АКШда Демократиялык партия Жо Байдендин талапкерлигин президенттикке расмий көрсөттү. Ал ноябрь айындагы шайлоодо президент Дональд Трамп менен атаандашмакчы. Байден кандай саясатчы? "Азаттык" анын саясий өмүр жолуна көз чаптырып көрдү.
Күздө өтчү парламенттик шайлоого катышкысы келерин билдирген 44 партиянын ичинен тогузу жарыштан чыкты. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) 19-августтагы маалыматына ылайык, Агрардык партия, «Демократ», Кыргызстан коммунисттеринин партиясы, «Эмгек», «Бийлик элге», Кыргызстандын Элдик-демократиялык партиясы, «Бирик», «Таза коом» жана «Жаратман Эл» партиялары шайлоого катышпай турган болду. Алардын айрымдары башка партияга кошулган, кээ бирлери шайлоо фонду үчүн эсеп ачкан эмес. 19-августта «Замандаш»... Читать дальше...
19-августта «Реформа» саясий партиясы шайлоо алдындагы жыйынын ачык асман алдында өткөрдү. Ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин аныктап, программасын жарыялады.
Маданият министрлиги кыргызча китептердин электрондук жана аудио версиясын иштеп чыгууну пландап жатат. Буга окурмандар арасында онлайн китепканага суроо-талаптын күчөгөнү себеп болгон.
Пакистандын бийлиги Кытайда чыгарылган COVID-19 илдетине каршы вакцинаны өз жарандарына сыноодон өткөрүүгө макул болду. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо боюнча улуттук институту билдирди. Вакцинаны Бээжин биотехнология институту менен "CanSinoBio" деп аталган кытайлык компания чыгарган. Институт билдиргендей, Пакистанда сыноонун үчүнчү баскычы өткөрүлөт. Кокустан Кытай вакцинасы ийгиликтүү болуп калса Пакистан аны арзан баада, алгачкылардын катарында алат. Эксперименталдык вакцина Кытайда... Читать дальше...
Казакстанда илимий борбор COVID-19 илдетине каршы өзү чыгарган вакцинанын клиникага чейинки баштапкы сыноолорун аяктады. Бул тууралуу казак басылмалары Алматыдагы Биологиялык коопсуздук маселелери боюнча илимий иликтөө институтуна таянып жазышты. 19-августта аталган институт QazCovid деп аталган вакцина жаныбаоларга жасалып, сыноодон өткөнүн жарыялады. Борбор вакцинанын коопсуздугун, болжолдуу кесепеттерин жана аллергиялык реакцияларын ашыкча дозада сайып, текшерип көргөн. Сыноонун экинчи баскычы октябрь айында башталат. Читать дальше...
«Азаттык» аймактардагы кабарчылар жиберген сүрөт жана видеолор топтомун жарыялоону улантат. Ысык-Көл облусу Туристтер көп каттаган Бостери айылындагы базар быйыл ээн. Андагы 900 сатуучуга ылайыкташкан орунда азыркы тапта болгону 400гө жетпеген соодагер отурат. Алардын 60 пайызын Чүй облусунан жана Бишкек шаарынан келгендер түзөт. Чолпон-Атадагы базарда дагы ушундай эле көрүнүш. Соодагерлер алган насыясын кантип жабабыз деп кабатыр. Жайкысын үч ай иштеп, жыл бою элин багып келген эки базардагы тиричилик тууралуу видеодон көрө аласыз. Читать дальше...
Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына караганда, парламенттик шайлоодо 3 млн. 429 миң адам добуш бергени турат. Шайлоочулар 2015-жылдагы шайлоого салыштырмалуу 667 746 адамга көбөйгөн.
Кабулдун борбордук бөлүгүндө 19-августта болгон жардыруудан эки адам каза болуп, эки киши жараат алды. 18-августта ооган баш калаасынын өкмөттүк имараттар жана элчиликтер жайгашкан аймагына жасалган ракеталык чабуул үч адамдын өмүрүн алган. Мамлекеттин Эгемендик күнүндө уюштурулган ал кол салууда 16 адам жарадар болду. Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Тарек Ариан каза болгондордун арасында эки мамлекеттик кызматкер болгонун билдирген. Кийинчерек AFP агенттиги алар президент Ашраф Ганинин күзөт бөлүмүндө иштегендер экенин жазды. Читать дальше...
