Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп «Твиттерге» Конгресстеги демократ аялдар тууралуу жазган билдирүүсүнөн кийин кескин сынга кабылды. Демократтар аны расизм үчүн айыптап жатышат. «Өздөрү өкмөтү толук бечел, жемкорлукка баткан, колдорунан эч нерсе келбеген мамлекеттерден чыккан Конгресстеги «прогрессивдүү» демократ аялдар Кошмо Штаттардын элине, дүйнөдөгү эң улуу жана кубаттуу өлкөнүн бийлиги кантип иштеши керек экенин айтып жатышканына көз салуу кызык» деп жазган Трамп. Ал Конгресстеги аялдардын тобуна ата-бабаларынын жерине барып... Читать дальше...
Тажикстандын чыгышындагы Сангвор районунда селден улам көпүрө бузулуп, үйлөр жана жолдор суунун алдында калды. “Азаттыктын” тажик кызматы кабарлагандай, табият кырсыгы бир нече үйдү кыйратып, жер-жемиш, эгин талааларын жууп кетти. Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу комитети чыгымды баалоо үчүн атайын топ түзүп, аймакка жөнөттү. Жабыркагандар жок. Комитет өткөн аптада аба ырайы өтө ысый турганын эскертип, жарандарды этият болууга чакырган. Мекеме тоолуу аймактарда кар, муз эрип, суу кириши мүмкүн экенин билдирген. Читать дальше...
Жогорку сот «Ата Мекен» партиясынын түрмөдөгү лидери, учурда Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунда дарыланып жаткан Өмүрбек Текебаевдин ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу бүгүн, 16-июлда карап чыгат. Отурум кечки саат төрткө белгиленгенин партиянын юристи Таалайгүл Токтакунова «Азаттыкка» билдирди. Өмүрбек Текебаевдин жана аны менен кошо соттолгон мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш ишин жаңы ачылган жагдайлардын негизинде кайра кароону юристтер буга чейин да өтүнүп... Читать дальше...
Москвада Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) Конституциялык түзүмдү коргоо жана терроризмге каршы күрөш башкармалыгынын эки офицери көз боёмочулукка шек саналып камакта отурушат. РБК каналы булактарына таянып билдиргендей, алар "Moscow Holiday Hotel" мейманканасына байланышкан чоң алдамчылыкка аралашканы айтылууда. Экөө апрелде кармалганы менен маалымат 14-июлда гана ачыкка чыкты. Москванын гарнизондук соту бул фактыны тастыктап, офицерлердин аты-жөнү Сергей Богданов жана Сергей Иванов экенин маалымдады. Читать дальше...