Бишкекте сууга жана сууну бөлүштүрүүгө (канализация) тариф жогорулашы мүмкүн. Шаардык кеңеш буга байланыштуу токтомдун долбоорун коомдук талкууга чыгарды. 4-июлда чыккан долбоордо таза суунун бир куб метрин жеке адамдар үчүн 5,38 сомдон 8,1 сомго кымбаттатуу каралган. Бюджеттик уюмдар үчүн 7,38 сомдон 9,1 сомго, ал эми башка уюмдар үчүн 9,15 сомдон 13 сомго чейин жогорулашы мүмкүн. Мындан сырткары Шаардык кеңештин депутаттары каналазацияга болгон тарифти 1,2 сомдон 2,3 сомго чейин көтөрүүнү сунуштап жатат. Читать дальше...
Түштүк Азия өлкөлөрүндө нөшөрлөп жааган жаандан жана суу ташкындын кесепетинен 100дөн ашуун адам өлдү, миллиондогон киши турак-жайсыз калды. Табигый кырсыктан айрыкча Индия, Непал жана Бангладеш катуу жабыркады. Индия өкмөтү Ассам штатында төрт миллиондой адам там-ташын таштай качууга аргасыз болгонун кабарлады. Өлкөнүн армиясы үйсүз калгандарга убактылуу чатырлар тигилгенин билдирди. Бул чөлкөмдөгү быйылкы жаанчыл мезгилдин башталышы гана. Келаткан аптада кара нөшөр жана анын чыгымы да күчөшү мүмкүн. Читать дальше...
Орусиялык Николай Латухин Түндүк Муз океанына караштуу аймакта эмгектенет. Жыл сайын күн ысыганда ал Соловецк аралдарынын бирине барып, Ак деңиздин түбүндөгү өсүмдүктөрдү чаап чогултат. Чогултканын комбинатка тапшырат. Цивилизациядан алыс, шарты катаал бул жерге ал жумуш жоктугунан барып калганын айтат. "Настоящее время" долбоорунун кабарчысы Вадим Кондаковдун даректүү тасмасы.
Бишкектин Лермонтов көчөсүндө жайгашкан “Тааттан” базарындагы өрт толугу менен өчтү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Министрликтин алдын ала маалыматына караганда, соода борбордо таштанды күйгөн. Өрттү өчүрүүгө эки автоунаа тартылып, тилсиз жоо саат 14:00дөн өтүп өчүрүлгөн. Анын себептери жана чыгымы тууралуу так маалымат айтыла элек. (КЕ)
Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Кошмо Штаттары Ирандын тышкы иштер министринин жүргөн-турганына чектөө койгонуна тынчсыздануу билдирди. 14-июлда министр Мохаммад Жавад Зариф БУУнун жыйынына катышуу үчүн Нью-Йоркко барган. Зарифке БУУнун жана Ирандын өкүлчүлүктөрүнүн кеңселерине, Кеннеди аэропортуна барчу жолдо гана жүрүүгө уруксат берилгенин АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлү билдирген. Америкалык аткаминер “зыяндуу пропагандасын жайылтуу үчүн АКШдагы эркиндикти колдонууда" деп Зарифти айыптады. Читать дальше...
Депутатка кол көтөргөн Базар-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Теңирберди Жолдошев жумушунан четтетилди. Бул тууралуу “Азаттыкка” райондук администрациядан билдиришти. Маалыматка караганда, Базар-Коргон райондук соту 13-июлда Теңирберди Жолдошевди сотко чейинки өндүрүш иштери аяктаганга чейин жумуштан четтетүү тууралуу чечим кабыл алган. Ага ылайык район акиминин буйругу менен Жолдошев кызматынан убактылуу бошотулду. Базар-Коргон айылдык кеңешинин депутаты Элдияр Жуманазаров ден соолугуна зыян келтирип... Читать дальше...
Чаткал районунун Каныш-Кыя айылында Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болуп турганда убада берген спорт залдын курулушу баштала элек. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев райондун эли менен жолугуп жаткан учурда айыл тургуну Тынарбек Сапарбек уулу билдирди. Анын айтымында, эки жыл мурун ошол кездеги өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Чаткалда эл менен жолугушкан учурда, тургундар бул аймакта спорт комплекси жоктугун айтып кайрылышкан. “Ал киши биздин суранычыбызды орундатып... Читать дальше...
Украинада «Украин тилин мамлекеттик тилге айлантуу тууралуу» деп аталган мыйзам бүгүн, 16-июлда күчүнө кирди. Документти Жогорку Рада быйыл апрель айында кабыл алып, май айында ошол кездеги президент Петро Порошенко кол койгон. Документке ылайык, украин тили өлкөдөгү жалгыз мамлекеттик тил болуп эсептелет. Аны колдонууну чектөөнү каалагандар жоопко тартылат. Ошондой эле украин тилине коомдук турмуштун бардык тармактарында артыкчылык берилиши керек. Бирок жеке сүйлөшүүлөр менен диний жөрөлгөлөргө бул мыйзамдын тиешеси жок. Читать дальше...
Орусияда азык-түлүк кымбаттап, калк тапканынын дээрлик жарымын күнүмдүк тириликке жумшап жатат. Кымбатчылык эпкини мигранттарга да жетти.
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Орусиядан С-400 үлгүсүндөгү зениттик-ракеталык комплекс толугу менен 2020-жылы жазында ташылып бүтөрүн билдирди. Стамбулда 15-июлда түрк президенти мындан үч жыл мурдагы кандуу окуяларды эскерүү учурунда комплекстин бир бөлүгүн сегиз учак алып келгенин, жакынкы күндөрү дагы жүк келерин жарыялады: "Кудайдын колдоосу менен комплекс толугу менен апрель айында орнотулуп калат",- деп Эрдогон. Мунун алдында Түркия Орусиянын С-400 зениттик-ракеталык системасын... Читать дальше...