19-августта "Бүтүн Кыргызстан" партиясы да парламенттик шайлоо алдындагы курултайын өткөрүп, программасын кабыл алды. Мындан тышкары Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин бекитти. Бирок партиянын саясий кеңеши азырынча тизменин мазмунун жарыялай элек. Маалыматтарга ылайык, тизменин башында саясий кеңештеги адамдар: партиянын негиздөөчүсү жана лидери Адахан Мадумаров, "Ак шумкар" партиясынын негиздөөчүсү, экс-премьер-министр Темир Сариев, Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев... Читать дальше...
19-августта Бишкекте «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын курултайы өттү. Анда депутаттыкка талапкерлердин тизмеси бекитилип, партиянын программасы талкууланганы кабарланды. Жыйындын соңунда саясий уюмдун мүчөлөрү пресс-конференция өткөрүп, журналисттердин суроолоруна жооп беришти.
Кочкор районунун бир катар айылдарынын тургундары 19-августта президент Сооронбай Жээнбеков менен жолукканда суу каптоонун кесепетинен улам жараксыз болуп калган үй-жай маселесин көтөрүп, жардам сурашты. Жыйында үй куруш үчүн жер тилкесин трансформациялоо, мектептерде айлык акыга кошумча төлөм үчүн райондук коэффициентти кайра белгилөө тууралуу өтүнүчтөр айтылды. Мамлекет башчы жергиликтүү тургундар көтөргөн маселелер эске алынарын, жергиликтүү бийлик жана тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан чечилерин белгиледи. Читать дальше...
Еврокеңештин президенти Шарль Мишелдин айтымында, 27 мамлекеттен турган биримдик Беларустагы соңку президенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбайт жана добуш бурмалоого жана нааразылык акцияларын күч менен басууга тиешеси бар адамдарга санкция салынат. «Евробиримдик жакын арада зомбулукка, куугунтукка жана добуш берүүнүн жыйынтыгын бурмалоого катышы бар бир топ адамдарга санкция салат», - деди Мишел 19-августта Евробиримдиктин лидерлеринин жыйынында. 9-августта өткөн президенттик шайлоодо Беларусту... Читать дальше...
Бүгүн, 19-августта «Реформа» саясий партиясы шайлоо алдындагы жыйынын өткөрүп, программасын жарыялады. Ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин аныктады. Партиянын төрайымы - Клара Сооронкулова, курултайдын төрагасы - Эрмек Нурбаев, ал эми катчысы - Азият Жекшеев болду. Тизменин баштапкы жыйырмалыктагы талапкерлери: 1. Клара Сооронкулова; 2. Мирбек Маматкасымов; 3. Урмат Жаңыбаев; 4. Манас Саматов; 5. Эсен Рысбеков; 6. Рита Карасартова; 7. Тилек Ахматов; 8. Читать дальше...
Кыргызстандагы диний көп түрдүүлүккө арналган бул подкаст көз карандысыз журналист Элмурат Аширалиевдин “Киши” подкаст долбоорунун экинчи сезону. Бул чыгарылышта кыргызстандык Рухидин "Кришна аң-сезими боюнча эл аралык коому" деп аталган диний уюмдун окуусу жөнүндө айтып берет. Ал он жылдан ашуун убакыттан бери аталган диний ишенимди тутунат.
«Кыргызстан» саясий партиясы да бүгүн, 19-августта парламенттик шайлоо алдындагы кезектеги жыйынын өткөрүп, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин бекитти. Баштапкы он орундагы талапкерлер: 1. Канат Исаев, партиянын жана фракциянын лидери; 2. Талант Мамытов; 3. Нурбек Алимбеков; 4. Наталья Кулматова; 5. Азиз Турсунбаев; 6. Руслан Чойбеков; 7. Дастанбек Жумабеков; 8. Чолпон Султанбекова; 9. Шаршенбек Абдыкеримов; 10. Данияр Толонов. Жогорку Кеңештин жетинчи... Читать дальше...
