Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча Сербияда өтүп жаткан Дүйнө кубогунда чемпиондукту жеңди. Финалдык кармашта балбан латвиялык Анастасия Григорьеваны 14:0 эсебинде утту. Тыныбекова жарым финалдык беттеште орусиялык Любовь Овчарованы 13:2 эсебинде жеңген. 62 килограмм салмакта килемге чыгып, алгач румыниялык Крисца Тунде Инцени, чейрек финалда түрк балбаны Кансу Аксойду уткан. 15-декабрда кыргызстандык дагы бир балбан Айпери Медет кызы жарым финалга чыкты. Сербиянын борбору Белград... Читать дальше...
Тыныбекова катары менен үч кармашта жеңди. Кыргызстандык спортчу мелдештин 8/1 финалынан тарта намыс талаша баштаган.
Кошмо Штаттар НАТО боюнча өнөктөшү Түркияга анын Орусиядан S-400 ракетадан коргонуу системасын сатып алганы үчүн санкция салды. Анкара Вашингтондун бул кадамын олуттуу катачылык деп баалады.
Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан турнирде кыргызстандык спортчу жарым финалда украиналык Алина Стадникти жеңип алды.
Борбор калаанын түндүк тарабындагы Ак-Жар жана Ак-Бата жаңы конуштарынын тургундары, бүгүн, 15-декабрда кечке жуук айланма жолду буушту. Алар муну менен бийликтин көңүлүн тынымсыз өчүп жаткан электр көйгөйүнө бурууга аракеттенишкенин айтышууда. Социалдык тармактарга тараган тасмаларда алар 10-15 градус суукта балдары менен электр жарыгысыз, жашоого шарты жок калышкандыктан ушундай кадамга барышканын айтышкан. Алардын сөзүнө караганда, электр жарыгы дээрлик бир айдан бери улам өчүрүлүп жатат. Жол тоскондор автомобил дөңгөлөктөрүн өрттөп... Читать дальше...
Борбор калаанын түндүк тарабындагы Ак-Жар жана Ак-Бата жаңы конуштарынын тургундары, 15-декабрда кечке жуук айланма жолду буушту. Алар муну менен бийликтин көңүлүн тынымсыз өчүп жаткан электр көйгөйүнө бурууга аракеттенишкенин айтышууда.
Тажикстанда Социал-демократтар партиясынын төрагасынын орун басары, камакта отурган Махмурод Одинаевдин иниси Зулфикор Одинаев кармалды. Туугандары билдиргендей, ал Гиссардын ички иштер бөлүмүнүн кармоочу жайында 10 күндөн бери жатат. Алар экөөнө тең адвокат берилбегенин, кандай айып тагылганы бегисиз болуп жатканын айтып, Зулфикор Махмурод Одинаевдин жардамчысы да экенин кошумчалашты. Саясатчы 20-ноябрда "Фейсбукка" жайгаштырган постунда Душанбе шаарынын мэри Рустам Эмомалиге кайрылып, азык-түлүктүн... Читать дальше...
Венгрия парламенти бир жыныстагы түгөйлөргө бала асырап алууга иш жүзүндө тыюу салган мыйзамды жактырды. Премьер-министр Виктор Орбандын улутчул партиясы үстөмдүк кылган парламент 15-декабрда документти 134 добуш менен колдоду, 45 депутат каршы болду, бешөө калыс калды. Мыйзам долбооруна ылайык, баланы расмий никеде турган жуптар гана асырап ала алат. Жалгыз бой адамдар тиешелүү министрликтен атайын уруксат алууга тийиш. Венгрияда бир жыныстагы жарандардын расмий баш кошуусуна жол берилбейт. Укук... Читать дальше...
КР Президенти, КР ЖК төрагасы Т.Т. Мамытовго
Читать дальше..."Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге берилген Жогорку Кеңеш депутатынын мандатын кайтарып алуу тууралуу административдик соттун чечими 15-декабрда Бишкек шаардык сотунда каралышы керек эле. Бул күнү сот жараяны даттануучу Темирлан Ормуковдун ооруп калганына байланыштуу 25-декабрга жылдырылды. Бул тууралуу Ормуков өзү "Фейсбуктагы" баракчасына жазды. Маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы ырастады. 23-ноябрда Бишкектин административдик соту Ормуковдун арызынын негизинде... Читать дальше...
Ош облустук прокуратурасында улук прокурор Союзбек Сарыковго байланыштуу кызматтык иликтөө башталды.
Жогорку соттун судьясы мыйзамсыз баюу үчүн шектүү катары камакка алынды.
Кыргызстан кыз-келиндерге жана балдарга карата жасалган зомбулуктун жазасыз калышына чекит коюуга тийиш. Мындай маанидеги билдирүүнү ЮНИСЕФ, БУУнун Аялдар фонду жана Адам укуктары комиссариаты 15-декабрда таратты. Билдирүүдө аталган эл аралык уюмдар бийликти гендерлик теңсиздиктин курмандыктарын коргоону колго алып, өзгөчө балдарга карата зомбулук жазасыз калышын токтотууга чакырышкан. Укук коргоо уюмдары жакында эле коомчулуктун нааразылыгын жараткан, Тоң районунда өспүрүм кызды узак убакыт бою зордуктап келген үч адамдын экөө сотто акталып... Читать дальше...
Босния жана Герцеговинанын президиумунда хорват жана мусулман жамааттарынын өкүлдөрү болгон Желько Комшич жана Шефик Жаферович орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушууга баруудан баш тартышты. Бул тууралуу «Азаттыктын» Балкан редакциясы кабарлады. Саясатчылар муну Лавровдун Дэйтон келишими тууралуу айткан сөздөрү, президиумдун төрагасы Милорад Додик менен кездешүүдө Босния менен Герцеговинанын желеги коюлбаганы менен түшүндүрүштү. Мындан мурдарак Лавров Орусия Дэйтон келишимдеринин... Читать дальше...
