Расмий Эр-Рияддын эскертүүсүнө караганда, эгер журналист Жамал Хашоггинин жоголушуна байланыштуу ага каршы санкция киргизилсе, ал да жооп катары чара көрөт. Мамлекеттик SPA агенттиги тараткан билдирүүдө Саудия саясий жана экономикалык мүнөздө кандай “опуза” болбосун четке кагары, ар бир чарага “андан кубаттуу“ кылып жооп берери айтылды. Саудиядагы монархиялык режимди сындап жүргөн Хашогги быйыл 2-октябрда өз өлкөсүнүн Стамбулдагы консулдугуна киргенден кийин жоголуп кеткен. Түркиянын расмий... Читать дальше...
Ички иштер министрлиги Бишкекте сабалган окуучу да, ага кол көтөргөн бала да мурда милицияда иштеген адамдардын балдары экенин кабарлады. Мекеменин тараткан маалыматында жабыркаган баланын атасы 2013-жылы Чүй милициясында иштеп жүрүп пенсияга чыкканы, ал эми айыпталуучунун атасы 2017-жылы ИИМден пенсияга кеткени айтылат. 12-октябрда Бишкектеги №47 мектептин 8-классынын окуучусу ур-токмокко кабылып, ооруканага түшкөн. Анын мээси чайкалып, эрди айрылып, мурду сынган. Териштире келгенде ал бала дүкөнгө... Читать дальше...
Кыргызстанда Жашыл экономика жумалыгы башталууда. Анын алкагында 15-октябрдан 21-октябрга чейин Кыргызстандын жашыл экономикага өтүшүнө байланышкан талкуулар, иш-чаралар уюштурулат.
15-16-октябрда Бишкекте Борбор Азия өлкөлөрүндө биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча Кызыл жарым ай коому уюштурган эл аралык семинар өтүүдө. Ага Өзбекстандын, Түркмөнстандын, Тажикстандын, Казакстандын жана Кыргызстандын биринчи жардам көрсөтүүчү адистери катышууда. Семинардын башкы максаты - аталган өлкөлөрдө чукул медициналык жардам берүүнүн сапатын жогорулатуу. (BCh)
Үй-бүлөлүү, эмгекчил, күчтүү, ошол эле убакта өзүн үй-бүлөгө гана арнаган, каршылык көрсөтпөй, бардык кырдаалды кабыл алган, бирок өзүнүн ден соолугун карабаган, аз-маз жүдөгөн, басынган...
Үй-бүлөлүү, эмгекчил, күчтүү, ошол эле убакта өзүн үй-бүлөгө гана арнаган, каршылык көрсөтпөй, бардык кырдаалды кабыл алган, бирок өзүнүн ден соолугун карабаган, аз-маз жүдөгөн, басынган...
Түркиянын Измир аймагына караштуу Мендерес районунда ири жол кырсыгынан каза тапкандардын арасында кыргызстандыктар жок. Расмий маалыматка караганда, алардын баары чет өлкөлүк качкындар экени белгилүү болду. Жекшемби күнкү кырсыктан 22 адам каза таап, дагы 13 адам оор жараат алды. Алар жүк ташыган оор унаа менен деңиздин жээгине келип, андан ары Грекиянын Самос аралына мыйзамсыз өтмөкчү болушкан. Эл аралык миграция уюмунун маалыматы боюнча 2018-жылдын биринчи алты айында 45 миңден ашык качкын... Читать дальше...
