Кыргызстандык активистер Жогорку Кеңештеги депутаттардын саны 120дан 35ке азайтууну тала кылып онлайн кол топтоп жатышат. Петиция сhange.org платформасында жүргүзүлүүдө. Кол топтоо боюнча Алена Хоменко аттуу жаран демилге көтөрүп, ал парламенттеги депутаттардын саны азайса, аларга мамлекет короткон чыгым азайып, бюджетке пайда болорун негиз кылууда. 9-июнда петицияга кол койгондордун саны 5000ден ашты. Демилгечилер 7500 кол топтоону максат кылышкан. Кыргызстанда 2020-жылы Жогорку Кеңешке шайлоо өтөт. Читать дальше...
Казакстанда 9-июндагы президенттик шайлоо күч органдарынын күчөтүлгөн тартиптеги көзөмөлү жана адамдарды кармоо менен коштолуп жатат. Алматы шаарында президенттик шайлоону бойкот кылууга чакырган жүзгө жакын адамды полиция кармап кетти. Нур-Султан жана Чымкент шаарларында да адамдар кармалып жатканы кабарланды.
Казакстанда акыркы 30 жылдан бери өлкөнү башкарган Нурсултан Назарбаев катышпаган алгачкы президенттик шайлоо өтүп жатат. Алматы, Нур-Султан баштаган бир нече шаарларда шайлоого каршы чыккан ондогон адамдар, алардын ичинде журналисттер да кармалды.
Казакстанда өлкөнү 30 жыл башкарган Нурсултан Назарбаев катышпаган алгачкы президенттик шайлоо жүрүп жатат. Таңкы саат 7де өлкө боюнча добушканалар ачылып, учурда уланууда. Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берген шайлоочулардын көп экенин кабарлады. Шайлоого аттанган жети талапкер тең өлкө борбору Нур-Султан шаарында добуш беришти. Учурда шайлоо Алматы, Нур-Султан жан Шымкент калааларында нааразылыкка чыккан адамдарды кармоо менен коштолууда
«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун Нур-Султандагы кабарчысы Сания Тойкенди да полиция кармап кетти. Ал баш калаадагы шайлоо тилкелеринде добуш берүү жараянын, Жаштар сарайынын алдындагы митингди чагылдырып жүргөн. Анын алдында Алматы шаарында президенттик шайлоону бойкот кылууга чакырган жүздөн ашуун адамды полиция кармап кетти. Жагдайды чагылдырып жаткан дагы бир журналист, «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кабарчысы Петр Троценкону да полиция бөлүмүнө алып кетишкен. Ал күбөлүгүн көрсөтүп, журналисттик... Читать дальше...
Казакстандын Алматы шаарында президенттик шайлоону бойкот кылууга чакырган жүзгө жакын адамды полиция кармап кетти.
Казакстандын Алматы шаарында президенттик шайлоону бойкот кылууга чакырган жүзгө жакын адамды полиция кармап кетти. Окуя болгон жердегилер тарткан видеолордо полиция бир нече адамды күч менен алып кетип жатканын көрүүгө болот. Алар «Бойкот», «Маскара» деп кыйкырып жатышат. Жагдайды чагылдырып жаткан «Азаттыктын» казак кызматынын журналисти Петр Троценко да полиция бөлүмүнө жеткирилди. Нур-Султан жана Чымкент шаарларында да адамдар кармалып жатканы кабарланууда. Бүгүн Казакстанда президенттик шайлоо өтүп жатат. Читать дальше...
Узаган аптанын урунттуу окуяларына сереп (3-9-июнь, 2019-жыл).
10-июнда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолорго кар түшөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда, Ысык-Көл облусунда катуу жаан-чачын болушу мүмкүн. Тоо этектеринде мөндүр жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы: Баткен, Ош, Жалал-Абад, Чүй облустарында түнкүсүн 12...17, күндүз 19...24; Талас жергесинде түнкүсүн 8...13, күндүз 17...22; Нарын жана Ысык-Көл дубандарында түнкүсүн 4...9... Читать дальше...
«Азаттыктын» казак кызматынын репортеру Петр Троценкону Алматыда шайлоону чагылдырып жүргөн жеринен полиция кармап кетти. Ал кесиптик милдетин аткарып жатканын айтканына, күбөлүгүн көрсөткөнүнө карабай, тартип сакчылары полиция бөлүмүнө алып кетишкенин маалымат булактары жазышты. Кабарларга ылайык, полиция аны шайлоого нааразылык билдирип чыккан активисттер менен кошо кармаган. Журналист ал жерде репортаж даярдап жаткан. Казакстанда бүгүн президенттик шайлоо өтүп жатат. Борбордук шайлоо комиссиясы... Читать дальше...
Мамлекет башчы спортчунун жеңишинен күмөн санабаганын белгилеген.
«Медуза» басылмасынын иликтөөчү журналисти Иван Голунов үй камагына чыкты. 8-июнда Москванын Никулин райондук соту анын ишин карап, 7-августка чейин үй камагына бошотту. Прокурор журналистти эки айга камоону сураган болчу. Отурум болуп жатканда сот имаратынын алдында Голуновдун тарапкерлери аны колдогон жазууларды көтөрүп турушту. Латвияда жайгашкан басылманын иликтөөчү журналисти Голунов 6-июнда Москвада кармалган, ал баңгизат соодасына байланыштуу шек саналууда. Адвокаты анын чөнтөгүнө... Читать дальше...
Кыргызстандык мушкердин атаандашы оор соккудан кийин өзүнө көптөн кийин келген.
Кыргызстандык мушкер америкалык Жессика Айды нокаутка кетирип, чемпиондук наамын коргоп калды.
Кыргызстандык мушкер UFC уюмунун 57 килограмм салмактагы чемпиондук наамын ийгиликтүү коргоп калды.
