Ирандын 2015-жылы түзүлгөн өзөктүк программасына кол койгон Европа мамлекеттери Тегеранды уран байытуунун деңгээлин көтөрүү тууралуу чечимин кайра карап көрүүгө жана келишимге кол койгон бардык мамлекеттерди тез арада чогулууга чакырды. 9-июлдагы биргелешкен билдирүүсүндө Германия, Британия, Франция жана Европа Биримдиги Ирандын келишимдеги айрым милдеттенмелерин аткаруудан баш тартканына терең кабатырлануусун билдирген. Алар билдирүүдө Иран келишимден чыкпоону каалай турганын да белгилеп, тараптарды... Читать дальше...
Аксы районунун Кош-Дөбө айыл өкмөтүндө 9-июлда сел жүрдү. Мундуз жана Жаңгак айылдарында 20дан ашык үй сел каптоо коркунучуна кептелгенин жергиликтүү жашоочулар билдиришти. Маалыматка караганда, Бозбу тоосу тараптан келген сел ички жолдорду жууп кетти. Катуу жүргөн сел жергиликтүү тургундун машинесин да агызып кеткени кабарланды. Азыр Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жеринде иштеп жатат.
Ысык-Көл облусундагы жол кырсыгында чырактай болгон төрт жигиттин өмүрү кыйылды. Анда Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу да жабыркаган.
Орусиянын президенти Владимир Путин парламенттин Грузияга каршы санкция салуу боюнча сунушун колдобой турганын билдирди. Ал «бузукулардын чагымына жооп кылганча, чыңалган мамилени оңдоону маанилүү» деп эсептей турганын айтты. Путин бул тууралуу парламент бир добуштан өкмөткө Грузияга каршы экономикалык санкцияларды киргизүүнү сунуш кылган резолюция кабыл алгандан кийин кеп кылды. 9-июлда Санкт-Петербургда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Путин «грузин элине сый-урматынан улам Грузияга санкция салуудан оолак» болорун айтты. Читать дальше...
Европа Кеңешинин төрагасы Дональд Тусктун айтымында, Евробиримдик Армения менен Азербайжандын ортосундагы көптөн бери келе жаткан Карабак маселесин чечүүнүн жалгыз жолу – аны эл аралык принциптерге ылайык жөнгө салуу деп эсептейт. Бул тууралуу Дональд Туск 9-июлда Бакуда Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен жолуккандан кийин билдирди: - Евробиримдик Азербайжандын эгемендигин, өз алдынчалыгын жана аймактык бүтүндүгүн колдойт, - деди Туск. - Аймактагы туруктуулук тууралуу айтканда, биз Тоолуу Карабак маселесин да талкууладык. Читать дальше...
Финполиция «Азаттыктын» иликтөөсү боюнча текшерүүнүн алгачкы жыйынтыгын жарыялады. Анда Кыргызстандан 647 млн. доллар чыгарылып кеткенин тактады. Ысмайыл Матраимов атындагы фондго 1,4 млн доллар сырттан которулганын билдирди.
Турнирге Кыргызстандан тогуз спортчу аттанган.
Расмий Вашингтон менен Лондондун ортосунда дипломатиялык жаңжал чыкты.
16-июлда сот Өмүрбек Текебаевди түрмөдөн чыгарбаса «Ата Мекен» партиясы толугу менен оппозицияга өтөт. Бул тууралуу «Эки бир» берүүсүндө Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикери, «Ата Мекен» партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Асия Сасыкбаева билдирди. Ал өлкөдөгү саясий абал, камактагы партиялаштары жана коомдогу курч маселелер боюнча пикири менен бөлүштү. Асия Сасыкбаева менен Бурулкан Сарыгулова жана Бакыт Асанов маектешти.
Аида Салянованын абалы соңку эки күндө оорлоп кетти, ал кыйноого кабылууда деп айтса болот. Бул тууралуу бүгүн 9-июлда “Азаттык” радиосуна анын адвокаты Рабига Сыдыкова билдирди: - Мен бүгүн Аида Жеңишбековнаны көрүп, зээним кейип турат. Эки күн мурда көргөм, андан бери ден соолугу аябай начарлап кетиптир. Себеби аны аягына чейин дарылабай, доктурдан шашылыш түрдө чыгарып жиберишкен. Албетте, доктурларга ИИМдин кызматкерлери басым жасашкан. Ушинтип доктурларды да саясатка аралаштырып жатышат. Адвокаттын айтымында... Читать дальше...
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Ички иштер министрлигине суракка келген жок.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына суракка барган жок. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна анын өкүлдөрү кабарлашты. Ал эми министрликтин басма сөз кызматы бул тууралуу маалыматы жок экенин билдирүүдө: - Тергөө кызматы бизге азырынча эч кандай кагаз берген жок. Болгон маалыматтын баары сайтыбызда турат, - деди ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Карима Аманкулова. Милиция кызматкерлери чакырууну Атамбаевге 8-июлда Кой-Таш айылындагы үйүнө жеткирип беришкен. Читать дальше...
«Депутат Алиярбек Абжалиевдин уулу Темирлан Токобеков Ысык-Көлдө төрт адамдын өмүрүн алган жол кырсыгына күнөөлүү эмес» деп анын туугандары 9-июлда «Азаттыкка» билдиришти. Өзүн Каныбек Жакшыбаев деп тааныштырган адам Токобеков рулда болбогонун, айдоочунун жанында отуруп баратканын айтты. Кырсык 7-июлда таңга жуук Бактуу-Долоноту айылында болгон. «Lexus» жана «BMW Х7» машинелери кагылышып, «Lexus» автоунаасындагы үч киши ажал тапкан. Ошол эле кырсыктан жабыркаган бир адам реанимацияга түшкөн. Читать дальше...