Кыргыз бийлиги коронавирустан каза болгондорду кайра эсептеп чыгып, мурдагыга караганда 437 кишиге азайтты.
19-августта «Замандаш» партиясы кезектеги жыйынын өткөрүп, парламенттик шайлоо алдындагы платформасы талкууланып, программасы түзүлдү. Ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмеси түзүлдү. Баштапкы он орунга кирген талапкерлер: 1. Мелис Турганбаев; 2. Чынара Шейшекеева; 3. Умбеталы Кадыралиев; 4. Нурлан Абдыкалыков; 5. Айсулуу Мамашова; 6. Мавлян Амракунов; 7. Имамидин Ташов; 8. Элмурза Сатыбалдиев; 9. Улукбек Ормонов; 10. Алмаз Акматов. Буга чейин «Бир Бол»... Читать дальше...
Бишкек шаардык соту 20-августта Улуттук тарых музейи жана Чолпон-Атадагы ипподромдун курулушу боюнча чечим чыгара турганы күтүлүп жатат. Бул тууралуу айыпталып жаткандардын бири, мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаты Бакытбек Автандил уулу "Азаттыкка" билдирди. Маалыматка караганда, шаардык сот 19-августта айыпталып жаткандардын аппеляциялык арызын онлайн карады. Сотко аралыктан катышкан айыпталуучулардын бири Сапар Исаков сөз сүйлөп, өзүнө жана президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү... Читать дальше...
Айрым өлкөлөр карантиндик чектөөлөрдү кайра киргизди. Трамп менен Ардерн кайым айтышса, ДССУ вакцинаны тең бөлүштүрүүгө чакырды.
АКШда Демократиялык партия Жо Байдендин талапкерлигин президенттикке расмий көрсөттү.
Өзбекстандын Куралдуу күчтөрүнүн мурдагы офицери, укук коргоочу Чуян Маматкулов сотко доо арыз менен кайрылды. «Саясий туткун» деп таанылган укук коргоочу 18-августта «Азаттыктын» өзбек кызматындагы маегинде кылмыш иши толугу менен токтотулганын жүйө кылып, бийликтен кенемте талап кылып жатканын айтты: «Бул кылмыш ишинин алкагында 880 күн темир тордун артында мыйзамсыз отурдум. «Жаслык» колониясында көптөгөн психикалык кысымга жана ур-токмокко кабылдым. Мени жашы жете элек балдарыман ажыратышты. Читать дальше...
Пандемияда түзүлгөн кырдаал айрымдарды жумушсуз калтырса, кээ бирөөлөрдү жаңыча изденип, жаңы идеяларды ишке ашырууга түрттү. Баткен районунун тоо арасындагы Кыштут айылынын тургундары элдин алыска эс алууга бара албай калган абалынан пайдаланып, ички туризмди жандандырууну колго алышты. Алар айылдагы кызыктуу уламышка бай кооз жаратылыш аймагына эс алуу жайларын куруп жатышат. Негизги киреше Орусиядагы мигранттардан келип турган бул айылда эми туризмден пайда табуу аракети башталды.
Бишкекте камалган өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаевдин адвокаттары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлеринин үстүнөн Башкы прокуратурага арыз беришти. Буга Абдуллаев менен бир аптадан бери жолуга албай жатышканы себеп болгонун адвокаттардын бири Тимур Султанов «Азаттыкка» билдирди. Жактоочулардын айтымында, УКМКнын кызматкерлери муну аларга пандемияга байланыштуу санитардык нормалардан улам убактылуу ушундай чара көрүлүп жатканы менен түшүндүрүшкөн.... Читать дальше...
Кыргызстанда парламенттик шайлоону COVID-19 пандемиясынын убагында өткөрүүдө саясий партиялардын жоопкерчилиги жогору. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов 19-августтагы онлайн брифингде билдирип, саясий партияларды санитардык эрежелерди сактоого чакырды: «Өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал турукташып калды, бирок айрым райондордо абал дагы эле курч. Бул шартта бардык тарап, анын ичинде жагдайды мындан ары да жакшыртуу маселесинде саясий партиялар жоопкерчиликтүү болууга тийиш. Жарандык... Читать дальше...