Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандагы соңку окуяларга байланыштуу пикирин билдирди. Ал "Твиттердеги" баракчасына Кыргызстандын акырындык менен конституциялык талаага кайтышын колдоп жазган. "Боордош кыргыз элиндеги кырдаалдын акырындык менен конституциялык нукка түшкөнү кубандырат. Биз бардык саясий күчтөрдү карама-каршылык башталгандан тарта сабырдуу болууга чакырып келдик. Президент Сооронбай Жээнбеков легитимдүү мамлекет башчысы болуп саналат, ошондуктан өлкөдөгү чыр-чатакты... Читать дальше...
13-октябрда кыргызстандык белгилүү дин аалымы Алауддин Мансур 68 жашында дүйнөдөн кайтты. Борбор Азияга таанымал диниятчы, Куран китебин кыргыз жана өзбек тилдерине которууда эмгеги сиңген аалым жашоо менен кош айтышканын Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы кабарлады. Алауддин Мансур 1952-жылы Ош облусунун Кара-Суу шаарында туулган. 1990-1992-жылдары Куранды өзбек тилинде чечмелеген. Муфтияттын маалыматына караганда, анын котормосу Борбор Азия жана Казакстан мусулмандарынын дин башкармалыгы өткөргөн тандоодо эң жакшы деп табылып... Читать дальше...
5-октябрдагы элдик толкундоодон кийин Ысык-Көл облусундагы эс алуучу жайлардын ээлерин белгисиз адамдар коркутуп, акча талап кылган учурлар болуп жатканы айтылууда.
“Бир Бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов Жогорку Кеңештин депутаттарын тез арада шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүүгө чакырды. Бул тууралуу депутат 13-октябрдагы кезексиз жыйынында билдирди.
Жогорку Кеңештин жаңы шайланган төрагасы Канатбек Исаев президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан мөөнөтүнөн мурда кетишин колдобойт. Бул тууралуу Исаев парламенттин кезексиз жыйынында билдирди. Анын айтымында, учурда өкмөт башчынын шайланышы боюнча мыйзамдык маселелер жаралууда. “Ушундай учурда президент кетсе Жогорку Кеңештин төрагасы анын милдетин кантип аткарат? Биздин мөөнөтүбүз бүтүп бара жатат. Ошол себептен биз консенсуска барып президенттен суранышыбыз керек. Туруктуулук, укуктук талаага кайтуу өкмөттү түзүү гана эмес... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев шайлоо босогосун 3% түшүрүү бүгүнкү кырдаалдан чыгуунун бир жолу деп эсептейт. Ал бул тууралуу бүгүн, 13-октябрдагы парламенттин кезексиз жыйынында билдирди: “Шайлоо босогосун 5-3% түшүрүү тууралуу мыйзам долбоорлору коомдук талкуудан өткөн. Эртең чогулуп туруп, ошол мыйзамды кабыл алалы. Анткени, бүгүн кырдаалдан чыгуунун бир жолу ошол. Шайлоо күрөөсүн да 1 миллион сомго түшүрүүнү карайлы”. Жанарбек Акаев жаңы шайланган төрага Канатбек Исаевден өкмөт... Читать дальше...
Гилменд провинциясында талибдер менен өкмөттүк аскерлердин кармашынан качып, миңдеген үй-бүлө жер которууга мажбур болду. Бул тууралуу бийдик өкүлдөрү билдиришти. Гилменддин качкындар боюнча кеңсесинин жетекчиси Мохаммад Рамин “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна 13-октябрда маалымдагандай, качып чыккан 5 миңдей үй-бүлөнүн басымдуу бөлүгү борбор шаар Лашкар Гахка ооп барды. Рамин жер которгондор көбөйүп баратканын белгиледи. Гилменд чөлкөмүндө согушкерлер менен армиянын кармашы бир нече күндөн бери уланып жатат. Читать дальше...
Беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская автократ лидер Александр Лукашенкону 12 күндүн ичинде отставкага кетүүгө чакырды. Шейшембиде Телеграм каналында жайгаштырылган билдирүүдө Тихановская демонстранттар “элдик ультиматум” коюшканын, Лукашенкого бир катар шарттарды аткарууга мөөнөт берилгенин айтты. Атап айтканда каршылык акцияларына катышкандарга каршы күч колдонууну токтотуу жана бардык саясий туткундарды коё берүү талаптары коюлган. Лукашенко бул шарттарды аткарбаса, анда “бүт өлкө... Читать дальше...