Бишкекте «Кыргызстан - кезектеги глобалдык IT дестинация» деген эл аралык форум өтүп жатат. 9-июнда «Hyatt Regency Bishkek» мейманканасында уюштурулган иш-чара Кыргызстандагы IT тармагын ишенимдүү өнөктөш катары таанытуу, дүйнөлүк ишкер чөйрө менен байланышты бекемдөө максатын көздөйт. Форумду Кыргызстандагы Борбор Азиядагы лидерлик альянсы (CELA KG), Кыргыз Республикасынын жогору технологиялар паркы, Программа иштеп чыгуу жана тейлөө бирикмеси уюштурду. Ага АКШ, Германия, Британия, Тунис, Малайзия... Читать дальше...
Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко 57 кг салмакта америкалык Жессика Айды нокаут менен утуп, чемпиондук наамын коргоп калды. Бул тууралуу UFC уюму кабарлады. Беттеш АКШнын Чикаго шаарында 8-июнда UFC 238 турниринин алкагында болду. Шевченко атаандашына үстөмдүк көрсөтүп, экинчи раундда тээп нокаут кылды. Кыргызстанда туулуп-өскөн Валентина Шевченко 2018-жылдын 9-декабрында таймаштын аралаш түрлөрү боюнча UFC мелдешинде жеңишке жетип, чемпион болгон. Быйыл 8-апрелде президент Сооронбай... Читать дальше...
Казакстандын азыркы президенти, «Нур Отан» партиясынан президенттик шайлоого ат салышып жаткан Касым-Жомарт Токаев Нур-Султанда добуш берди. Андан соң журналисттерге чыгып сүйлөп, бул шайлоону «тарыхый» деп баалады. Токаев «Азаттыктын» казак кызматынын кабарчысынын «Коомдо болуп жаткан нааразылык акциялары жөнүндө кабарыңыз барбы? «Токаев - менин президентим эмес» деген ураандар жөнүндө эмнелерди айта аласыз?» - деген суроосуна мындай жооп берди: - Анын баарынан кабарым бар. Мен ар түрдүү жаңылыктарды угуп турам. Читать дальше...
Кыргызстандык мушкер чемпиондук наамын алгач ирет коргоду.
Кыргыз эл жазуучусу Мырзабек Тойбаев 8-июнда 84 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Кыргызстандын Жазуучулар бирикмеси кабарлады. Маркум балдар жана чоңдор үчүн ондогон чыгармаларды жазган. Пьесалар жыйнактарынын автору. Орусиянын жана коңшу мамлекеттердин акын-жазуучуларынын 30дай чыгармасын кыргыз тилине которгон.
Сириянын Хама провинциясында соңку эки күндөгү салгылашууларда 170тей адам көз жумганын адам укуктарына мониторинг жасаган борбор маалымдады. 8-июнда динчилдер жана өкмөткө каршы күчтөр аскердик бөлүккө кол салышты. Алар ондогон снаряддарды атып, автоунааларды жардырышты. Эки тараптан тең курмандыктар болду. Нью-Йоркто жайгашкан «Human Rights Watch» эл аралык укук коргоо уюму Сирия менен Орусиянын «аскердик альянсын» «эл аралык нормаларда тыюу салынган курал колдонгон» деп айыптаган. 3-июнда... Читать дальше...
Кыргыз эл артисти, кинооператор Нуртай Борбиев 82 жашында көз жумду. Ал 8-июнда дүйнөдөн кайтканын кинорежиссер Эрнест Абдыжапаров «Азаттыкка» билдирди. Маркумдун сөөгү 10-июнда Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат. Нуртай Борбиев - Кыргызстанда улуттук кинонун түптөлүшү менен өнүгүшүнө чоң салым кошкон ишмерлердин бири. Ал «Ак илбирстин тукуму», «Сүйүү закымдары», «Маңкурт», «Кошой таш» сыяктуу көркөм жана даректүү фильмдерди тартып, «Саманчынын жолу», «Көчө» тасмаларында роль аткарган.
Бишкек мэриясынын «Балдарды жана жаштарды реабилитациялоо борбору» муниципалдык мекемесинин мурдагы жетекчиси Алексей Петрушевский 8-июнда үй камагына чыкты. Бул тууралуу анын адвокаты жана укук коргоочулар билдиришти. Петрушевский 7-июнда кармалган болчу. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдиргендей, ал Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен айыпталууда. 6-мартта мэриянын Социалдык өнүгүү башкармалыгынын... Читать дальше...
Казакстан «Эркин Европа/Азаттык радиосунун» кыргызстандык, чехиялык жана орусиялык жети журналистине президенттик шайлоону чагылдырууга аккредитация берүүдөн баш тартты. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Айбек Смадияров бул тууралуу 8-июнда маалымдап, себебин түшүндүргөн жок. Смадияров аккредитация сурап кайрылгандар шайлоо күнү журналисттик ишмердик менен алектенбеши керек экенин эскертти. Журналисттер 8-июнь күнү Казакстанга келишкен эле. Уруксат берилбеген кабарчылардын арасында... Читать дальше...
Казакстанда бүгүн президенттик шайлоо өтүп жатат. Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүү 9-июнда эртең менен саат 7:00дө башталып, кечки саат сегизге чейин уланарын билдирген. Өлкө аймагында 10 миңден ашуун, чет мамлекеттерде 65 шайлоо тилкеси даярдалган. Президенттик орунга жети талапкер ат салышууда. Бул - Казакстандын эгемен тарыхындагы Нурсултан Назарбаев катышпаган алгачкы президенттик шайлоо. Назарбаев мамлекетти дээрлик 30 жыл башкаргандан кийин быйыл март айында кызматтан кеткен. Читать дальше...