Гонконгдун башчысы Кэрри Лэм кылмышка шектүү жарандарды Кытайга экстрадициялоого жол ачкан мыйзамды "өлүк" деп атады. Дохадагы кезектеги жыйында "Талибан" менен ооган коомунун өкүлдөрү Ооганстандын "жол картасын" түзүү тууралуу макулдашууга жетишти. Иркутскиде суу ташкындан жапа чеккендер үйлөрүнө кайтышууда.
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн 9-июлда Швейцариянын президенти Ули Маурердин чакыруусу боюнча бул өлкөгө расмий сапар менен барды. Жээнбеков өлкө башчысы менен жолугушуудан тышкары Федералдык жыйындын Улуттук кеңешинин төрагасы Марина Кароббио Гушетти жана Улуттук банктын төрагасы Томас Йордан менен жолугушат. Экономика, финансы, туризм, аймактарды таза суу менен камсыз кылуу жана башка чөйрөдөгү документтерге кол коюлат. Кыргыз президенти Швейцариянын ири бизнес өкүлдөрү менен жолугат, ага Кыргызстандан барган ишкерлер катышат.
Кыргызстандык жаш балбан Бакдаулет Эгембердиев күрөш боюнча уландар жана кыздар арасындагы (кадеттер) Азия чемпионатында алтын медаль тагынды. Биргелешкен Күрөш Дүйнөсү (UWW) уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Азия чемпионаты 4-июлдан 7-июлга чейин Казакстандын Нур-Султан шаарында өтүп, байгелер грек-рим күрөшү, эркин күрөш жана кыздар күрөшүнөн ойнотулду. Эгембердиев 5-июлда грек-рим күрөшүнөн 71 килограмм салмакта күч сынашты. Алгач чейрек финалда жапониялык Лори Кошибаны, жарым... Читать дальше...
Иран менен Япониянын дипломаттары Токиодо аймактык жана эл аралык уюмдардын алкагында укуктук кызматташтыктарды бекемдөө боюнча сүйлөшүштү.
Казакстандык активисттер коомдук жайларда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн шарт жок экенин тизмелеп жатат. Эмне үчүн сууга чөккөн адамдардын саны азайбайт? Түгөйлөрдүн ажырашуусу Казакстанда чоң көйгөйгө айланды. Дүйшөмбүлүктөр бекер Интернетке ээ болду. Хрустал кыздын жашоосу кыйын. Вьетнамдык сноубордист өз өлкөсүндө кышкы оюнду жайылтууда.
Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков Швейцарияга үч күндүк расмий иш сапары менен барды.
Кыргызстандык балбан Акылбек Талантбеков бүгүн, 9-июлда Тайланддын Чонбури шаарында башталган күрөш боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионатында күмүш медаль тагынды. «Биргелешкен күрөш дүйнөсү» (United World Wrestling) уюмунун расмий сайтындагы маалыматка ылайык, Талантбеков грек-рим күрөшүнөн 77 килограммга чейинки салмакта килемге чыкты. Алтын байге үчүн таймашта Талантбеков ирандык Мохамед Азиз Нагхоси менен күч сынашты. Алгач, үч упайлык ыкма жасап Талантбеков алдыга чыккан. Кармаштын экинчи бөлүгүндө ирандык балбан көтөрүп чаап... Читать дальше...
«Ата Мекен» партиясы мындан аркы саясий позициясын лидери Өмүрбек Текебаевдин сотунун жыйынтыгына жараша аныктайт. Бул тууралуу 9-июлда «Азаттыкка» партиянын саясий кеңешинин мүчөсү, Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикери Асия Сасыкбаева билдирди: - 16-июлда көрөбүз. Эгерде ошол күнү лидерибизге карата адилет чечим болбосо биз оппозицияга кетебиз. Кыргызстандын Жогорку соту «Ата Мекендин» лидери Өмүрбек Текебаевдин ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу 16-июлда кайра карайт. Юристтер бул... Читать дальше...
Кыргызстанда жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуунун биринчи туру башталды. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, эки күн талондор кабыл алынып, 11-июлда экземенге уруксат алгандардын тизмеси жарыяланат.
«Улан», «Ак илбирстин тукуму», «Кызыл алма», «Бакайдын жайыты», «Биздин балалыктын асманы» өңдүү кинотасмалары аркылуу чыгаан талант атыккан кинорежиссер Төлөмүш Океев тирүү болгондо быйыл күздө 84 жашка чыкмак.
Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмү боюнча өтүп жаткан сотто соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы тааныштырылды. Эксперт Ахунжановдун берген маалыматы боюнча, маркум Мамажакыповдун башына ок оң жагынан кирип, сол жагынан чачылып чыгып кеткен. - Ок атылган кезде Мамажакыпов отурган же жаткан болушу ыктымал, анткени үстүнөн атылган. Баш сөөгү чачырап кеткен. Сөөк табылган жерден маркумдун баш сөөгүнүн жети сыныгы табылды. Мындан тышкары маркумга таандык кашка тиштын сыныгы да алынган. Читать дальше...
Кочкор районунун Ак-Кыя айылында кымыз фестивалы өттү. Ага райондогу жылкычылар катышып, малчылардын майрамы менен коштолду. Иш-чаранын алкагында жакшы ачытылган кымызга байге берилди.