“Бир Бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов Жогорку Кеңештин депутаттарын тез арада шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүүгө чакырды. Бул тууралуу депутат 13-октябрдагы кезексиз жыйынында билдирди. Ал парламенттин жаңы шайланган төрагасы Канатбек Исаевге кайрылып, Жогорку Кеңештин жыйындарын уюштуруу керектигин айтты. Сулайманов кырдаалдан чыгуу үчүн мыйзамга ылайык парламенттик шайлоону өткөрүүнү атады. Депутат шайлоого чейин №2 форма менен добуш берүүгө тыюу салуу, шайлоо босогосун 3 пайызга түшүрүү... Читать дальше...
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева бүгүн, 13-октябрь күнү Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын “Ала-Арча” резиденциясында өткөн кезексиз жыйынында айтты: “Мени "Фейсбуктан" да, телефондон да коркутканыңарды токтоткула. Мен Садыр Жапаровдун премьер-министр болушуна каршы эмесмин, бирок ал легитимдүү премьер-министр болуп келсин”, -деди Касымалиева. Аида Касымалиева акыркы күндөрү Садыр Жапаровдун тарапкерлери тараптан түрдүү коркутуулар болуп жатканын парламент трибунасынан билдирди. Читать дальше...
«Президент Сооронбай Жээнбеков массалык башаламандык уюштурган деген себеп менен жаш жигиттер кармалып жатканына ачууланып, Темирлан Султанбековду жана башка жаш жигиттерди бошотууну буйруганы тууралуу маалыматтарды мага президенттин жанындагы ишенимдүү адамдар айтышты». Мурдагы премьер-министр, «Ар-Намыс» саясий партиясынын лидери, коомдук ишмер Феликс Кулов «Азаттыкка» ушундай маалымат берди. Кулов маалымат булактары калп айтпай турганын белгиледи: «Мен президентти жакшы билем. Ал жаш жигиттердин массалык башаламандык үчүн камалышына каршы.
Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынынын жүрүшүндө «Кыргызстан» партиясынын лидери Канатбек Исаев парламенттин төрагасы болуп шайланды. Жыйынга 60тан ашык депутат түз катышып, андан тышкары он чактысы өз добушун ишеним кат менен берген. Натыйжада 80 депутаттын 78и Исаевдин талапкерлиги үчүн «макул» деген добуш берген. Добуш берүүдөн кийин Канатбек Исаев сүйлөгөн сөзүндө депутаттарга ыраазычылык билдирди. Ошондой эле президент Сооронбай Жээнбековду колдой турганын жана өлкөдө туруктуулук камсыз кылууга бардык аракетин жумшай турганын билдирди. Читать дальше...
13-октябрда Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулду. Оппозиция лидерлеринин бири, Жогорку Кеңештин депутаты, парламенттик шайлоого “Ата Мекен” партиясынан аттанган Жанар Акаев өлкөдө өкүм сүргөн саясий кризис тууралуу өз пикирин билдирди.
Президент Сооронбай Жээнбеков Садыр Жапаровдун өкмөтүн жана программасын бекиткен парламенттин токтомун кайрадан Жогорку Кеңешке кайтарарын билдирди.
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Борбор Азия өлкөлөрү боюнча атайын өкүлү Наталья Герман 15-октябрда Бишкекке келет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Атайын өкүл сапарында Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен жолугуп, өлкөдөгү акыркы коомдук-саясий кырдаалды талкуулайт. Наталья Герман Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) президент Сооронбай Жээнбековду Кыргызстандагы конституциялык бийликтин мыйзамдуу өкүлү деп эсептей турганын тышкы иштер министри Чыңгыз... Читать дальше...
Жогорку Кеңештеги «Кыргызстан» фракциясы лидери Канатбек Исаевдин талапкерлигин спикерликке көрсөттү. Бул сунушту бардык фракциялар колдоп, башка сунуш түшкөн жок. Депутаттар талапкерди адегенде бириккен комитетте карап, андан кийин жалпы сессияга чыгарышты. Жыйындын жүрүшүндө депутат Дастан Бекешевдин суроосуна жооп берип жатып Исаев парламенттик кайра шайлоого катышуу ниетин билдирип, ал жагдайга жараша чечилерин белгиледи: «Балким, блок-блок болуп партиялар биригет. Баягы күнү бир топ депутаттар отурдук... Читать дальше...
Мындай билдирүүнү АКШнын Кыргызстандагы элчилиги бүгүн, 13-октябрда таратты. Билдирүүдө: «Америка Кошмо Штаттары Кыргызстандагы тынчтык менен демократиялык өзгөрүүлөрдү колдойт. Толугу менен ачык көрүнүп тургандай, демократиялык процесстердин жолунда турган бөгөттөрдүн бири – уюшкан кылмыштуу топтордун саясат менен шайлоого таасир этүү аракети. Буга 4-октябрь күнү шайлоодогу добуш сатып алуу, 9-октябрда Ала Тоо аянтындагы зомбулук жана коркутуу жана ошондой эле 10-октябрдагы парламенттик жыйындагы эреже бузуу далил болуп турат», деп жазылган.
