Борбор калаада уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсү чет элдик ишкерди опузалап акча талап кылууга шектүү катары кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы 31-октябрда кабарлады. Анда айтылгандай, 28-октябрда Түркиянын жараны (А.И.) милицияга арыз менен кайрылган. Ал арызында 27-октябрда кеңсесине белгисиз жарандар келип, өздөрүн Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары тааныштырып, андан 20 миң сом талап кылышканын айткан. Коркутууга алгандар камакта жаткан кримтөбөлгө колдоо керек болуп жаткандыгын айтып... Читать дальше...
Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков видеоконференциялык байланыш режиминде Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) кеңешинин жыйынына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппараты 31-октябрда кабарлады. ЕЭК кеңешинин мүчөлөрү отурумду ачып жатып, Артём Новиковду Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри кызматына дайындалышына, ЕЭК кеңешинин мүчөсүнүн милдеттерине киришүүсү менен куттукташты. ЕЭК кеңешинин отурумунда ЕАЭБдин ички базарындагы тоскоолдуктарды четтетүү... Читать дальше...
Финпол депутат Акылбек Жапаровдун жубайына катталган компания бюджетке 90 миллион сом салык төлөөдөн качкан деген фактыны иликтеп жатат.
Грузиянын Ички иштер министрлиги (ИИМ) 31-октябрдагы парламенттик шайлоонун жүрүшүндө катталган алты окуя боюнча иликтөө баштады. Бул тууралуу министрдин орун басары Нино Цациашвили журналисттерге кабарлады. Милиция активисттин, талапкерлердин сабалышы жана тирешүүлөр тергелип жатканын маалымдады. Мындан кийин эле Тбилисинин Глдани районундагы добушканада эки партиянын тарапкерлеринин ортосунда массалык мушташ болгону кабарланды. Дагы башка жерлерде талапкерлер атышуу болгонун билдирип жатышат. Читать дальше...
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев эл өкүлдөрүнө жана парламенттин аппаратынын кызматкерлерине октябрдын айлыгы берилбей калганын өзүнүн "Телеграмдагы" каналына жазды. Ал бул билдирүүсүн «Азаттыкка» да ырастап, адатта маяна ай бүткүчө берилип келгенин, бул ирет кызматкерлер акча албаганын билдирди. Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Индира Куралбекова бул маалыматты ырастап, анын себептерине түшүндүрмө берди. Анын айтымында, 5-6-октябрдагы болуп өткөн окуялардан улам Жогорку Кеңештин имаратындагы компьютерлер талкаланып... Читать дальше...
Британиялык белгилүү актер Шон Коннери 31-октябрда 90 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу BBC анын жакындарына таянып кабарлады. Элге Жеймс Бонд ролунун алгачкы аткаруучусу таанылган актер чыгармачыл ишмердигинде 70тен ашуун фильмде ойногон. "Оскар", "Алтын глобус" сыйлыктарынын лауреаты, "BAFTA" сыйлыгынын эки жолку ээси. Томас Шон Коннери 1930-жылдын 25-августунда Эдинбургда төрөлгөн. Актер гана эмес, продюсер катары да белгилүү. Кинодон тышкары, театрда жана телевидениеде иштеген.
Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Нуркыз Кадырбек кызы «Кара-Суу районунун мурдагы акими Тилек Матраимов кайра ордунда иштеп жатат" деген маалыматты төгүндөдү. «Азаттыкка» ал Матраимов премьер-министр Садыр Жапаровдун 16-октябрдагы буйругунун негизинде кызматтан бошотулганын, аны кайра кайтып келди деген сөз жалган экенин айтты. Тилек Матраимовдун агасы Искендер Матраимов «Фейсбуктагы» баракчасына иниси ишке чыкпаганын, эки тараптуу пневмония менен ооруп жатканын жазды. Читать дальше...
Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун тарапкерлери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Бишкектеги башкы кеңсесинин алдында 31-октябрда митинг өткөрүп, аны абактан бошотууну талап кылышты.