Франциянын президенти Эммануэль Макрон ушул аптада Ирандын президенти Хасан Рухани, АКШ президенти Дональд Трамп жана Орусиянын президенти Владимир Путин менен аймактагы чыңалууну азайтуу максатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрүн билдирди.
Бишкек мэриясы “Ак-Кула” ат майданын жаңылоо үчүн эскиздик-долбоорго архитектуралык сынак жарыялады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Сынактын шартында Ипподромдун азыркы имаратын бузбай, оңдоп-түзөп, жаңылоо зарылдыгы белгиленген. Концепцияга көрүүчүлөргө отургучтарды көбөйтүү, автомашина токтотуучу жай маселесин чечүү кирет. Байге фонду 500 миң сомду түзөт. Биринчи орун үчүн 200, экинчиге 150 жана үчүнчү орунга 100 миң сом каралган. Мындан сырткары 25 миң сомдон эки кызыктыруучу сыйлыктар бар. Читать дальше...
Орусиялык укук коргоочу Наталья Эстемированын киши колдуу өлгөнүнө 15-июлда 10 жыл толду. Анын кызы жана укук коргоочулар бул кылмышты кылгандар алигиче аныкталбай, жазага тартылбаганына көңүлдү буруп келишет. Алар кылмыш үчүн чечен бийлиги, анын башындагы Рамзан Кадыров жоопкер деп эсептешет.
Өзгөндө эки жашар бала сууга чөгүп кетти. Кырсык райондун Салам-Алик айылындагы эс алуучу жайлардын биринде болгон. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча, бала эс алууга ата-энеси менен келип, бассейнге түшүп кеткен. Маалыматка ылайык, баланы суудан чыгарып алышканы менен врачтар келгенче чарчап калган. Дарыгерлер бул окуя тууралуу милицияга кабарлашкан. Ош облустук ИИБнын маалыматына караганда, окуя бирдиктүү реестрге катталды, текшерүү иштери жүрүп жатат. Читать дальше...
Бишкекте Олимпиада оюндарынын чемпиону Татьяна Калпакованын байгесине арналган жеңил атлетика боюнча мелдеш өтүп, анда беш кыргызстандык атлет - Дарья Маслова, Мария Коробицкая, Адилет Кыштакбеков, Мусулман Жоламанов жана Нурсултан Кеңешбеков алтын медалдын ээси болду.
Экотехинспекциясы кой-козу жапырт кырылып жатканы айтылган Нарындын Солтон-Сары жайлоосундагы сууну жана топуракты текшерди. Аталган мекеменин Тоо-кен башкармалыгынын башчысы Жолдош Нурмамбетовдун “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, текшерүүнүн жыйынтыгы таза чыккан. Анын айтымында, инспекциянын өкүлдөрү ошол аймакта кен иштеткен “Jhong ji Mining” компаниясын текшерүүгө барышарын кошумчалады. "Биз эртең ошол жакка чыгып жатабыз. Мурдагы анализ боюнча топурак менен суу таза чыккан. Бул... Читать дальше...
Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу Бишкек-Медина багыты боюнча 16-июлдан 17-июлга караган түнү жөнөп кетишет. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Аларды аба майдандан муфтий Максат Токтомушев, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын өкүлдөрү баш болгон ажылар узатат. Бишкек шаарынан учуучу 392 ажыны сегиз ажы башчы коштоп барат. Муфтият буга чейин Курман айттын болжолдуу датасын 10-11-августка белгилеген. Так дата 6-августтан кийин, айды кароо жөрөлгөсүнөн соң болот. Читать дальше...
Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча кеңеши токтом кабыл алуу менен Американын уюмга мүчө мамлекетерге каршы жарыялаган санкцияларын айыптады.
Бириккен Араб Эмирлигинин вице-президенти, Дубайдын эмири шейх Мохаммед ибн Рашид ал-Мактумдун алтынчы аялы Хайя бинт ал-Хусейн качып кеткенден кийинки эл аралык жаңжал ырбады.
Тажикстандын Исфара шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселеси боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар чек аранын сызыгын жумушчу түрдө чийишип, жаңы сунуштарды талкуулашты. Анда Баткен облусунун Баткен районундагы айрым чек ара участокторун жеринде текшерүү жөнүндө макулдашылды. Маалыматта сүйлөшүүлөр өз ара түшүнүү жана достук маанайда өткөнү белгиленген. Читать дальше...
Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси, камактагы Икрамжан Илмияновдун иши Октябрь райондук сотунда 31-июлда каралмай болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлады. Ага карата козголгон кылмыш ишинин материалдары сотко жиберилгенин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 3-июлда билдирген. Маалыматка караганда, Илмиянов алдамчылык менен 150 миң доллар акча каражатын мыйзамсыз ээлеп алган деп айыпталып жатат. 10-июндагы тергөөнүн жыйынтыгына ылайык... Читать дальше...
Интернетте Нурмагомедовдун бөтөлкөнү колунун кыры менен уруп ачып жаткан видеосу тарады.
Ош шаарында муниципалдык транспортто электрондук билет албай, накталай төлөгөн жүргүнчүлөрдүн жол киреси кымбаттады. Бул айрым жүргүнчүлөрдү нааразы кылды. Мэрия муну электрондук билет системасына өткөрүү менен түшүндүрүүдө.
Мьянманын бир топ тургундары муссондук жамгырлардан улам үй-жайларын таштоого аргасыз болушту.
Американын геологиялык борбору Австралиянын батыш тарабында күчү 6,9 баллга жеткен жер титирөө катталганын билдирди.