Эки күндөн бери Стамбулдун "Сабиха Гөкчен" аэропортунан Бишкекке уча албай жаткан жүргүнчүлөр бүгүн эртең менен жолго чыгышты. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна "Эйр Манас" компаниясынын башкы директору Талгат Нурбаев билдирди. 70тей жүргүнчү уча албай отурганы жекшемби күнү маалым болгон. Алардын айрымдары “Эйр Манас” авиакомпаниясынын каттамы 13-октябрдан бери кармалып жатканын айтып “Азаттыкка” кайрылышкан. Көбү Анталия шаарында туристтик сезондо иштеп кайткан эмгек мигранттары. (KE)
"Сорос Кыргызстан" фондунун көмөгү менен Кыргызстандагы паллиативдик оорулууларга жардам бериш үчүн АКШдан 40 тонналык медициналык жардам келди. Бул жардам Оштогу балдар ооруканасына, Улуттук онкология жана гематология борборуна, Ош аймактык ооруканасына жана Токмоктогу аймактык ооруканага бөлүнөт. Жүктө балдар жана чоңдор үчүн атайын керебеттер, жасалма дем алдыруучу жабдуулар, аба берүүчү концентраттар, ооруну басаңдатуучу системалар, теринин эзилишинин алдын алган каражаттар, тамактандыруучу зонддор... Читать дальше...
Орусияда кыргызстандык жаран жол кырсыгынан каза тапты. Жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлагандай, окуя Новосибирск шаарында жекшембинин кечинде болгон. Эвакуатордун 34 жаштагы айдоочусу 56 жаштагы кыргызстандыкты коюп кеткен. Айдоочу аба ырайынан улам жүргүнчүнү көрбөй калганын айтууда. Расмий маалыматка караганда, Орусияда 600 миңдей кыргыз жараны мигрант болуп жүрөт. Расмий эмес статистикада алардын саны 1 миллиондон ашканы айтылып келет. (RK)
Мелдеште өкмөт мүчөлөрүнөн куралган биринчи команда баш байгени багындырды.
Орусияда оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный жекшембиде кайрадан абактан чыгарылды. Ал “Шайлоочулардын көтөрүлүшү” жарандык акциясын уюштурганы үчүн 30 суткага абакка кесилип, андан чыгар замат кайра дагы 20 күнгө камалган.
“Эйр Манас” авиакомпаниясы Москва-Бишкек каттамы боюнча жолго чыккан жүргүнчүлөрүн борбор калаага алып келди. Бул тууралуу бүгүн "Азаттык" радиосуна компаниянын башкы директору Талгат Нурбаев билдирди. Жүргүнчүлөр 12-октябрда саат 22.00дө Москванын Домодедово аэропортунан Бишкекке бара турган 562 ZM рейси кармалып, 150 адам кете албай жатканын ишемби күнү “Азаттыкка” кабарлашкан. 14-октябрда учакты оңдоо үчүн Кыргызстандан керектүү тетик жөнөтүлгөн. (КЕ)
Атамбаевдин кадрларынан арылган Жээнбековдун кадрдык жүрүштөрүнө баам салып көрөлү. Сооронбай Жээнбеков президенттик бир жылында кызматтан кеткендердин ордуна учурдагы өлкө башчыгы жакын, мурда коомчулукка анча белгисиз адамдар дайындала баштады.
Таласта төө буурчакты эл аралык рыноктун талабына ылайык экспорттоого ыңгайлашкан ири ишкана ачылды. Төрт гектар аянтты ээлеген ишкананын курулушуна бир миллион доллар каражат сарпталган. Бул ишкана облуста 200гө чукул адамды жумуш менен камсыз кылат.
Эл аралык Валюта Фондунун (ЭВФ) соңку иликтөөсү дүйнөдө карыздын глобалдык өлчөмү он жыл мурдагыдан 50% көбөйгөнүн көргөздү. Ошол эле учурда мамлекеттердин ээлегинде ондогон триллион долларлык актив бар.
Кыргызстандык мушкер ушуну менен WEF уюмунда үчүнчү кармашын тартуулайт. Турнирдин алкагында өзбекстандык Шахзода Рахимованы эки ирет утуп алган.
Бишкектеги Касымалы Баялинов атындагы китепканада АКШнын Кыргызстандагы элчилиги уюштурган окуу программалардын жармаңкеси өтүүдө. Анда АКШнын Кыргызстандагы элчиси болуп жаңы дайындалган Дональд Лу кыргыз ата-энелерге кайрылып, уул-кыздарын Америкага окууга жөнөтүүгө шыктандырды. Жармаңкеде ар кандай окуу программаларын сунуштаган уюмдар студенттерге жана мектеп окуучуларына маалымат беришти.
