Орусиянын президенти Владимир Путин Американын Голан бийиктиктерин сионист режимине таандык деп расмий таануу үчүн кабыл алган чечимин Коопсуздук Кеңешинин токтомдорун бузат жана Москва бул чечимге каршы деп билдирди.
Кыргызстандын аймагында 10-12-апрель күндөрү жаан-чачын жаап, чагылган болуп, тоолуу райондорго кар түшөт. Абанын температурасы төмөндөйт. «Кыргызгидромет» ишканасы кабарлагандай, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда катуу жаан-чачын болот. Тоо этектеринде сел жүрүшү ыктымал. Чүй, Талас облустарынын ойдуң жерлерин суу капташы мүмкүн. Жаан-чачынга байланыштуу Бишкек-Ош, Ала-Бука - Каныш-Кыя, Каракол-Эңилчек тоолуу жолдорунда кар көчкү коркунучу бар, жолдорго муз тоңот. ... Читать дальше...
Судандагы каршылык акциялары акыркы күндөрү күч алды. Дүйшөмбүдө борбор Хартумдагы аскердик штабдын жанында отуруп алган миңдеген митингчилерди таратуу учурунда кагылыш чыкты. Анда демонстранттарды коргоого аракет кылган бир жоокер өлгөнү кабарланат. Судандагы дарыгерлер комитети кеминде 90 киши жарадар болгонун билдиришти. Баш калаага коңшулаш Омдурман шаарында да 20 жаштагы жигит тартип сакчыларынын колунан өлгөнүн комитет ырастап жатат. Нандын кымбатташы жана нак акчанын таңкыстыгы элди нааразы кылган. Читать дальше...
Ирандын президенти Хасан Роухани Ислам революциясынын сакчылар корпусун террордук уюмдардын тизмесине киргизүү тууралуу Кошмо Штаттардын чечимин айыптады. 9-апрелде телевидение аркылуу кайрылуусунда Роухани Вашингтондун бул кадамын «катачылык» деп атап, Кошмо Штаттарды «дүйнөлүк терроризмдин чыныгы лидери» деп атады. «Революциялык институттарды террордук уюм деп атагандай силер кимсиңер?» - деп суроо салган Роухани Кошмо Штаттар тескерисинче террордук уюмдарды аймактагы мамлекеттерге каршы колдонууну каалап жатканын билдирди. Читать дальше...
Европа соту орус бийлиги оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды «Ив Роше» иши боюнча үй камагына алуу менен Европа конвенциясын бузган деп тапты. Адам укуктары боюнча Европа соту Москваны Навальныйга 11 ай үй камагында отурганы үчүн 23 миң евро төлөп берүүгө милдеттендирди. Бул тууралуу мекеменин расмий сайтында жарыяланган билдирүүдө айтылат. Сот «Навальный коомдук-саясий ишмердүүлүгүнөн улам саясий куугунтукка кабылган жана бийлик аны коомдук иш-чараларга катыштырбоого аракет кылган» деп тааныды. Читать дальше...
Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынан шайланган Павел Десятников саламаттыгына байланыштуу мандатын тапшырды. Жакында Интернет булактарында ал Орусиянын да жараны экендиги тууралуу маалыматтар чыккан. Бишкектин аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов «Азаттыкка» билдиргендей, Десятников өз каалоосу менен кетүүгө 4-апрелде арыз жазган. «Кош жарандуулугу жөнүндө маалыматтар чыккан соң ал аймактык шайлоо комиссиясына чакыртылган, бирок ден соолугуна, иш сапарларына байланыштуу келген эмес. Читать дальше...
Чүйдө ала качууга дуушар болуп, бычакталып көз жумган Бурулайдын өлүмүнө айыпталып жаткан беш милиционер өз кызматтык ишин так аткарганын айтып, соттон актоону суранышты. 9-апрелде Аламүдүн райондук соту ала качуунун курмандыгы болгон Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча милиция кызматкерлерине карата козголгон ишти кароону улантты. Жайыл райондук милициясынын кызматкерлерине 316- берене («Шалаакылык») боюнча кылмыш иши козголгон. Жарыш сөз учурунда мамлекеттик айыптоочу бешөөнү тең беш жылга эркинен ажыратууну өтүнгөн. Читать дальше...
