Бул тууралуу Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева бүгүн, 13-октябрь күнү Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын “Ала-Арча” резиденциясында өткөн кезексиз жыйынында айтты:
“Мени "Фейсбуктан" да, телефондон да коркутканыңарды токтоткула. Мен Садыр Жапаровдун премьер-министр болушуна каршы эмесмин, бирок ал легитимдүү премьер-министр болуп келсин”, -деди Касымалиева.
Аида Касымалиева акыркы күндөрү Садыр Жапаровдун тарапкерлери тараптан түрдүү коркутуулар болуп жатканын парламент трибунасынан билдирди.
4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгына нааразылык митинги башаламандыкка айлангандан кийин, Кыргызстанда саясий кризис башталды. Жогорку Кеңештин 6-чакырылышындагы депутаттар өкмөт башчыны шайлоо максатында бир нече жолу чогулууга аракет кылышты.
6-октябрда парламент депутаттарынын бир бөлүгү чогулуп, Дастанбек Жумабековду спикерликтен бошотуп, анын ордуна Мыктыбек Абдылдаевди шайлаган. Ошол күнү өкмөт башчылыкка массалык тополоң учурунда абактан бошотулган Садыр Жапаровдун талапкерлигин көрсөткөн.
Парламент 10-октябрдагы кезексиз жыйынында Садыр Жапаровду жана анын өкмөтүн бекитип берген. Жогорку Кеңештин ал күнкү чечимдеринин негизинде кабыл алынган токтомду президент Сооронбай Жээнбеков 13-октябрда артка кайтарган.
Жогорку Кеңеш бүгүн, 13-октбярда дагы кезексиз жыйынга чогулуп, президент Жээнбековдун Бишкек шаарына Өзгөчө абал киргизүү жарлыгын колдоп берди. Андан тышкары парламентке жаңы төраганы - "Кыргызстан" фракциясынын лидери Канатбек Исаевди шайлады.(ZKo)