Коррупция күч алган өлкөлөрдө чиновниктер семиз болору аныкталды, вирус Борбор Азиядагы адамдардын интеллектуалдык өнүгүүсүн бир топко кечеңдетет, Британияда пандемиядан улам мусулмандарды кодулоо күч алды.
Президент Сооронбай Жээнбеков 8-августта КТРКнын «Биринчи радиосуна» берген кезектеги маегинде Кыргызстанда административдик-аймактык "реформа жүргүзүлөт" деп билдирди. «Административдик-аймактык реформа боюнча өтө көп айтылып келген. Буюрса, болот. Буга биз даярбыз», - деген президент мындай реформа буга чейин ар кандай себептер менен жүргүзүлбөй келгенин айтты. «Парламенттик шайлоо өткөн соң бул реформага киришебиз. Ошондо бири-бирин кайталаган бир топ мамлекеттик органдар жоюлуп, өзгөрүүлөр жана кыскартуулар болот». Читать дальше...
Болгариянын борбору Софияда 7-августтун кечинде 5000дей демонстрант премьер-министр Бойко Борисовдун өкмөтүнүн отставкасын талап кылып, кайра көчөгө чыгышты. Алар 30 күндөн бери кечинде чогулуп жатышат. Европанын эң жакыр өлкөсү деп эсептелген Болгарияда көп жылдан бери биринчи жолу эң чоң толкундоо болду. 29-июлдан 1-августка чейин демонстранттар Софиянын борборунда негизги үч көчөнүн кесилишин ээлеп, чатырларды тигип тосуп алышты. Мындай тосмолор Пловдив шаарында жана Кара деңиздин жээгиндеги Варна калаасынын портунда да коюлуп... Читать дальше...
Президент Сооронбай Жээнбеков инфекциянын экинчи толкунуна даяр болуу үчүн чара көрүлүп жатканын 8-августта КТРКнын «Биринчи радиосуна» берген маегинде билдирди. Жээнбеков аймактардагы ооруканаларды кошумча орундар менен камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымат берди. Анын айтымында, азыр 12 объектиде жумуш жүрүп жатат. Аймактарда жайгашкан тогуз оорукана капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө. «Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы "бул оору качан токтойт, биз дагы айта албайбыз" деп ачык айтты. Читать дальше...
9-августта көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Кээ бир райондордо жаан катуу болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 20 метрге жетет. Абанын температурасы: Нарын облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 21...26; Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 10...15, күндүз 20...25; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17...22, күндүз 29...34; Талас жергесинде түнкүсүн 13...18, күндүз 25...30; Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16...21, күндүз... Читать дальше...
Кыргыз коомунда жашы жете элек кыздарды күйөөгө берген көрүнүш токтобой келет. Өлкө мыйзамында кызды жашы жете элек куракта мажбурлап күйөөгө берүү, ала качуу үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылары жазылган. “Аялзат” түрмөгүндө бул жолу эрте турмуш курган келиндердин тагдырына токтолобуз. Белгилүү себептерден улам каармандардын аты-жөнү өзгөртүлдү. “Тиш догдур болгум келчү...” Айжамал 9-класста окуп жатканда апасы кырсыкка кабылып, каза болгон. Атасы менен жалгыз калган кызды туугандары 16 жашында эле кудалап... Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Күзөт кызматынын 3-батальонунун командири, милициянын подполковниги жана анын орун басары, милициянын лейтенанты 8-августта кол алдындагылардан акча алган учурда кармалганын билдирди. Маалыматка караганда, бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине 326-берененин экинчи пункту ("Пара талап кылуу") менен каттоого алынган. Сотко чейинки териштирүүдө кармалгандар кол алдындагылардан жумуш ордунда калтыруу үчүн 2000 доллар талап кылганын... Читать дальше...
Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясы төрт күндүк алдын ала шайлоого шайлоочулардын 32,24% пайызы катышканын жарыялады. Маалыматка караганда, алдын ала шайлоодо добуш берген шайлоочулар 6 834 081 кишини түздү. Өлкөнүн Башкы прокуратурасы байланыш жана маалыматташтыруу министрине кайрылып, добуштарды эсептеген "Голос" көз карандысыз сайтынын ишин чектөөгө чакырды. Буга чейин президент Александр Лукашенко сайттын мыйзамдуулугун текшерип чыгуу керектигин айткан. Боршайкомдун төрайымы добуштарды... Читать дальше...
Кыргызстанда профессор, микрохирург Мырзабек Матеев пневмониядан кайтыш болгонун Улуттук госпитал билдирди. Мырзабек Матеев 1959-жылы Кара-Балта шаарында туулган. Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын аяктагандан кийин эмгек жолун ооруканаларда иштеп баштаган. 1994-жылдан тартып өмүрүнүн акырына чейин Улуттук госпиталда эмгектенип, пластикалык микрохирургия бөлүмүн жетектеген. Кыргыз-орус славян университетинин хирургия кафедрасынын профессору. Эл аралык маанидеги сертификаттардын ээси. Читать дальше...
"Эйр Индиа Экспресс" авиакомпаниясынын Дубайдан чыккан "Boeing 737" учагы 7-августта Индиянын түштүк батышындагы Керала штатындагы аэропортко конуу учурунда кулап түшкөн. Кырсыктан 18 киши каза болуп, 136сы ар кандай жаракат алышты. Бортто экипажды кошкондо 191 киши болгон. Жүргүнчүлөрдүн көбү Дубайдан мекенине кайткан индиялыктар. Кырсык тартылган видеолордо учактын конуу тилкесинен чыгып кеткени көрүнөт. Бул учактын чыкканына 13 жыл болгону айтылды.
Кыргыз журналистикасынын чыгааны Бүбүкан Досалиеванын дүйнөдөн кайтканына 40 күн болду. Ал 5-июлда капысынан келген илдеттен улам көз жумган. 20 жылдай өмүрүн "Азаттык" радиосуна арнаган журналист, продюсер, редактор Бүбүкан Досалиева акыркы жолу "Бийлик сырлары" берүүсүндө Кыргызстандын Баатыры, академик Мамбет Мамакеев менен маек уюштурган.
Кыргыз өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаевдин кызматтан кеткенин мекеменин басма сөз кызматы 8-августта ырастады. Маалыматка караганда, Жылкыбаевдин кызматтан кетиши анын алдыдагы парламенттик шайлоого катыша турганы менен байланыштуу. Өкүлчүлүк Узарбек Жылкыбаевдин кайрылуусун да жарыялады. Анда ал мындан аркы саясий ишмердүүлүгүн бийликтин мыйзам чыгаруу бутагында улантууну туура көргөндүктөн, кызматтан кетүүнү чечкенин айткан. Ушул эле күнү өкмөт премьер-министр... Читать дальше...
Акыркы маалыматка караганда, Ливандын башкалаасы Бейруттагы жардыруудан 154 киши каза болду. Ливандын Саламаттык сактоо министрлиги жардыруудан жаракат алган 5 миң кишинин ар бир бешинчиси дарыланууга муктаж экенин, 120 адамдын абалы өтө оор экенин билдирди. БУУнун эсебинде, кандуу окуяда Бейруттун 300 миңдей жашоочусу турак жайынан айрылды, алардын 80и балдар. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жабыркагандарга тез арада бериле турган жардам 15 миллион долларга бааланарын кабарлады. 4-августтун... Читать дальше...
Кыргызстанда быйыл мамлекеттин эсебинен китеп басып чыгарууга 16 миллион сом бөлүнүп жатат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады.