Кыргызстан Чехиядагы Метрополитен университетине абитуриенттерди жиберүүгө даяр. Бул туурасында Кыргызстандын билим берүү жана илим министринин орун басары Кудайберди Кожобеков менен аталган университеттин эл аралык байланыш кафедрасынын башчысы Ярослав Халик менен жолугушууда айтылды. 9-апрелде жолугушууда окуу жайы коопсуздукту изилдөө, жеке менчик өнөр жайы, эл аралык катнаш, эл аралык ишкерлик, журналистика, туризм жана чет тилдери боюнча адистерди даярдап, магистратурага, аспирантурага жана... Читать дальше...
Израилде азыркы премьер-министр Биньямин Нетаньяху кызматында калар-калбасын аныктай турган парламенттик шайлоо өтүп жатат. Нетаньяху башында турган «Ликуд» партиясы жетиштүү добуш топтой албай калса, өкмөт башчылыкка башкы штабдын мурдагы жетекчиси, саясий тажрыйбасы жок Бени Гац келиши толук ыктымал. Добуш берүү бекеттери жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки саат жетиде ачылды. Экзит-поллдордун алгачкы жыйынтыктары кечки ондордо чыгып калышы күтүлүп жатат. Ал эми расмий жыйынтыктар 10-апрелде жарыяланат. Читать дальше...
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Боз-Учук айылынын тургуну, фермер Марат Жусупов Орусиядан сүт жана эт багытындагы асыл тукум уйларды алып келип, багып жаткан чагы. Сандан сапатка деген фермердин иш-аракети менен кабарчыбыз таанышып келди.
Жалал-Абаддын Ноокен районундагы Масы айылында 7 жаштагы баланы өлтүрдү деп шек саналган жарандын үстүнөн тергөө жүрүп жатат. Райондук ички иштер бөлүмүнүн Криминалдык милиция кызматынын башчысы Азамат Төрөканов «Азаттыкка» билдиргендей, 5-апрелде баласы дайынсыз жоголгонун айтып, айыл тургуну милицияга кайрылган. Белгисиз адам баласынын өмүрү үчүн анын үй-бүлөсүнөн ири суммадагы акча талап кылган. Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында ошол эле күнү кылмышка шектүү катары 22 жаштагы жергиликтүү тургун кармалган. Читать дальше...
Мурдагы өкмөт башчы, камактагы Сапар Исаков билдирүү таратып, ак жерден темир тор артына түшкөнүн, күнөөсүз экенин кандай болбосун далилдей турганын айтты. Анын билдирүүсүн Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) 9-апрелде таратты. Сапар Исаков ага каршы козголгон кылмыш иши саясий мүнөздө экенин белгилеп, азыркы бийлик ага жана аны менен кошо камалып, шек саналып жаткан Жантөрө Сатыбалдиевге, Осмонбек Артыкбаевге, Салайдин Авазовго, Айбек Калиевге, Ольга Лавровага жана башкаларга негизсиз күнөө коюп жатканын белгиледи. Читать дальше...
Казакстанда кезексиз президенттик шайлоо 9-июнда өтөт. Бул тууралуу 8-апрелде мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев жарыялады. Телевидение аркылуу жасаган билдирүүсүндө Токаев мындай чечимди кабыл алардан мурда Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев жана парламенттин кош палатасы менен кеңешкенин айтты. Ал ошондой эле бул чечимди Конституциялык кеңеш да колдогонун кошумчалады. Касым-Жомарт Токаев шайлоо "ачык жана адилеттүү өтөрүн" билдирди, бирок ал шайлоого катышар-катышпастыгын айткан жок. Читать дальше...
Кыргызстандагы Улуттук кызыл жарым ай коомунун маалыматына караганда, Түркияга иштегени кетип дайынсыз жоголгон кыргызстандыктар көбөйүүдө. Дайынсыз жоголгондорду издөө боюнча ыктыярчылар да демилге көтөрүп келишет.