«Талибан» кыймылынын согушкерлери 13-октябрда Фарах провинциясындагы көзөмөл-өткөрмө бекетине чабуул жасап, андан он жети аскер өлүп, дагы он бир киши барымтага алынды. Кол салууда дагы төрт жоокер жаракат алганы кабарланды. Согушкерлер курал-жарак, ок-дарыларды да алып кетишкен. Ооганстандын Коргоо министрлигинин өкүлү Гафур Ахмад Жавед бул районго кошумча күч жиберилгенин, талибдер да оор жоготууга учураганын маалымдады. 14-октябрда Забул облусунун түштүгүндө полиция башчысы талибдер менен кагылышууда каза болду. Читать дальше...
Иш-чаранын алкагында 15-октябрдан 21-октябрга чейин жашыл экономика боюнча талкуулар, окуулар болот. Жумалыкты Экономика, Айыл чарба жана мелиорация министрликтери Deutsche Gesellschaft für Internationale Zusammenarbeit (GIZ), БУУ жана «БизЭксперт» аналитикалык борборунун катышуусунда уюштуруп жатат. Бүгүн Бишкекте жерди туура иштетүү боюнча семинар өтөт. Жашыл экономика жумалыгы Кыргызстанда биринчи жолу уюштурулууда. Кыргыз өкмөтү бир топ жылдан бери мамлекет "жашыл экономикага өтсө өнүгөт" деген максат коюп келет. Читать дальше...
Бүгүн, 15-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы депутат Каныбек Осмоналиевдин ишин кароону улантат. Тараптарга акыркы сөз берилип, чечим чыгаары күтүлүп жатат. Адвокат Жыргалбек Бабаев «Азаттыкка» билдиргендей, 12-октябрда өткөн жараянда прокуратура Каныбек Осмоналиевдин үй-мүлкүн мамлекетке чегерүү менен 15 жылга камоону, ага үч жыл бою мамлекеттик кызматта иштөөгө тыюу салууну соттон сураган. Актоочу тарап Осмоналиевге коюлган айыптар негизсиз экенин жана алар сотто далилденбегенин билдирип жатат. Читать дальше...
14-октябрда Тегеран университетинде жаңы окуу жылын ачып жатып Роухани Американын өкмөтүн Ирандын бийлигин алмаштырууну көздөгөн "психологиялык жана экономикалык тактика колдонуп жатат" деп айыптады. Ирандын мамлекеттик телеберүүсү түз алып көрсөткөн иш-чарада Роухани Кошмо Штаттар бийлик алмаштырыш үчүн Иран Ислам Республикасынын легитимдүүлүгү тууралуу маселе көтөрүп жатканын айтты: - Алардын максаты – системанын легитимдүүлүгүн азайтуу. Режимди кантип өзгөртсө болот? Ал системанын легитимдүүлүгүн жок кылуу менен гана ишке ашат. Читать дальше...
14-октябрда Тегеран университетинде жаңы окуу жылын ачып жатып Роухани Американын өкмөтүн Ирандын бийлигин алмаштырууну көздөгөн "психологиялык жана экономикалык тактика колдонуп жатат" деп айыптады. Ирандын мамлекеттик телеберүүсү түз алып көрсөткөн иш-чарада Роухани Кошмо Штаттар бийлик алмаштыруу үчүн Иран Ислам республикасынын легитимдүүлүгү тууралуу маселени көтөрүп жатканын айтты: - Алардын максаты – системанын легитимдүүлүгүн азайтуу. Режимди кантип өзгөртсө болот? Ал системанын легитимдүүлүгүн жок кылуу менен гана ишке ашат. Читать дальше...
Парламенттин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитети бүгүн, 15-октябрда Ош облусунун Ноокат районунда жана Баткен облусунун Кадамжай районунда көчмө жыйын өткөрүшөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, көчмө жыйын учурунда Баткендин Кызыл-Кыя шаарындагы аэропорттун абалы, аны кайра ишке киргизүү мүмкүнчүлүгү жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда талкууланат. Учурда Кыргызстанда он бир аба майданы бар. Алардын жетөө учактарды кабыл алат. Читать дальше...