Казакстандын Атырау облусунда мунай-газ компаниясындагы калайман мушташтан кийин Иордания менен Ливиянын жүздөгөн жараны аймактан чыгарылды. 30-июнда Иорданиянын тышкы иштер министри Айман Сафади “Твиттер" баракчасына ”Кудайга шүгүр, алардын баары жакшы. Коопсуздугу корголгон мейманканада жатышат. Бийлик бардык коопсуздук чаралары көрүлдү, жай-жайына түштү деп ынандырды”, - деп жазды. Министрликтин маалымат кызматы Теңгиз кенинде иштеген 107 иорданиялыктын бешөө жеңил жаракат алганын билдирди. Читать дальше...
Британиянын премьер-министри Тереза Мэй менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин Солсберидеги ууланууга байланыштуу сүйлөшүүсү “катаал” жана “абдан ачык” болгонун Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирди. Мэй менен Путин 28-июнда Жапониянын Осака шаарында “Чоң жыйырманын” саммити учурунда жолуккан. Песковдун айтымында, Путин Мэйге бул маселе боюнча “жетишерлик түшүнүктүү” жооп берген. Бирок Крмелдин өкүлү британ премьери "жоопко канааттанганын айта албасын" кошумчалады. Песков ортодогу... Читать дальше...
АКШнын Ооганстандагы чабарманы Залмай Халилзад менен “Талибан" кыймылынын өкүлдөрү 29-30-июнда Катарда сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Сүйлөшүүлөрдүн бул жетинчи айлампасы “чечүүчү” экенин талибдердин өкүлү Сухаил Шахин билдирди. Анда тараптар Ооганстандан чет өлкөлүк аскерлерди чыгарып кетүүнүн мөөнөтүн бекитүүгө, ошондой эле талибдердин чабуулду токтотууга кепилдик беришине көңүл бөлүшөрү күтүлгөн. “Талибан” кыймылы дээрлик 18 жылдан бери Ооганстандагы эл аралык коомчулук тааныган өкмөткө каршы согушуп келет. Читать дальше...
Иркутск облусундагы суу ташкынынан жабыркаган аймакка орус армиясынын жоокерлери жиберилиши ыктымал. Зарыл болсо тилсиз жоо менен күрөшүүгө армияны да тартууну президент Владимир Путин коргоо министри Сергей Шойгуга тапшырганы жекшембиде кабарланды. 25-июнда башталган нөшөрдөн улам калктуу пункттарды суу каптаган. Табият кырсыгынан өлгөндөр жекшембиде беш кишиге жеткенин, эки адамдын дайыны табылбай жатканын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирген. Расмий маалымат боюнча суу ташкындан 351 адам ар кандай жаракат алды. Читать дальше...
Бишкектеги "Медиафорум" имаратынын алдында 3-июлда "эски элитага каршы" тынчтык митинг өтөрүн мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 30-июнда өзүнүн Кой-Таштагы үйүнүн алдында топтолуп турган тарапкерлеринин алдына чыккан учурда билдирди. Ал митингге өзү да катыша турганын айтты. Атамбаевдин тарапкерлери Интернетте келе жаткан шаршемби күнү "Соке болбой калды" деп аталган акция өтөрү тууралуу маалымат таратып жатышат. Анда митингде "эски элита кетип, жаңы элдик лидерлер келсин!" деген чакырык ташталаары жазылган. Читать дальше...
Бишкектин четиндеги Кой-Таш айылындагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнө бүгүн, 30-июнда президенттин кеңешчиси Айбек Азыранкулов барды. Ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Атамбаевге колдоосун билдирди. Кой-Ташка келген себебин акыркы кезде мыйзамсыздык болуп жатканы менен түшүндүрдү. - Баары мыйзам чегинде болушу керек. Азыр элдин нааразылыгын көрүп жатабыз. Мен 2006-жылдан бери КСДП партиясынын мүчөсүмүн. Биз бир команда элек, - деген Азыранкулов быйыл апрелде эмгек өргүүгө чыгып... Читать дальше...
Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнүн короосунда түзүлгөн «элдик штаб» жана басма сөз борбору иштеп жатат. Бул тууралуу Асел Кодуранова жетектеген Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) мүчөсү Алга Кылычов билдирди. 22-июндан бери Алмазбек Атамбаевдин «экс-президент» макамын алууга каршы тарапташтары анын Чүйдүн Кой-Таш айылындагы үйүнө «элдик штаб» ачып, чогулуп турушат. Жогорку Кеңеш 27-июнда Атамбаевден экс-президент макамын алууну колдоду. (TSh)
Сейсмология институтунун маалыматына караганда, 30-июнда саат тогуздар чамасында Ош облусунун аймагында жер титиреди. Анын күчү очогунда 3,5 баллга жетти. Жер титирөө Тогуз-Булак, Арпа-Тектир, Кең-Жылга, Гүлчө айылдарына жакын аймакта болуп, Кара-Шоро, Каблан-Көл, Жаңы-Турмуш айылдарында 3 баллга чейин сезилди. Баштапкы маалымат боюнча эч ким жабыркап, эч нерсе кыйраган жок. (TSh)
Финансылык чалгын кызматы «Азаттыктын» иликтөөсүндө айтылган 700 млн. доллар Кыргызстандан чыгарылып кеткенин ырастады. Бул кызматтын статс-катчысы Чыңгыз Кененбаев бул акча которуу «шектүү» деп эки ирет Ички иштер министрлиги менен Финполицияга маалымат берилгенин тактады: - Ал боюнча 2014-2016-жылдары маалымат бериптирбиз. Аябай чоң акча болуп жаткандыктан шек жаралып, «иликтегиле» деп укук коргоо органдарына кайрылганбыз. Көбүнчө салык төлөнгөн эмес, көптөгөн акча которулуп атат, ал эми алардын жүгүртүүсү кичинекей болуп атат. Читать дальше...
30-июндагы абанын температурасы жогорулашына байланыштуу дарыяларда суу көтөрүлүшү мүмкүн. Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү ыктымал. 1-июлда Кыргызстандын тоолуу аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы: Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 18…23, күндүз 32…37, Талас жергесинде түнкүсүн 14…19, күндүз 29…34, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36, Нарын облусунда түнкүсүн 7…12... Читать дальше...
30-июнда президент Сооронбай Жээнбеков Жайыл районундагы Суусамыр өрөөнүндө өтүп жаткан Кожомкул Каба уулунун 130 жылдык мааракесине катышты. Куттуктоо сөзүндө Жээнбеков Кожомкулдун балбандык даңкын баса белгилеп, улуу инсандын баскан жолунан сабак алышы керек экенин, өлкөдөгү ынтымактын маани-мазмунун белгилеген. Чүй облусунун Суусамыр айыл өкмөтүндө Каба уулу Кожомкул балбандын 130 жылдыгы белгиленип жатат. Иш-чара Суусамырдагы Каракол жайлоосунда улуттук ат оюндары өткөрүлдү. Каба уулу Кожомкул 1889-жылы Суусамыр аймагында туулуп... Читать дальше...
Батыш жана Борбордук Европада бир нече күндөн бери абанын температурасы кескин көтөрүлдү. Бир катар мамлекеттерде күндүн табы рекорддук чекке жетти. Францияда температура жума күнү рекорддук чектен 2 градус ашып, 45,9 градус болду. Польша менен Чехияда күндүн табы рекорддук температурадан ашып, шаршембиде 39 градуска жетти. Жекшембиде Германияда, Польшада жана Чехияда ушундай ысык аптап сакталууда. Эң ысык аба ырайы Франциянын түштүгүндө жана Испанияда болуп жатат. Бул аймактарда бир нече күн катары менен 40 градустан ашты. Читать дальше...
Бетеге кетет, бел калат! Башкарма кетет, эл калат! «Күлкү кербени» түрмөгү кезектеги сатиралык жанытманы сунуш кылат.
Жекшембиде АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Түндүк Корея менен Түштүк Кореянын чек арасында жолугушту. Лидерлер эки корей мамлекетинин демилитаризацияланган аймагында кол алышты. Трамп кызматта турганда Түндүк Кореянын аймагына өткөн биринчи президент болуп калды. Ал Ким менен Түндүк Кореянын аймагына символикалык кадам таштады. Трамп муну «чоң сыймык» деп мүнөздөдү. АКШ президенти жолугушууну «бүткүл дүйнө үчүн улуу күн» деп атап, алар менен Түндүк Кореянын... Читать дальше...
Репрессияга жалаң эле аткаминерлер, кыргыз интеллигенциясынын каймактары эле эмес, жөнөкөй колхозчулар да туш келишкен. Ошондойлордун бири тегирментилик Абдрайым Абдрахманов болгон.