Бишкектеги күйөрмандар менен жолугушуу учурунда Шевченкого калпак кийгизип, үстүнө чепкен жабылганы кызуу талкуу жаратууда.
Пакистандын тышкы иштер министри ирандык кесиптеши менен телефон аркылуу сүйлөшүп, өз өлкөсү Ирандагы селден жабыркагандарга гуманитардык жардам жөнөтүүгө даяр экенин билдирди.
10-апрелде Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, айрым жерлерде күн күркүрөйт. Бийик тоолуу аймактарга кар түшөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу болот. Бийик тоолуу райондордо жолдорго муз тоңот, кар көчкү коркунучу бар. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7...12, күндүз 11...16, Талас жергесинде түнкүсүн 6...11, күндүз 11...16... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Камчыбек Ташиев 2010-жылдагы ыңкылаптын үмүтү акталбай жатканын айтып, бийликти ири реформаларга барууга чакырды. Ал 9-апрелде Бишкекте уюштурган басма сөз жыйынында 2010-жылдан кийинки бийлик түзгөн система менен мамлекет өнүкпөй турганын айтып, саясий реформа кылууга үндөдү. Эгер бийлик мындан баш тартса, аны элдин жардамы менен ишке ашыра турганын белгиледи. Ошондой эле ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен азыркы президент Сооронбай Жээнбековду тирешүүнү токтотууга чакырды... Читать дальше...
Айжан Съездбекова бардык атаандаштарын артта калтырган.
Орусияда 2018-жылы тажикстандык 27 мигрант зордук-зомбулукка кабылып, көз жумду. Бул тууралуу Тажикстандын башкы прокурору Юсуф Рахман Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Эмгек мигранттарын коргоо комитетинин Женевада өткөн жыйынында билдирди. “Эркин Европа\Азаттык” радиосунун тажик кызматы кабарлагандай, Юсуф Рахман Орусияда тажик жарандарынын өлтүрүлүшү мурдагы жылдарга салыштырмалуу эки эсе азайганын белгилеген. Тажикстандын БУУга сунуш кылган баяндамасына ылайык, 2013-жылы Орусияда зомбулуктардын кесепетинен 93 тажикстандык набыт болгон. Читать дальше...
Бишкек шаардык сотунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Мурат Суталиновду ден соолугуна байланыштуу абактан бошотуу маселеси каралып, кийинки отурум 15-апрелге жылды. Буга анын саламаттыгын иликтеген комиссиянын төрагасы Усупбаевдин келбей калганын себеп болду. 9-апрелдеги отурумга анын ондогон тарапкерлери келип, соттон адилеттик талап кылышты. Күн мурда акыйкатчы Токон Мамытов бөйрөк рагы менен ооруп жаткан Суталиновду түрмөдөн чыгарууга чакырган. Сот жараянынын... Читать дальше...
6-апрель күнү Польшада бокс мелдеши өтүп беш раунддук беттеште 10 жолу нокдаун катталды. Рингге орто салмактагы Роберт Таларек менен Патрик Шиманский чыккан. Бул туурасында Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Москвада орус лидери Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. 8-апрелдеги бул кездешүү Анкаранын Орусиядан С-400 ракеталык комплексин сатып алуу планына Вашингтон кескин каршылыгын билдирип жаткан учурга туш келди.
Бишкек шаардык сотунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Мурат Суталиновду ден соолугуна байланыштуу абактан бошотуу маселеси каралып жатат. 9-апрелдеги отурумга анын ондогон тарапкерлери келишти. Алар соттон адилеттик талап кылып жатышат. Күн мурда акыйкатчы Токон Мамытов бөйрөк рагы менен ооруп жаткан Суталиновду түрмөдөн чыгарууга чакырган. Сот жараянынын башында адвокаты Суталиновду ден соолугуна байланыштуу абактан бошотуу өтүнүчүн окуп, омбудсмендин кайрылуусун да айта кетти. Читать дальше...
Жаңжалдын чыгышына барда отургандарынын бирине мушкердин сөзү жакпай "орустар сени уруп салган" деп айтканы себеп болгон.