в ATP и правоохранительные органы

ATP представила новые правила парного тенниса

Moscow.media

Неудержимые 3. Морские волки

Россия и Дети: театр кукол Ульгэр в Бурятии покажет концерт-представление "Вальс Победы"

"Остановись, я уйду!"

Сотрудники Росгвардии обеспечили безопасность встречи Благодатного огня в Москве











Топ новостей на этот час

Rss.plus






К 100-летию Рахимжана Кошкарбаева

Еще трое сирот в Красногорске получили жилищные сертификаты

Композитор Классической музыки Сергей Брановицкий представляет произведения классической музыки.

Техосмотр сельскохозяйственных машин прошел в Наро-Фоминске