Парламенттик шайлоого карата Түркияда эки шайлоо тилкеси ачылат. Анын бири Анкарадагы элчиликте болсо, экинчиси Стамбулдагы башкы консулдукта. 2017-жылы өткөн шайлоого салыштырмалуу бул жылы добуш берүүчүлөр эки жарым пайызга көбөйгөн. Дем алыштагы шайлоодо Түркиядан 1218 шайлоочу добуш бере алат.
Жогорку Кеңешке аттанган партиялар шайлоо өнөктүгүнө жарым миллиард сомдон ашык каражатты сарпташты. Мынча каражат кайдан келип жатат? Сарпталган акча менен шайлоонун жыйынтыгынын кандай байланышы бар? "Азаттыктын" түшүндүрмө видеосу.
Активист Улан Үсөйүн «Фейсбуктагы» баракчасынан белгисиз адамдар аңдып жүргөнүн жазып чыкты.
Коомдук телерадио корпорациясында (КТРК) шайлоо алдындагы лидерлер катышкан негизги дебаттар аяктады.
4-октябрда парламенттик шайлоо өтүп, кыргызстандыктар алдыдагы беш жылдагы келечегин аныктайт. Өлкөнүн тагдырын өзгөртө турган бул жолку шайлоо кандай маанайда өтөт? Жарандар добушун сатпай, шайлоонун таза өтүшүнө кантип салым кошо алат? Жаштар шайлоо алдындагы мыйзамсыз көрүнүштөр менен кантип күрөшүп жатат? Ал аракеттери жыйынтык береби? “Азаттык плюс” бул жолу жаштар менен жалпы коомчулукту ойго салган ушул суроолорго жооп издеди.
«Биримдик» партиясынын лидери Марат Аманкуловдун чуулгандуу билдирүүсү Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жумушчу тобунун күн тартибинен түшө элек.
Армения Тоолуу Карабактагы атышууну токтотуу боюнча Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) алкагында Минск тобу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоого даяр экенин билдирди. Бул тууралуу Армениянын Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө айтылат. Анда Ереван Азербайжандын Тоолуу Карабакта курал колдонушун жана Түркиянын бул чатакка аралашып жатканын айыптаган. Расмий Баку билдирүү боюнча комментарий бере элек. Азербайжандын Коргоо министрлиги 2-октябрь эртең менен Тоолуу Карабакка чектеш стратегиялык бийиктикти ээлегенин кабарлады. Читать дальше...
Интернетте ыкчам тергөө тобу добуштарды сатып алуу үчүн адамдардын аты-жөнү жазылган конверттерге салынган ири өлчөмдөгү акчаны кармаган учур тартылган видео тасма тарады.
Орусиядагы «Koza Press» басылмасынын башкы редактору Ирина Славина бүгүн Нижегород облустук милициясынын имаратынын жанында өзүнө өрт койду. Алексей Навальныйдын штабы жана «Baza» булагы кабарлагандай, журналист эсине келбей жатып каза болду. Милиция өзүнө өрт койгон адамдын каза болгонун ырастап, маркумдун журналист Славина экенин тактаган жок. Буга чейин Ирина Славина «Фейсбуктагы» баракчасына «менин өлүмүм үчүн Орусия Федерациясын күнөөлөгүлө» деп жазган болчу. Бейшембиде Славинанын кеңсесинде... Читать дальше...
Бир айдан бери Жалал-Абад шаарында массалык иш-чараларга каршы рейд жүргөн. Рейддин жүрүшүндө 300 киши катышкан той болуп жатканы белгилүү болгон.Аталган мекемелер электр жарыгынан ажыратылган. Ресторандардын биринде мыйзам бузуу биринчи жолу катталбагандыктан, ага карата кылмыш иши козголгон. Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунда эпидемиялык абал кооптуу бойдон калууда.
«Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер болгон Элнура Алканова «OpenDemocracy» (oDR) басылмасына жарыяланган макала боюнча «Азаттыкка» комментарий берди. Ал макалада айтылган дооматтарды четке кагып, Улукбек Бабакулов ага мындай сунуш менен өзү кайрылганын билдирди: «Улукбек Бабакулов азыр гуманитардык виза менен Францияга кеткен. Ал жакта үй-бүлөсү менен турат. Мага жардам сурап кайрылган. «Акча жактан кыйналып жатам. Мага кандай жардам болсо да бер. Мага акча берсеңер Матраимовдор тууралуу каалаган нерсени жазып берем» деген.
Соңку бир жума ичинде азык-түлүктүн баасы кескин кымбаттап кетти. Мисалы мурда 95 сомдон сатылып жаткан өсүмдүк майы азыр 115ке чыккан. Эт 50, кумшекер 10 сомго чейин кымбаттады. Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин маалыматына караганда, кымбатчылыкка доллардын кунунун өсүшү себеп болууда.
«Республика» партиясы анын Өзгөндөгү тарапкери өлтүрүлгөнүн айтып чыкты. Милиция адам өлүмү болгонун ырастаганы менен анын саясий өңүтү жоктугун билдирүүдө.
Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп аялы Мелания экөө коронавирус жугузуп алды. Ушундан улам алар өздөрүн чектеп карантинге чыгып, алдыдагы иш-чаралардын баары болбой калды.
Жарандык активист, «Баштан башта» кыймылынын лидери, коррупцияга каршы бир канча акциялардын уюштуруучусу Улан Үсөйүн артынан белгисиз кишилер аңдып жүргөнүн билдирди. Бул тууралуу 1-октябрда социалдык тармактагы баракчаларга жазып, бул анын саясий көз карашына байланыштуу болушу мүмкүн экенин белгиледи. Алардан коркпой турганын айткан Үсөйүн досторунун, тарапташтарынын жардамына, колдоосуна муктаж экенин кошумчалады. 27 жаштагы Улан Үсөйүн тең укуктуулукка чакырган, коррупцияга каршы ачык билдирүүлөрдү жасап... Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекетттк кызматтын (Финансы полициясы) өкүлү «өтө чоң өлчөмдө пара алып жаткан жеринен кармалганын» 2-октябрда билдирди. Маалыматка караганда, кармалган кызматкер менчик компаниянын өкүлдөрүнөн кылмыш иши боюнча оң чечим чыгарып бериш үчүн 1500 доллап акча алып жатканда колго түшкөн. Кармоо операциясына Финполдун Ички коопсуздук башкармалыгынын кызматкерлери да катышкан. УКМК кармалган улук ыкчам... Читать дальше...
Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдүн лидерлери Азербайжан менен Арменияны Тоолуу Карабактагы согуш аракеттерин тезинен токтотууга чакырышты. Евробиримдик бул чатак аймактагы державалардын катышуусу менен ири согушка айлынып кетиши мүмкүн деп чочулап турганын билдирүүдө. «Жайкын тургундардын каза болушуна, аларга зыян келтирүүгө жол берилбеш керек. Тирешүү аскердик жол менен да, сырттан кийлигишүү менен да эч качан чечилбейт», деп айтылат Брюсселдеги Евробиримдиктин саммитинде кабыл алынган билдирүүдө. Читать дальше...
«ОреnDemocracy» (ODr) долбоору журналист Элнура Алканова менен кызматташканы үчүн өкүнүчүн билдирди. Баш кеңсеси Британияда жайгашкан бул ресурс 2-октябрда «Кыргызстандагы бажы жаңжалында мурдагы журналисттин ролу боюнча суроолор» аттуу макала жарыялады. Анда «ОреnDemocracy» менен буга чейин кызматташып келген Элнура Алканованын Кыргызстандагы Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен байланышы талданган. Макала чет өлкөгө чыгып кеткен журналист Улукбек Бабакуловдун айткандарына таянып... Читать дальше...
Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында кичиавтобус менен жөө кишилерди жөөлөгөн айдоочу кармалып, камакка алынды. Ал 25 жаштагы жаран экенин облустук милиция билдирди. Маалыматка караганда, факты алгач Жазык кодексинин 266-беренеси («Бейбаштык»), 297-беренеси («Жол коопсуздугунун жана автоунаа каражаттарын пайдалануу эрежелерин бузуу») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, кийинчерээк 39-130-беренеге («Киши өмүрүнө кол салуу») которулду. Кармалган айдоочу убактылуу кармоочу жайга камалып... Читать дальше...
Кыргызстанда 18 жаштан өткөн 4 081 410 жарандын 557 856сы 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо добуш бере албайт. Алар биометрикалык каттоодон өтпөгөндүктан шайлоочулардын тизмесине киргизилген жок. Бул тууралуу 2-октябрдагы басма сөз жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди. Шайлоо берүүгө укуктуу жарандардын соңку такталган саны - 3 523 554. 4-октябрдагы парламенттик шайлоого 16 партия ат салышууда. Үгүт иштери бүгүн, 2-октябрда түн жарымда токтотулат. Читать дальше...
Казакстандын бийлиги 5-октябрдан тартып башка өлкөлөр менен жаңы аба каттамдарын жандантпай, ал эми Түркия менен каттамдарды азайтмак болду. Мындай чечим коронавирус инфекциясын жайылтпаш үчүн кабыл алынды. Ошондой эле өлкөгө башка жактардан келгендер ПЧР тесттин жыйынтыгы талап кылынат, ал жок болсо милдеттүү түрдө эки күндүк карантинге жаткырылат. Өлкөнүн саламаттык сактоо министри Алексей Цой бул кадамдар өлкөдө эпидемиологиялык туруктуулукту сактоого багытталганын билдирди: «Европада, Германия... Читать дальше...
Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) Ыкчам аракеттенүү боюнча координациялык тобу 2-октябрда жыйынга чогулду. Ички иштер министрлиги менен Башкы прокуратуранын өкүлдөрү да кирген координациялык топтун жыйынында шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна байланышкан маселе талкууланды. Жыйында белгилүү болгондой, 1-октябрга караганда мыйзам бузууларга байланыштуу 86 кайрылуу БШКга түшүп, электрондук реестрге катталды. Анын кыркы Кылмыш кодексинин 192-беренеси ("Шайлоочулардын добушун сатып алуу"), тогузу 195-берене ("Шайлоо документтерин бурмалоо")... Читать дальше...
4-октябрда өтчү парламенттик шайлоодо №2 форма аркылуу шайлоо тилкесин алмаштырууга 42 386 жаран бир канча жолу арыз берген. Бул тууралуу жума күнкү басма сөз жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди: «496 239 жаран №2 форма аркылуу добуш берүүгө арыз берген. Алардын 32 504ү эки жолу, 5810у үч жолу, 1967си төрт жолу, 872си беш жолу, ал тургай үч адам 22 жолудан №2 форма аркылуу добуш берүүгө арыз берген. Биз бардыгын иргеп, кайра-кайра тапшыргандарды... Читать дальше...
«Instagram» социалдык тармагында Кыргызстанда популярдуу болгон «One Million Kyrgyz Stories» (OMKS) көңүл ачуу долбоорунун негизги аккаунту ачылбай турат. Ошондой эле бул долбоорду иштеткендерге тиешелүү болгон «Omks_kg», «omks_video» сыяктуу баракчалар да колдонуучулар үчүн жабык. Бул баракчаларга катталган колдонуучулар буга дейре жарыяланган бардык видео жана башка материалдар көрүнбөй жатканын, катталуучулардын тизмеси да жок болуп кеткенин айтышууда. «Omks_video» баракчасында акыркы жолу... Читать дальше...