Казакстандын Нур-Султан шаарында уруксат берилген нааразылык акциясында ар кандай саясий чакырыктар айтылды. Митинг өткөрүш үчүн жергиликтүү бийликтен «Байтак-Болашак» экологиялык альянсы уруксат сураган. Нааразылык акциясына катышкандар Казакстанда атом электр станциясынын курулушуна, айыл чарба багытындагы жерлерди сатууга, коррупцияга каршы жана турак жай маселесин чечүү боюнча ар кандай талаптарды коюшту. Ошондой эле саясий чакырыктар да болду. Маселен, жарандык активист Айдын Егеубаев жер... Читать дальше...
Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (24-июнь - 1-июль, 2019-жыл).
Иркутск облусунда суу ташкындан беш киши каза болуп, бир нече адамдын дайыны табыла элек. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазып чыкты. Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үч адам өлгөнүн кабарлаган. Расмий маалымат боюнча кирген суудан 351 адам ар кандай жаракат алды. Алардын 33ү балдар. Учурда 97 киши ооруканага жаткырылды. Бир нече күндөн бери тынбай жааган нөшөрдөн улам жергиликтүү дарыяларда суу нугунан чыгып кеткен. Табият кырсыгынан улам аймакта өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Буга... Читать дальше...
Мурдагы жана азыркы мамлекет башчылар Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековдун былтыр жазда ачык байкалган тиреши бул аптада экс-президенттин кол тийбестигинин алынышына жетти.
Ишембиде Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Грузиянын экс-президенти, Одесса облусунун мурдагы башчысы Михаил Саакашвилини «Жаңы күчтөр кыймылы» партиясынын тизмеси менен Жогорку Раданын шайлоосуна катышуу үчүн каттады. Саакашвилинин партиясы шайлоого ат салышкан партиялардын акыркысы болуп катталды. Ошентип, бюллетенде 22 партия жазылмай болду. «Жаңы күчтөр кыймылы» каттоо жөнүндө чечим шайлоого катышуучуларды каттоо мөөнөтүнүн акыркы күнү кабыл алынды. Буга чейин БШК Грузиянын экс-президентинин партиясын каттоодон баш тарткан. Читать дальше...
28-июнда Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айылынын мечитинде жергиликтүү тургундар менен муфтияттын өкүлдөрүнүн катышуусунда калкты ынтымакка үндөгөн жолугушуу болду. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын даават, үгүт-насаат, жаштар жана аялдар бөлүмүнүн башчысы Билалидин Сайпиев улут аралык ынтымакты, биримдикти жана тынчтыкты сактап калуу боюнча баян окуду. Чүйдүн Төмөнкү Орок жана Жаңы-Жер... Читать дальше...
«Ата Мекен» партиясынын түрмөдөгү лидери, буга чейин Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунда дарыланып жаткан Өмүрбек Текебаев Бишкек мэриясына караштуу Травматология жана ортопедия борборуна (эл арасындагы аты - №4 шаардык оорукана) которулду. Бул тууралуу «Азаттыкка» парламенттеги «Ата Мекен» фракциясынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов билдирди. Анын айтымында, Текебаев ал ооруканага бел омурткаларын текшертиш үчүн жаткырылды. Бир канча жыл мурун Текебаевдин бел омурткаларына операция жасалган экен. Читать дальше...
Орусиянын Челябинск облустук бажы кызматы 19 тонна контрафакт кийим-кечек кармаган. «Коммерсантъ» басылмасы Урал бажысынын басма сөз кызматына таянып бул товарлар Кыргызстандан келатканын жазды. Маалыматка ылайык, автоунаада сегиз миң даана кийим болгон. Алардын көпчүлүгүнө «Gucci», «Adidas», «Reebok», «Calvin Klein», «Puma», «Nike» сыяктуу белгилүү дүйнөлүк бренддеги кийимдердин товардык белгиси чапталган. Баштапкы эсеп боюнча бул товарларды сатуудан чыныгы бренд ээлери 12 млн. рубль чыгым тартмак. Читать дальше...
Шевченко 10-августта UFC уюмундагы наамын коргоо үчүн беттешет.
Улуттук илимдер академиясы менен «Бишкек баатыр» бирикмеси Бишкек баатырдын биографиясын, баскан жолун, таржымалын изилдеш үчүн сынак уюштуруп жатышат. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясы кабарлады. Сынак 1-июлдан 6-сентябрга чейин созулат. 1-орунга 50 миң сом, 2-орунга 30 миң сом, 3-орунга 20 миң сом байге коюлган. Тарыхчылар арасында Бишкек баатырдын жашап өткөнү тууралуу эки ача пикирлер айтылып жүрөт. Бир жыл мурун Бишкек баатырдын эстелигине да сынак жарыяланып, айкелин орнотууда талаш чыккан. Читать дальше...