Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков ушул күндөрү Венгриянын Будапешт шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатынын финалында күрөшөт. Биргелешкен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Шаршенбеков бүгүн, 25-октябрда грек-рим күрөшүнөн 55 килограммга чейинки салмакта килемге чыгып, финалдык беттешке жолдомо алганга чейин бардык атаандаштарын ири эсепте жеңди. Алгач 1/8 финалда түштүк кореялык Хее Донг Сонду 9:0... Читать дальше...
Шаршенбеков килемде 55 килограмм салмакта күч сынашып, атаандаштарын мөөнөтүнөн мурда жеңди.
Улукбек Кочкоров эмгек жана социалдык өнүгүү министри болуп дайындалды. Буга байланыштуу жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Мамлекет башчынын дагы бир жарлыгы менен Азамат Жаманкулов маданият, маалымат жана туризм министри болуп дайындалды. Ушул эле күнү вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Жамангуловду жалпы жааматка тааныштырды. Аты аталган эки министрдин талапкерлигин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев сунуштап, аларды депутаттардын көбү колдогон. (КЕ)
2018-жыл үчүн Сахаров сыйлыгын Европа парламенти Москванын Крым жарым аралын каратып алышына каршы чыккан, учурда орус абагында жаткан украин режиссеру Олег Сенцовго ыйгарды.
Европарламент 25-октябрда кабыл алган резолюцияда айтылгандай, эгер Орусия Азов деңизи аркылуу эл аралык жүк ташууну блокадалоону уланта берсе, анын Москваны бутага алган санкциялары күчөтүлөт. Өз резолюциясында Европа парламенти Орусиянын Азов деңизиндеги аракеттерин “де-факто блокада”, Украинанын “суверенитетин”, “эл аралык деңиз укугун” бузуу деп мүнөздөдү. 2014-жылы аннексияланган Крымды өлкөнүн калган бөлүгү менен кургактан туташтырган Керч көпүрөсүнүн курулушу быйыл майда аяктагандан бери Орусия кемелерин... Читать дальше...
28-октябрга белгиленген саясий өнөктүк Грузиянын жарандары президентти түз шайлаган акыркы шайлоо болот. Конституциянын жаңы редакциясына ылайык, мындан кийин президентти өлкөнүн парламенти шайлашы керек. Грузияда президенттин бийлик укуктары азыр эле чектелүү. Бул жолу президенттикке 25 талапкер ат салышууда. Ал эми негизги атаандаштык үч талапкердин ортосунда жүрүүдө. Алардын бири - “Күч биримдикте” коалициясынын талапкери Григол Вашадзе. Мурдагы президент Михаил Саакашвилинин бийлиги маалында... Читать дальше...
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин кызматына талапкерлиги көрсөтүлгөн Улукбек Кочкоров мындай сунуш ал үчүн күтүүсүз болгонун айтууда.
Италиянын Савона шаарында Кыргызстандан "бала багып алам" деп барып, алданып калган адамдардын арызы сотто каралууда.
"Атамбаевсиз КСДП" деген чакырык менен жыйын өткөрүп келе жаткандар парламенттеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов менен жолукканын жарыялашты.
Улуттук энергохолдинг” компаниясынын башчысынын айлык акысы 100 миң сомдун тегерегинде. Бул тууралуу бүгүн парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып ишкананын башкармалыгынын төрагасы Азамат Абдыкадыров билдирди. Ал айлыгы 80-90 миң сомдой экенин айтып, сентябрь айында колуна 100 миң сомго жакын акча алганын айтты. 25-октябрда парламент кышка даярдыкты талкуулады. Тиешелүү мекемелердин ишин айрым депутаттар сынга алууда.
Кадамжай районунун Кара-Жыгач айылында эки карышкыр айылды аралап кирип келип, беш кишини талады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин кеңешчиси Елена Баялинова өзүнүн "Фейсбук" баракчасына жазды. Окуя 23-октябрда болгон. Учурда карышкыр тиш салгандардын төртөө ооруканада. Маалыматка караганда, айылдыктар карышкырдын бирөөнү өлтүрүп алышкан. Аны текшерген учурда кутурманын белгилери аныкталган. Саламаттык сактоо кызматкерлеринин айтымында, карышкырдан жабыркап ооруканага түшкөндөр кутурмага... Читать дальше...
Түркияда жылына орто эсеп менен 30 миң тоннага жакын түрк кофеси сатылат. Аты түрк болгону менен кофенин данеги өлкөгө толугу менен импорттолот. Кылымдар бою уланып келген кофе ичүү салты түрк калкынын жашоосуна терең сиңгени менен, чыныгы түрк кофесин даярдаган адамдар азайып баратат.
АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон бул тууралуу бүгүн Армениянын борбору Ереванда премьер-министрдин милдетин аткаруучу Никол Пашинян менен жолуккандан кийин “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун армян кызматы менен маектешип жатып билдирди: - Биз Иранга мүмкүн болушунча басым көрсөтүүнү көздөйбүз. Анткени ал өзөктүк куралга ээ болуу мүдөөсүнөн баш тарткан жок, эл аралык терроризмдин борбордук казынасы бойдон калууда. Биз анын баллистикалык ракета программасынан, Сирия... Читать дальше...
