Орусиялык Николай Латухин Түндүк Муз океанына караштуу аймакта эмгектенет. Жыл сайын күн ысыганда ал Соловецк аралдарынын бирине барып, Ак деңиздин түбүндөгү өсүмдүктөрдү чаап чогултат. Чогултканын комбинатка тапшырат. Цивилизациядан алыс, шарты катаал бул жерге ал жумуш жоктугунан барып калганын айтат. "Настоящее время" долбоорунун кабарчысы Вадим Кондаковдун даректүү тасмасы.