31-октябрда Назарбек Нышанов, Кубан Чороев жана Арстанбек Абдылдаев президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип, Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз берди. БШК билдиргендей, үч жаран тең өзүн-өзү көрсөтүштү. Назарбек Нышанов «Лига-Антикризис» коомдук бирикмесинин президенти, мурда да президенттикке өзүн көрсөтүп, бирок талапкер болуп катталбай калган. Кубан Чороев - «Байыркы көчмөн цивилизациясы» тарыхый-маданий мурасты жана рухту кайра жаратуу коомдук фондунун жетекчиси, экономикалык эксперт. Читать дальше...
«Кыргызгидромет» борбору кабарлагандай, 1-ноябрда Кыргызстанда жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Нарын облусунда түнкүсүн -3...-8, күндүз 9...14, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2...+3, күндүз 9...14, Ош, Жалал-Абад аймагында түнкүсүн 0...5, күндүз 16...21, Баткен облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 16...21, Талас жергесинде түнкүсүн -4...+1, күндүз 13...18, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0...5, күндүз 13...18, Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -10...-15... Читать дальше...
Польшада абортко тыюу салган чечимге каршы 30-октябрь, жума күндүн кечинде болгон нааразылык акциялары полиция менен кагылышууга чейин жетти. Акциянын уюштуруучулары башаламандыктарды мыйзамды жактаган улутчулдар жана футбол фанаттары чагым катары чыгарганын айтып жатышат. Акция учурунда кеминде 40тай адам кармалганы кабарланды. Митингдер Варшаванын үч районунда бир убакта өттү. Ага жалпы 100 миңден ашык адам катышканы айтылды. Демонстранттарды азыркы президент Анжей Дуданын каршылашы, борбор... Читать дальше...
Жогорку сот парламенттик кайра шайлоо боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын арызын кароодон баш тартты.
Бүгүн, 31-октябрда Грузияда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Ага 48 партия жана эки блок катышууда. Шайлоочулар 150 депутатты, 120сын пропорционалдык системада, 30ун мажоритардык системада шайлашы керек. Шайлоодо 1% добуш алган партиялардын бардыгынын өкүлдөрү парламентте орун алышат. Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили өзү добуш берип чыккандан кийин, башка жарандарды да шайлоого активдүү катышууга чакырды. Ал өлкөдө шайлоо эпидемиологиялык жактан коопсуз жана тынчтыкта өтөрүнө ишендирди. Читать дальше...
Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун тарапкерлери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Бишкектеги башкы кеңсесинин алдында 31-октябрда митинг өткөрүп, аны абактан бошотууну талап кылышты. Чогулгандар «Курсан Асановдон колуңду тарт!», «Элдик генералга боштондук!» деген сыяктуу жазууларды кармап турушту. Митингге 30-40тай киши катышты. 12-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Курсан Асановду 10-декабрга чейин камакка алган. Ал 5-9-октябрдагы Бишкектеги... Читать дальше...
Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб 31-октябрда тараткан маалыматка ылайык, Кыргызстанда ушул тапта COVID-19 вирусуна кабылган 3413 бейтап стационарларда дарыланууда. Маалыматка караганда, алардын ичинен 83 адамдын (2,4%) абалы канааттандыраарлык. 2328 киши (68,2%) орто оордукта болсо, 892 бейтап (26,1%) оор абалда жана 110 бейтап (3,2%) өтө оор абалда жатат. Мындан сырткары 3767 киши үй шартында дарыланып жатканы маалымдалган. Алардын абалы кандай экени айтылган эмес. Кыргызстанда... Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз борбору 31-октябрда билдирүү таратып, мекеменин жетекчиси Камчыбек Ташиевдин Садыр Жапаровду камоо тууралуу пикир жазганын төгүндөдү. Мекеме мунун «фейк» экенин, жалган маалымат тараткан адамдардын жоопкерчилиги мыйзамдарда каралганын эскерткен. Мунун алдында Камчыбек Ташиевдин «Фейсбуктагы» баракчасына окшош аккаунттан жазылган посттун скриншоту тараган. Андагы текстте «Садыр Жапаров оюн улам өзгөртүп турат, эгер коррупционерлерди... Читать дальше...