Коронавирустан айыккан бейтаптарда белгилер эки айга чейин сакталышы мүмкүн. Бул тууралуу пульмонолог Талант Сооронбаев 7-августтагы брифингде билдирди. Анын айтымында, оорудан айыгып чыккан адам вирусту экинчи жолу кайра жугузуп алган учурлар катталган эмес, бул адамда иммунитеттин пайда болушу менен байланыштуу. Бейтап дарыланып чыккандан эки жумадан кийин башка адамга вирус жуктурат деген коркунуч жок. Бирок симптомдор жүрө бериши ыктымал. "Мисалы, алсыздык, көкүрөк оорусу, баш оорусу жана башкалар. Читать дальше...
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкери Майрамбек Молдобеков 7-августта өпкөсүнөн кагынып (пневмония) каза болду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 52 жаштагы Молдобеков 2019-жылдан бери Мамлекеттик салык кызматынын Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) алкагындагы кыйыр салыктар менен иштөө боюнча Чүй жана Талас облустарындагы башкармалыгын жетектеп келе жаткан. Ал 1968-жылы Талас облусунда туулган. Мамлекеттик салык кызматы коронавирустун кесепетинен июнь-июль айларында... Читать дальше...
Кыргызстанда бир сутка ичинде COVID-19 илдети 425 кишиден лабораториялык жол менен жаңы аныкталды. Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова 7-августтагы брифингде билдиргендей, алардын 124ү Бишкекте катталды. Жалал-Абад облусунда – 78, Ош облусунда - 47, Баткен облусунда - 45, Ысык-Көл облусунда – 41, Чүй облусунда – 36, Ош шаарында - 31, Нарын облусунда – 16, Талас облусунда жети кишиден коронавирус табылды. Кыргызстанда COVID-19 пандемиясы башталган март айынан бери илдет расмий аныкталган учурлар 39587ге жетти. Читать дальше...
Кыргызстанда бир сутка ичинде өпкөнү сезгентүүчү COVID-19 вирусунан тогуз киши кайтыш болду. Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова 8-августтагы брифингде билдиргендей, каза болгондордун төртөө Бишкекте, экөө Баткен облусунда, бирөө Ысык-Көлдө, бирөө Ош облусунда, дагы бири Нарын облусунда катталды. Өлкөдө коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери вирустун курмандыктарынын жалпы саны 1460ка жетти.
Атамекендик спортчу октагондо бразилиялык Женнифер Майя менен кез келет. Бул Шевченконун ушул жылдын эсебинен экинчи кармашы болмокчу.
Түркия жана Бириккен Араб Эмираттары карантинден бери биринчилерден болуп Кыргызстан менен туруктуу авиа каттамдарын жандандырды.
Жазаларды аткаруу боюнча мамлекеттик кызмат (ЖАМК) №1 колониянын медициналык-санитардык бөлүмүнүн башчысы баңгизат киргизүүгө аракет кылган учурда кармалганын 7-августта билдирди. Маалыматка караганда, жетекчинин баштыгын текшерүү учурунда 2 килограмм 975 грамм баңгизат алынган. Окуя 7-августта эртең менен болгон. Бул факты маалыматтарды каттоо журналына катталып, ЖАМКнын Тергөө бөлүмү иликтөө-тергөө иштерин жүргүзүп жатканы кабарланды. (NT)
Беларус бийлиги "Настоящее Время" телеканалынын үч кызматкери - Юрий Баранюк, Ирина Ромалийская жана Иван Гребенюкту өлкөдөн чыгарды. Үч журналист тең депортацияланып, өлкөгө киришине 10 жылга тыюу салынды. Бийликтин чечими менен журналисттер Украинанын Одесса шаарына жөнөтүлдү. Ромалийская менен Гребенюк Украинанын, Баранюк Орусиянын жараны. Алар 7-августта Беларус баш калаасындагы "Минск" мейманканасында кармалган. Журналисттер Беларуска жекшембиде өтчү президенттик шайлоонун жүрүшүн чагылдырганы барышкан. Читать дальше...