Баткен облусунун Лейлек районунун Тажикстан менен чектеш айылдардагы балдар чет жерге иштегени кеткен ата-энелерине кайрылуу жасады. "Азаттык" чек арадагы мигрант балдарынын видеосун жакындарынын кагаз жүзүндө берген уруксаты менен гана жарыялап жатат. Башка басылмаларга көчүрүп алууга болбойт!
Кыргызстандын калкы канчалык динге жакын жана диний көз караштар өлкөгө кандай пайда-зыян алып келет?
Орусиянын Дзержинск шаарындагы “Кристалл” коргонуу ишканасындагы жарылуудан жабыркагандардын саны өсүп жатат. Расмий бийликтердин маалыматы боюнча жабыркагандардын саны 38 адамга жетти. Буга чейин эки адам дайынсыз кеткени кабарланган. Бийлик өкүлдөрү бул маалыматты четке какты. Жарылуу “Кристалл” деп аталган илимий-изилдөө институтунун аймагында болгон. Институт жардыргыч заттарды өндүрүү жаатында иш алып барат. Жарылуу тротилди иштеп чыккан цехте орун алган. Анын имараты толугу менен кыйраганы кабарланган болчу.
Кыргызстандагы 277 миң баланын атасы же энеси өлкө сыртында иштеп жүргөнүн ЮНИСЕФ аныктады. Аталган уюмдун өкүлү Мунир Мамадзаде “Азаттык” радиосуна миграциядагы балдар зомбулукка кабыла турган коркунуч тобуна кирерин билдирди. Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги 2018-жылы өлкө боюнча 700 миңден ашык үй-бүлөнү кыдырып, сурамжылап 102 миң 406 мигранттын балдарын каттаган. Министр Улукбек Кочкоров “Азаттык” радиосуна өткөн айда Сузак районунда жакындарынын колунан ажал тапкан эки жаштагы... Читать дальше...
Перзентинин бактылуу болушун ким каалабайт? Баласын ашыкча эркелеткендер да, катуу кармап кагып-силкип тургандар да аны жаман болсун дебейт, эч кимден кем калбай бактылуу болушун каалайт эмеспи.
Балдардын Эл аралык күнүнө карата Касымалы Баялинов атындагы китепканада “Кыргызстандын өнүгүүсүнө балдардын салымы” аттуу фестиваль уюштурулду. Ага эл аралык жана атамекендик мелдештерде ийгилик жараткан өспүрүмдөр баш болгон 170тей бала катышты. Иш-чара “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду, президенттик аппарат жана ЮНИСЕФ тарабынан өттү.
Кыргызстандын Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев менен Өзбекстандын Чек ара аскерлеринин командачысы Руслан Мирзаев кыргыз-өзбек чек арасындагы 30-майдагы окуяны талкуулашты. Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, эки өлкөнүн башкы чек арачылары жаңжал орун алган жердеги жагдай менен таанышты. Болуп өткөн окуяны биргеликте териштирүү боюнча чечим кабыл алынды. 30-31-майда Ош облусунун аймагындагы Тогуз-Булак айылынын жанына чек арачылар өзбек жарандарына таандык эки автоунааны тоскон. Читать дальше...
Өкмөт «Санарип Кыргызстан» концепциясын ишке ашыруунун алкагында дээрлик бардык мамлекеттик органдар «Түндүк» маалымат тутумуна кошулуп, алардын электрондук маалымат алмашуусу камсыздалып калганын жарыялады.
2-июнда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, өрөөндөрдө жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 12…17, күндүз 22…27; Таласта түнкүсүн 11…16, күндүз 22…27; Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 13…18, күндүз 25…30; Ысык-Көлдө түнкүсүн 8…14, күндүз 19…24; Нарында түнкүсүн 8…13, күндүз 19…24; Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8 градус болот. Бишкекте мезгил мезгили менен күндүн экинчи жарымында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Читать дальше...
Нижегородск облусунун бийлиги кабарлагандай, жарылуу “Кристалл” илимий-иликтөө институтунун аймагында болгон. Бул институт жардыргыч заттарды өндүрүү жаатында иш алып барат. Жарылуу тротилди иштеп чыгуу боюнча цехте болгон. Анын имараты толугу менен кыйраган. Алдын-ала маалымат боюнча, жарылуудан төрт адам жабыркаган. Күбөлөр институттун айланасындагы турак үйлөрдүн айнеги күбүлүп түшкөнүн айтып жатышат.
АКШнын Коргоо министрлиги 2023-жылдан тарта орусиялык ракеталардан кое берилген коммерциялык спутниктерди колдонууну токтотот. Тиешелүү буйрук АКШнын федералдык реестрине 31-майда жарыяланды. Мындай кадам соңку жылдары Москва менен Вашингтондун ортосундагы мамиле начарлап кеткени үчүн кабыл алынган. АКШнын бул кадамы Илон Маск менен Жефф Безос түптөгөн SpaceX жана Blue Origin өңдүү америкалык бизнес долбоорлордун өнүгүшүнө салым кошору айтылууда. “Роскосмос” компаниясынын алдындагы ракеталарды... Читать дальше...
