Баткенде жергиликтүү Жарандык коргонуу комиссиясы эки күн мурдагы жер титирөөнүн кесепетин тактоо иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу 29-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, 26-декабрда кыргыз-өзбек чек арасында очогунда күчү беш баллга жеткен жер титирөө болгон.
Баткен облусунун Кадамжай жана Баткен райондорунун бир катар айылдарында мектеп, бала бакча жана үй дубалдарынан жарака кеткен.
Жарандык коргонуу комиссиясы тийиштүү акт түзүп, объектилерди кайра калыбына келтирүү үчүн жергиликтүү бийликке сунушун берди. Баткен району боюнча кошумча тактоо иштери бүгүн да уланууда. Адамдар жабыркаганы тууралуу маалымат жок. (RK)