Феминист деген ким? Кыргызстанда феминизмди жактагандар барбы? Эмне үчүн коомдо феминист деген создөн коркушат? "Эже-сиңдилер" берүүсүндө бул жолу кыргыз феминизми тууралуу баарлаштык.
Советтик Конституцияга негизденип, «Кыргызстан СССРдин курамынан чыгууга акылуу» деген жобону атайын белгилегендиги үчүн Л.Брежневдин доорунда адилетсиз куугунтукка учураган укук илимдеринин доктору, профессор Кубанычбек Нурбековдун (26.04.1928 –– 29.12.1985) ишмердиги тууралуу тарыхчынын блогу.
Орусия ТИМинин башчысынын орун басары Александр Грушко 15-апрелде өлкө НАТО менен жарандык жана аскердик линиядагы кызматташууну толук токтотконун билдирди.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Ташкенттеги эки күндүк мамлекеттик сапары уланууда.
Бүгүн 16-апрелде Кыргызстанда “Биз XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз” эл аралык сынагы башталат. Билим берүү жана илим министрлиги балдардын “Алтын түйүн” инженердик-техникалык академиясы менен бирге уюштуруп жаткан иш-чара Ысык-Көлдүн жээгиндеги Бостери айылында өтөт. Мурдагы советтик республикалардан жаш ойлоп тапкычтарды жана изилдөөчүлөрдү чогулткан бул жыйын 20-жыл өткөрүлүүдө. Ага быйыл да Кыргызстандан тышкары Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Орусия жана Грузиядан жаш техниктер келишти. Читать дальше...
Кыргызстандык журналисттердин жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын укуктарынын сакталышы боюнча мониторинг жүргүзүлө баштады. Долбоорду “Сорос-Кыргызстан” фондунун колдоосу менен “Журналисттер” жана “Медиа полиси институту” уюмдары ишке ашырып жатышат. Бүгүн 16-апрелде Бишкекте долбоордун максаттары тууралуу кеңири маалымат берилет. 15-апрелде ар бир аймакта байкоо жүргүзө турган атайын өкүлдөр менен алгачкы жыйын өткөрүлдү. “Эми кабарчылардын укугу бузулган бир да учур көз жаздымда калтырылбайт” деп билдиришти уюштуруучулар. Читать дальше...
Бишкекте Улуттук көркөм өнөр музейинде өтүп жаткан «Жибек жолу» интерактивдүү көргөзмөсүндө бүгүн 16-апрелде Экология күнү белгиленет. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна көргөзмөнүн демилегчиси болгон “Роза Отунбаеванын демилгелери” фондунун өкүлү Роза Кайыкова билдирди: - БУУнун Айыл чарба жана азык-түлүк программасынын өкүлдөрү келип бир топ интерактивдүү оюндарды, сынактарды уюштурушат. Туура тамактануу, көчөттөрдү туура отургузуу, таштандыны бөлүштүрүү, экологиялык тарбиялоо жана энергетикалык диета деген темада лекциялар окулуп... Читать дальше...
Милициянын кыйноосуна кабылган жаран мамлекеттен материалдык жана моралдык кенемте талап кылууда. Бул тууралуу арыз бүгүн 16-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралат. Жалал-Абад облусунун тургуну Анарбек улуу Эсенбекти 2015-жылы милиция “уурулук кылды” деген шек менен кармап кетип кыйнаганы үч жылдан кийин Жогорку Сотто далилденген. "Кыйноо колдонду” деп айыпталган үч милиционерге карата өкүм күчүндө калтырган. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна адвокат Сардор Абдухалилов билдирди... Читать дальше...
Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун Германияга расмий сапары уланууда. Бүгүн 16-апрелде ал Берлинде федералдык президент Франк-Вальтер Штайнмайер, андан кийин федералдык канцлер Ангела Меркель менен жолугат. Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, дипломатиялык алака, экономика жана өнөр жай, билим берүү, туризмди өнүктүрүү жана соода-экономикалык карым-катнаш, каржы тармактарында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлууда. Кечээ 15-апрелде кыргыз делегациясы Баварияда болду. Читать дальше...
АКШда атайын кеңешчи Роберт Мюллердин Орусиянын Кошмо Штаттардагы 2016-жылдагы президенттик шайлоосуна кийлигишүүсү тууралуу баяндамасынын такталган жаңы варианты 18-апрелде жарыяланмай болду. Өлкөнүн Юстиция министрлиги бул баяндама Конгресс үчүн да, жалпы коомчулук үчүн да жеткиликтүү болорун билдирди. Роберт Мюллер эки жылга созулган иликтөөсүнүн жүрүшүндө Орусия шайлоолорго хакердик чабуулдар жана такталбаган маалыматтарды жайылтуу менен кийлигишкенин аныктаган. Ошол эле маалда атайын прокурор... Читать дальше...
Европа Биримдиги Румынияны “реформалар процессин тезирээк баштоого” чакырды. Уюмдун мыйзам чыгаруучулары бул өлкөдө укук нормаларынын сакталышын талкуулаган жыйын өткөрүп, “окуялар кылдат талданып жана тынчсыздануу жаратып жатканын” айтып чыгышты. Страсбург шаарында өткөн жыйында сүйлөп жатып Европарламенттин юстиция комиссары Вера Журова: - Биз Румыния реформалар жараянын туура багытка түшүрүшү керек деп бир нече жолу айтканбыз. Муну тез арада ишке ашыруу зарыл. Артка эмес, алдыга кадам таштоо керек, - деп билдирди. Читать дальше...
Орусиянын “Газпром” ишканасы Түркмөнстандан кайрадан газ сатып ала баштаганын кабарлады. Бул өлкөдөн газ алууну орус тарап үч жыл мурда токтоткон. Азыркы импорттолуп жаткан көгүлтүр отундун баасы жана көлөмү тууралуу так маалымат айтылган жок. Бир кезде Орусия түркмөн газын сатып алуучулардын катарында биринчи болчу. 2010-жылы бул орунду Кытай ээлеп калган. Түркмөнстандын экономикасы газ сатуудан абдан көз каранды. (RK)
Париждеги белгилүү Нотр-Дам чиркөөсүндө 16-апрелге караган түнү чыккан өрттүн кесепетинен имараттын башкы мунарасы урап түштү. 850 жыл мурда курулган чиркөөнүн чатырын кармап турган жыгач конструкция күйүп кетти. Окуя болгон жерге өлкө президенти Эммануэль Макрон барып, чиркөөнү “ар бирибиздин бир бөлүкчөбүз болуп калган” деп атады жана имаратты калыбына келтирүүгө каражат чогултуу боюнча эл аралык өнөктүк башталарын айтты. Кырсыкка эмне себеп болгону тууралуу азырынча так маалымат бериле элек. Читать дальше...