Подмосковьенин Раменск районундук администрация башчысы адам өлтүрүүгө шектелип камакка алынды. Орусиялык маалымат каражаттарынын жазганына караганда, Андрей Кулаков жергиликтүү Коомдук палатанын төрагасынын орун басары Евгения Исаенкованы өлтүрүүгө шектелип жатат. Район башчысын 31-майда жумуш ордунан кармашкан. Тергөөнүн маалыматына ылайык Кулаков өзүнүн 39 жаштагы таанышын 2-майда муунтуп өлтүрүп, андан соң изин жашырып кеткен. Исаенкованын сөөгү эки күндөн кийин өзүнүн автоунаасынан табылган. Читать дальше...
Бишкек шаарынын бийлиги 3-июнга белгиленген коррупцияга каршы митингди борбордук Ала-Тоо аянтында өткөрүүгө тыюу салды. Бул тууралуу жарандык активист Рита Карасартова билдирди. Анын айтымында, мындай чечим 13-16-июнда Бишкекте өтчү Шанхай кызматташтык уюмунун өлкө башчыларынын саммитине байланыштуу кабыл алынган. Мындан улам Бишкектин Биринчи май райондук соту коррупцияга каршы митингди борбордук аянтта өткөрүүгө тыюу салып, акцияны Горький гүлбагында өткөрүүнү сунуштаган. Рита Карасартова... Читать дальше...
Экс-президент Роза Отунбаева 1-июнь Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата атайын макала жазып, балдардын билим алуусу жана саламаттыгына өзгөчө көңүл бурууга чакырды. Макалада өлкөдөгү үч жашка чейинки балдардын 44 пайызга жакыны жетишпеген турмушта, керектүү тамак-аш, витамин менен камсыз болбой жашап жатканы айтылат. “Бүгүн 20 миңге жакын бала жакырчылыкта жашап жатат. Алар айына 1420 сомго бааланган тамактануу үчүн керектүү рационду алууга мүмкүнчүлүгү жок дегенди билдирет”, - деп жазган Роза Отунбаева. Читать дальше...
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 30-майда, Индия Республикасына иш сапарынын алкагында Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди менен жолугушту.
Митингге чыккандар 1-июнда Тегусигальпадагы Американын элчилигине өрт коюшту.
БУУнун акыйкат издөөчү комитетинин Рохинжа мусулмандары боюнча берген билдирүүсүндө Мьянма армиясын “геноцид”жасагандыгы үчүн айыптады.
Ирандын Азия рынокторуна ушул жылдын апрель айында жасаган мунай экспорту 9 айдын ичинде жогорку деңгээлге жеткен.
Батукаевге байланыштуу мурдагы атайын прокурор, ушу тапта Нарын облусунун прокурорунун орун басары болуп иштеп жаткан Майрамбек Акматалиев кармалып, ага карата сотко чейинки тергөө амалдары башталды.
Украина Донбасстагы кырдаалды жөнгө салууну максат кылган Германия, Франция, Орусия жана Украинанын өкүлдөрү кирген “Норманд форматындагы” сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө даярданат. Бул тууралуу Украинанын коопсуздук жана коргоо кеңешинин катчысы Александр Данилюк билдирди. Мындай билдирүү Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин Германия жана Франциянын тышкы иштер министрлери менен сүйлөшүүсү аяктагандан кийин жасалды. Андагы маалыматка ылайык, “Норманд форматындагы” жаңы сүйлөшүү июль айында өткөрүлүшү мүмкүн. Читать дальше...
Ирандын нано килем өндүрүүчү бир компаниясы 1,5 млн. евролук килемин дүйнөнүн 25 өлкөсүнө экспорттоду.
Орусия ТИМнин жетекчисинин орун басары Америкага эскертүү жасады.
Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков УКМКнын тергөө абагынан адвокаттары аркылуу кат жолдоп, Кыргызстандан чыгарылган каражаттар боюнча маалымат берди. Бул тууралуу Социал-демократтар партиясынын штабы кабарлады. Абактан жолдогон катта Исаков “АККА” ишканалар тобунун жетекчиси Хабибулла аттуу адамды 2017-жылдын ноябрь же декабрь айында президент Сооронбай Жээнбековдун суранычы менен кабыл алганын билдирген. “Хабибулла өкмөт үйүнө өткөрмө бекет аркылуу эмес, президент Сооронбай Жээнбековдун жансакчыларынын коштоосунда келген. Читать дальше...
Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевге козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты. Дүйшөнбек Зилалиевге 2010-2017-жылдары мамлекеттик органдарда жетекчилик кызматты ээлеп турган учурда өзү иштеп тапкан каражаттан ашык суммага мүлк сатып алганы үчүн “мыйзамсыз баюу” беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Ал 2018-жылдын 8-декабрында камакка алынып, УКМКнын Тергөө абагында кармалып турат. Зилалиев өзүнө тагылган айыпты четке кагып... Читать дальше...
"Азаттык" мигрант балдары тууралуу баянды сунуштайт.