Казакстандын Алматы шаарында 31-октябрда саясий реформаларды өткөрүүнү жана саясий куугунтукту токтотууну талап кылган митинг өтүп жатат. Анын уюштуруучулары жыйын башында ар кайсы шаарларда абактарда каза болгон, кармалган, камалган жана айыппулга жыгылган ондогон адамдардын тизмесин окушту. 500 адамга деп уруксат алынган митинг Чокан Валиханов скверининин маңдайында, Илимдер академиясынын алдында өтүп жатат. Катышуучулардын көбү Казакстандын желегин, укук коргоочулар саясий туткун деп тапкан адамдардын сүрөттөрүн кармап алышкан. Читать дальше...
Мамлекеттик салык кызматы 2020-жылдын тогуз айында 55 млрд. 55,2 млн. сом салык жана төлөм чогултту. Бул тууралуу мекеменин сайтында кабарланды. Анда белгиленгендей, муну менен план 96,2 % аткарылды жана салык 2 млрд. 170,3 млн сомго кем жыйналды. Мекеме салыктардын кыскарышын коронавирус пандемиясынан улам жыл башында ишканалар чектөөгө калганы менен байланыштырат. Тогуз айдын жыйынтыгы 30-октябрда мекеменин коллегиялык жыйынында талкууланды. Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев... Читать дальше...
Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде COVID-19 илдети дагы 484 кишиден (U07.1 жана U07.2) жаңы аныкталды, илдеттен үч адам каза болду. Бул тууралуу 31-октябрда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб маалымдады. Маалыматка караганда, көз жумган бейтаптын үчөө тең Баткен облусунун тургундары. Жаңы учурлардын көбү Бишкек шаарына (123) жана Жалал-Абад облусуна (110) туура келет. Ош шаарында жана калган облустарда беш-ондон, айрымдарында 50-60тан катталды. 31-октябрга карата соңку бир күндүн ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар... Читать дальше...
Акыркы маалыматтарга ылайык, Түркиянын Измир шаарында жер силкинүүдөн набыт болгондордун саны 24 кишиге жетти. 800дөн ашык адам түрдүү жараат алды. АКШнын Геологиялык агенттигинин маалыматына ылайык, 30-октябрдагы силкинүүнүн магнитудалык күчү жети баллга жакындады. Жер титирөөнүн очогу Эгей деңизинде жайгашканы кабарланды. Измир шаарында бир топ имарат кыйрап калды. Сеферихисар аймагында суу ташкын болду. Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдугу «Фейсбук» баракчасы аркылуу билдирүү таратып... Читать дальше...
«Манас» эл аралык аэропортуна жаңы дайындалган жетекчи Бактыбек Сыдыковдун аба бекетине байланыштуу бизнеси бар. Сыдыковдун компанияларына уулдары ээлик кылат. Анын дайындалышына каршы чыккандар кызыкчылыктар кагылышы жөнүндө сөз козгоп, Бактыбек Сыдыков аэропортко өз бизнесин өнүктүргөнү келгенин айтып жатышат. "Азаттык" Сыдыковго байланышы бар деген компанияларды иликтеди.
Ашып өтүүгө мүмкүн эмес, бирок кайталоого боло турган бул жетишкендик аталган мелдештин тарыхында биринчи жолу болуп жатат.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) билдирүү таратып, комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Орусия Федерациясынын аймагында расмий сапар менен жүргөнүн маалымдады. Мекеме тараткан билдирүүдө сапардын алкагында Ташиев аталган өлкөдөгү өнөктөш кызматтардын жетекчилери менен расмий жолугушуулар өткөнүн, андан сырткары Орусиянын аймагында иштеп жаткан мекендештер менен да кездешүү болгону айтылат. 29-октябрда кечинде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы... Читать дальше...
Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров 30-октябрда, Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнди кабыл алды. Бул тууралуу президенттик сайт кабарлады. Маалыматка караганда, Садыр Жапаров элчи менен баарлашууда Кыргызстандагы коомдук-саясий кырдаал кыска убакыттын ичинде турукташканын белгиледи. Ал Кытай менен кызматташуу Кыргызстандын тышкы саясатындагы негизги артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналарын да кошумчалады. Садыр... Читать дальше...
Кыргызстанда октябрдын башындагы туруксуздук, жергиликтүү элдин нааразылыгы жана белгисиз топтордун опузасы менен коштолгон окуялардан улам бир катар чет элдик компаниялардын иши дагы эле токтоп турат.