Азербайжан менен Армениянын аскерлеринин Тоолуу Карабак аймагы үчүн куралдуу чатагы уланууда. Азербайжандын Коргоо министрлиги 13-октябрда абал курч бойдон калып жатканын, бүгүн таңда армян күчтөрү Тертер районун аткылаганын кабарлады. Армениянын Коргоо министрлиги бул маалыматты четке кагып, тескерисинче азери күчтөрү бир нече аймакты ракетадан аткылаганын билдирүүдө. 30 жылдан бери талашка түшүп келген Тоолуу Карабак аймагында кырдаал 27-сентябрдан бери курчуп, куралдуу чатак уланып жатат. ... Читать дальше...
Жогорку Кеңеш 13-октябрдагы кезексиз жыйынында президенттин Бишкек шаарында өзгөчө абал жарыялоо боюнча жарлыгын бекитүү тууралуу чечим кабыл алды. Бул чечимди жыйынга катышкан депутаттар бир добуштан колдошту. Жыйынга 62 депутат катышып жатканы, кворум бар экени башында айтылган. Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын аймагына кайрадан өзгөчө абал режимин киргизүү тууралуу жарлыкка 12-октябрда кол койгон. Мындай чечим Жогорку Кеңеш үч күндүн ичинде буга чейин өзгөчө абал режимин киргизүү... Читать дальше...
Кытайдын чыгышындагы Чиңтао портунун жетекчилиги апта аягына чейин тогуз миллион адамды же бардык тургундарды тесттен өткөрүүнү пландап жатат.
«Социал-демократтар» партиясынын мүчөсү, эки айга камалган Темирлан Султанбеков кармоо учурунда сабалганын жана кыйноого кабылганын билдирди. Ал бул тууралуу 12-октябрда Кыйноого каршы улуттук борбордун мүчөлөрү менен жолугушууда билдирген. Кыйноого каршы улуттук борбордун сайтына жарыяланган маалыматка ылайык, Султанбековду Кой-Ташта кармоо учурунда каршылык көрсөтпөгөнүнө карабай, милиция кызматкери тээп жиберген. Ал эми Бишкек ШИИБинин убактылуу камоочу жайына киргизип жатып, кыйноого туш болорун айтып коркутушкан. Читать дальше...
«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында ушу тапта Жогорку Кеңештин бир катар депутаттарынын кезексиз жыйыны башталды. Кворум бар экени, 62 депутат чогулганы айтылды. Күн тартибине президенттин Бишкек шаарынын аймагына өзгөчө абал режимин киргизүү тууралуу жарлыгы жана Жогорку Кеңештин төрагасын шайлоо маселелери кирди. Жыйынды вице-спикер Аида Касымалиева алып барып жатат. Буга чейин спикерлик кызматка сунушталып жаткандардын арасында «Кыргызстан» фракциясынын лидери Канатбек Исаев бар экени айтылган. Читать дальше...
Беларус оппозициясынын лидерлеринин бири Мария Колесникова Александр Лукашенко менен жолугушуудан баш тарткан. Бул жолугушуу Беларустун Коопсуздук комитетинин тергөө абагында 10-октябрда өткөн. Колесникованын жолугушуудан баш тартканы жөнүндө анын адвокаты «Эхо Москвы» радиосуна билдирди. Анын айтымында, оппозициячыл саясатчы кармалып турган Жодино шаарындагы тергөө абагына эки «сыпайы адам» келип Лукашенко менен жолугушууну сунуш кылган. Мария Колесникова бул сунуштан баш тартып, ал үчүн «Жодинодогу... Читать дальше...
«Эӊ башкы маселе улуттук лидердин жоктугунда» деп тополоң башталгандан бери көптөгөн замандаштар айтууда. Мунун себеби эмнеде?
Президент Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн түзүмү менен курамын аныктоо, программасын бекитүү жөнүндө Жогорку Кеңештин токтомун артка кайтарды. Президенттик аппараттын маалыматына караганда, Жогорку Кеңештин токтомунун көчүрмөсү аппаратка 12-октябрда келип түшкөн. Конституциянын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, президент Жогорку Кеңештин токтомун үч күндүн ичинде карап, премьер-министрди жана өкмөт мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө жарлык чыгарат. Эгерде мамлекет башчы бул мөөнөттө премьер-министрди жана... Читать дальше...