Башкы прокуратура интернетте тараган «Ош облустук прокуратурасынын прокурору Союзбек Сарыков мас абалында сотко катышып, Ош шаардык сотунун имаратынын терезесинен качып кетти» деген тасмага байланыштуу кызматтык иликтөөсүн баштады. Башкы прокурор өздүк коопсуздук жана кызматтык териштирүү бөлүмүнө Сарыковго байланыштуу факты боюнча кызматтык териштирүүнү уюштурууну тапшырды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлап, иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча берилген баа тууралуу кошумча маалымат болорун билдирди. Читать дальше...
Баткендин Тоолуу Рават айылынын тургуну Дастанбек Эркинов таза айыл чарба азыктарын чыгаруу үчүн биогумус өндүрө баштады. Эми ал короосундагы малдын кыгын, өсүмдүктөрдүн жалбырагын, мөмө-жемиштердин калдыктарын жөн гана таштабай сөөлжанга берип, пайдалуу жер семирткич өндүрөт. Каарманыбыз чакан бизнести баштоого пандемия себеп болгонун белгилейт.
Журналисттер президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов менен Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун ортосундагы байланыштарды таап чыгышты.
Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кара-Шаар айылынын тургуну, 7-класстын окуучусунун айылдаштары тарабынан зордукталып жүргөнү тууралуу соттук териштирүүгө байланыштуу Башкы прокуратура түшүндүрмө берди. Маалыматта: «Өспүрүм кызды ушул эле айылдын 28 жаштагы эки тургуну менен 41 жаштагы жашоочусу күч колдонуп зордукташканы тууралуу факты Бирдиктүү реестрге Жазык кодексинин 161-беренеси («Зордуктоо») менен катталган. Кызды зордуктоо аракеттери жогорудагы жарандар тарабынан өз-өзүнчө же башкача айтканда... Читать дальше...
Бишкек мэриясы атайын бала бакчалар менен мектептерди ачууну чечти. Өзгөчө балдар окуган мектептерге, бала бакчаларга балдарын алып барган ата-энелердин кайрылуусунан улам ушундай чечим кабыл алынганын шаар башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Ата-энелердин талабы менен мүмкүнчүлүгү чектелген жана атайын көмөкчү билим алууну талап кылган балдар үчүн бала бакчалар менен мектептердин тарбиячылары, кызматкерлери коронавируска карата ПЧР анализ тапшырып, андан соң балдар менен иштөөгө өтүшү керек. Читать дальше...
Кыргызстандык мушкер Турсунбек Асылгазиев 2010-жылы панкратион (эрежесиз эр уруш) боюнча Москва шаарынын чемпионатында Хабиб Нурмагомедов менен үч раунддук беттеште кармашкан. Калыстардын чечими менен жеңиш дагестандык спортчуга ыйгарылган.
«Азаттык» радиосунун «Бийлик сырлары» рубрикасынын коногу Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, мамлекеттик жана коомдук ишмер Алмамбет МАТРУБРАИМОВ студент кезиндеги жаштыгы-мастыгы, советттик өндүрүштүн өзгөчөлүгү, «кайра куруу» саясаты, «кызыл директорлордун» дымагы, азаттык алган Кыргызстандын алгачкы кыйынчылыктары, парламент депутаттарынын көрөңгөсү, бийлик бөлүштүрүүдөгү аймактык, кландык таасирлер, алардын кесепеттери жөнүндө кенен кеп кылды. Ал президенттер Акаев, Бакиев ж.б. саясатчылар жөнүндө... Читать дальше...
Кыргызстанда социалдык тармактын колдонуучулары Тоң райондук сотунун судьясы Сабыр Содонбековго каршы виртуалдык митингге катышууда. Акцияга үн кошкондор соттун 13 жаштагы кызды зордуктаган деп шек саналган үч кишинин экөөнү актап, бирин жеңил жазага тартканына нааразылык билдирип, соттун жоопкерчилигин кароону талап кылышууда. Бирок сотто акталгандар мындай дооматка макул эмес. Сот өкүмү Тоң райондук соту 11-декабрда 13 жаштагы кызды зордуктоого шектүү эки кишини актаган. Дагы бирөө бардык... Читать дальше...
Чүй облусунун Кемин районунда 2005-жылы төрөлгөн өспүрүм 13-декабрда өзүн өзү атып алып жарадар болгону тууралуу маалымат ички иштер бөлүмүнө келип түшкөн. Чүй облустук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз катчысы Назира Имангазиеванын «Азаттыка» берген маалыматына караганда, жарадар болгон өспүрүм 15-декабрда каза болду. Бул окуя боюнча сотко чейинки териштирүү иши башталып, Жоруктар менен кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, күбөлөр суракка алынууда. Маркумдун атасы тергөө маалында эки күн... Читать дальше...
Балбан Айпери Медет кызы Кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө кубогунда жарым финалга чыкты. Дүйнө кубогу ушу тапта Сербиянын Белград шаарында өтүп жатат. Айпери Медет кызы 76 килограмм салмакта килемге чыгып, мелдешти чейрек финалдан баштады. Алгачкы беттешинде Айпери болгариялык Мария Оряшкованы 5:1 эсебинде утуп алды. Эми анын жарым финалдагы атаандашы германиялык балбан айым Аллин Роттер Фокен болмокчу. Жарым финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 23:00дө башталат. 14-декабрда кыз-келиндер... Читать дальше...