Ошто "атасы зордуктады" деген сегиз жаштагы кыз апасы жана бир туугандары менен кризистик борборго жайгаштырылды.
Ошто "атасы зордуктады" деген сегиз жаштагы кыз апасы жана бир туугандары менен кризистик борборго жайгаштырылды.
АКШ президенти Дональд Трамп демократтарга “почта бомбасын” жөнөткөндөрдү табууга убада берди. Кытайда экономикасынын өсүү ыргагы басаңдады. Евробиримдиктин аймагында 2021-жылдан тарта бир жолку колдонууга жарамдуу желим буюм-тайымдарга тыюу салынат.
Орусиянын коргоо министринин орун басары Александр Фоминдин бүгүн орус маалымат агенттиктерине айткандарына караганда, бүгүн Сириядагы орус аскерлеринин "Хмеймим" аскердик базасын карай 13 дрон жөнөгөн. Дрондорду Жер ортолук деңизинин үстүнөн АКШнын "Poseidon-8" чалгын учагы көзөмөлдөгөн. Орус генералы кошумчалагандай, дрондор көздөгөн бутасына жеткенге чейин жок кылынган. Бирок орус тарап дрондор кимге таандык экенин жана окуя качан болгонун айткан жок. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков... Читать дальше...
Чоң таштын үстүнө чыгып алып "Манас" айтып жаткан бала социалдык тармактарда бир канча күндөн бери кызуу талкууланып жатат. Көпчүлүк колдонуучулар келечекте андан чоң манасчы чыгат деп ишеним артышууда. "Азаттыктын" кабарчысы Арсен менен таанышып келди.
“Улуттук энергохолдинг” компаниясынын башчысынын айлык акысы 100 миң сомдун тегерегинде. Бул тууралуу бүгүн парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып ишкананын башкармалыгынын төрагасы Азамат Абдыкадыров билдирди. Ал айлыгы 80-90 миң сомдой экенин айтып, сентябрь айында колуна 100 миң сомго жакын акча алганын айтты. Бүгүн парламентте өлкөнүн кышка даярдыгы талкууланып жатат. Тиешелүү мекемелердин ишин айрым депутаттар сынга алууда. “Улуттук энергохолдинг” 2016-жылы түзүлгөн. Читать дальше...
“Улуттук энергохолдинг” компаниясынын башчысынын айлык акысы 100 миң сомдун тегерегинде. Бул тууралуу бүгүн парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып ишкананын башкармалыгынын төрагасы Азамат Абдыкадыров билдирди. Ал айлыгы 80-90 миң сомдой экенин айтып, сентябрь айында колуна 100 миң сомго жакын акча алганын айтты. Бүгүн парламентте өлкөнүн кышка даярдыгы талкууланып жатат. Тиешелүү мекемелердин ишин айрым депутаттар сынга алууда. “Улуттук энергохолдинг” 2016-жылы түзүлгөн. Абдыкадыров... Читать дальше...
24-октябрда АКШда Демократиялык партиянын жана мурдагы жогорку кызмат адамдарынын үйүнө жарылуучу түзмөктөр жөнөтүлгөнү аныкталды.
Жайыл райондук милиция бөлүмүндө киши колдуу болгон Бурулай Турдаалы кызынын атасы бүгүн, 25-октябрда Бишкектин Свердлов райондук сотундагы кезектеги жараянда президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууну көздөп жатканын билдирди. Ал сот ишти "адилет карабай жатат" деп эсептейт. Буга байланыштуу ал президент менен жолугушууга жетишүү үчүн аракеттене турганын айтты. Бүгүнкү сотто үч күбө суралып, кийинки териштирүү 30-октябрга белгиленди. Буга чейин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев... Читать дальше...
Токтогул районунун борборунан 38 чакырым жерде, тоолуу аймакта жайгашкан Бел-Алды айыл аймагынын тургундары 50 чакырым аралыктан өз алдынча суу түтүгүн тартып, айылга таза суу чыгарып алышты.
Түркияда сойкулукка мажбурланганы сөз болгон кыргызстандык келин 23-октябрда Бишкекке жөнөтүлдү. Аны Анталия шаарында иштеген кыргызстандык жигиттер кулчулуктан чыгарып, Кыргызстанга жеткиришкен. 31 жаштагы жалгыз бой келин он күн мурда таанышы аркылуу Түркиянын Измир шаарына официант болуп иштегени кетип, бирок алданып кулчулукка кабылганын "Азаттыкка" айтып берди. - Биринчи Стамбулга барганбыз. Андан кийин Измирге, анан андан ары бир айылга бардык. Кафе экен. Анын кардаралрынын баары эркек болчу. Читать дальше...
“Республика” партиясынын мурдагы лидери, 2017-жылдагы президенттик шайлоодо экинчи келген Өмүрбек Бабанов өзүнө карата кылмыш иштери акыйкаттык менен каралып, жабылса өкмөт менен президентке көмөктөшүүгө даяр. Бул тууралуу Бабановдун партиялашы жана жакын үзөңгүлөшү Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев “Азаттыктын” “Эки бир” маегинде билдирди. Казакбаев Өмүрбек Бабановго козголгон кылмыш ишинин акыркы жагдайын, өлкөдөгү абал жана президент Сооронбай Жээнбековдун президенттик бир жылы боюнча көз карашы менен бөлүштү.