Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Элмира Шерипова “Азаттыкка” билдиргенине караганда, 20-июнда саат 13:50 чамасында Араван районунун Нурабад айыл аймагынын Кайрагач-Арык айылынын тургундары, бир эркек жана бир аял сууга агып кетишкен: - Ошол күндөн тартып биздин министрликтин куткаруучулары жергиликтүү ыктыярчылар жана милиция кызматкерлери менен чогуу издөө иштерин жүргүзүп жатышат. Азырынча табыла элек. Бүгүн да 24 куткаруучу издеп жатат. Айрым маалыматтарга караганда, алгач сууга келин түшүп кеткен... Читать дальше...
Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын алдыңкы солисти Фарух Садыркуловго кыргыз өкмөтү 50 миң сом сыйлык тапшырды. Бүгүн 22-июнда Садыркуловду жана анын апасын вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова кабыл алып, Москвада өткөн сынакта биринчи орунду ээлегени үчүн ыраазычылык билдирди. «Алгачкы жолу биздин өлкөнүн катышуучусу жогорку деңгээлдеги сынакта биринчи орунду алды. Бул сыяктуу жеңиштер жана жетишкендиктер өлкөдө балет өнөрүнүн кайра жанданышына негиз болуп, сиз сыяктуу... Читать дальше...
“Жаш аракет” деп аталган демократиялык жайкы лагерь Ош шаарынын Туран кичи районунда, №41 орто мектепте уюштурулган. Лагерди “Интербилим” коомдук уюму менен Туран муниципалдык башкармалыгы өнөктөшүп, атайын меморандумдун алкагында ачышты. “Интербилим” коомдук уюмунун Оштогу өкүлү Гүлгакы Мамасалиева “Азаттыкка” билдиргени боюнча, лагерде балдар өз укуктарын үйрөнүү менен демократиянын негиздерин да окуп чыгышат: - Балдар демократия түшүнүктөрүн жашоо-турмушунда кантип айкалыштырып колдоно алышат, мына ушуну да үйрөнүшөт. Читать дальше...
Бүгүн Таласта шаардын 75 жылдык мааракеси өтүп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” калаа башчы Айдарбек Жузупбеков билдирди. Учурда спорттун жети түрү боюнча мелдештер өтүүдө. Ал эми кечинде ырчы-чоорчулардын катышуусунда чоң программадагы концерт уюштурулат. Шаардын түптөлүшүнө арналган иш-чараларды уюштурууга мэриянын бюджетинен 200 миң сомдун тегерегинде каражат каралган. Талас шаар макамын 1944-жылы 22-июнда алган. Ага чейин Ак-Чий айылы болчу. Калкынын саны 35 миңден ашык адам. (AlS)
Дональд Трамптын администрациясы АКШдагы мыйзамсыз мигранттарды өлкөдөн чыгаруу боюнча ири операцияны ишке ашырууга камынууда. Америкалык маалымдоо каражаттары иммиграция жана бажы кызматтары дем алыш күндөрү 10 шаарда рейд жүргүзүп, сот "депортация кылынышы керек" деген адамдарды кармай турганын жазышты. Мындай чарага Атланта, Балтимор, Чикаго, Денвер, Хьюстон, Лос-Анжелес, Майами, Жаңы Орлеан, Нью-Йорк жана Сан-Францискодогу 2000 адам кабылышы ыктымал. Бийлик өкүлдөрү кармалгандарды үй-бүлөсүнөн... Читать дальше...
Эки күндүк антиорусиялык нааразылык акцияларынан кийин Тбилисиде түн тынч өттү. Соңку маалыматтарга караганда, грузин парламентинин алдында жаштар тобу дагы эле отурушат. Оппозиция өкүлдөрү митинг бүгүн 22-июнда да уланарын, ички иштер министринин отставкасы жана мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүү талаптары коюларын айтып жатышат. Өкмөт 20-июнда кечинде жана жумага караган түнү демонстранттар менен полициянын кагылышуусунда 240 киши жарадар болгонун, 100 киши ооруканада экенин билдирди. Читать дальше...
Орусия ТИМнин жетекчисинин орунбасары ЕБ өлкөлөрү келишимге туура жооп кылбаса, Москва Иранга мунай сатуу жана каржы бүтүмдөрүнө көмөктөшөөрүн билдирди.
Америка Кошмо Штаттары Өзбекстанды жарандарынын диний эркиндиктерин эң начар сакталган өлкөлөрдүн тизмесинен чыгарганын расмий жарыялады. Буга өлкөнүн президенти Шавкат Мирзиёевдин жүргүзүп жаткан саясаты себеп болгону айтылды. Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 21-июнда билдиргенине караганда, “Өзбекстан бул жаатта дагы көп иштерди жасашы керек, бирок 13 жылдан бери алгачкы жолу коркунуч жаратпаган өлкө катары кабыл алына баштады”. “Каттоого туруу, эркин сыйынуу жана балдарга ата-энеси... Читать дальше...
Бишкекте Футбол федерациясынын оюн талаасында Кыйноонун курмандыгы болгон адамдарга колдоо көрсөтүүнүн эл аралык күнүнө карата кичи футбол боюнча мелдеш өтүп жатат. Уюштуруучулардын бири болгон Кыйноолорго каршы коалициянын өкүлү Батыр Ботобековдун маалыматына караганда, турнирге күч түзүмдөрүнөн, укук тартибин коргоо органдарынан, мекемелерден, бейөкмөт, эл аралык уюмдардан жана журналисттерден куралган 16 команда катышууда. Алардын катарында “Азаттык” радиосунун да командасы бар. 26-июнь –... Читать дальше...
Сириянын ТИМ жетекчиси Азиянын Чыгышындагы сапарын Түндүк Кореяга улантты.
Орусия күтүлүп жаткан доллардын кунунун түшүүсүнө даярдануу максатында өзүнүн алтын корун жогорулатууда.