Мэн Хунвэй башчылыктан кетүү тууралуу арыз жазганын Интерпол 7-октябрдын кечинде билдирди. Андан бир нече саат мурда Кытайдын Улуттук көзөмөл комиссиясы Мэн “мыйзам бузууга байланыштуу шек саналып жатканын” жарыялаган. Хунвэй кайсы жерде отурганы тууралуу кенен маалымат берилген жок. Улуттук көзөмөл комиссиясы адатта коррупцияга байланыштуу иштерди иликтейт. Ошентип Интерполдун президенти Мэн Хунвейдин дайыны 9 күндөн кийин белгилүү болду. "Ал 29-сентябрда Кытайга барары менен кармалышы мүмкүн" деген божомолдор ырасталды. Читать дальше...
Грузиянын Батуми шаарында 24-сентябрда башталып, 5-октябрда аяктаган дүйнөлүк олимпиадада Кыргызстандын шахмат боюнча кыз-келиндер курама командасы "кичи алтын" утуп алышты. “Дүйнөлүк олимпиада-2018” турнирине 149 өлкөнүн аялдар курама командалары катышкан. Кыргызстандын курама командасы жалпы 11 оюнда 13 упай (6 жеңиш, 4 утулуш, 1 тең чыгуу) топтогон. Бул жыйынтык менен С группасынын арасында алтын медалга ээ болушту. Ал эми жалпы командалык рейтингде 48-орунду алышкан. Батумиде Кыргызстандын... Читать дальше...
Грузиянын Батуми шаарында 24-сентябрда башталып, 5-октябрда аяктаган дүйнөлүк олимпиадада Кыргызстандын шахмат боюнча кыз-келиндер курама командасы кичи алтын утуп алышты. “Дүйнөлүк олимпиада-2018” турнирине 149 өлкөнүн аялдар курама командалары катышкан. Кыргызстандын курама командасы жалпы 11 оюнда 13 упай (6 жеңиш, 4 утулуш, 1 тең чыгуу) топтогон. Бул жыйынтык менен С группасынын арасында алтын медалга ээ болушту. Ал эми жалпы командалык рейтингде 48-орунду алышкан. Батумиде Кыргызстандын... Читать дальше...
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 7-октябрда Түндүк Кореянын лидери менен жолукту. “Пхеньянга сапарым жакшы болду. Төрага Ким менен жолуктум. Биз Сингапур саммитиндеги макулдашуулар боюнча алдыга жылууну улантабыз” деп жазды Помпео “Твиттердеги” барагына. Ал эми сүйлөшүүдөн кийин Ким Чен Ын “Бул эки өлкө үчүн дурус келечекти убада кылган мыкты күн” деп белгиледи. Ушул эле күнү Помпео Сеулда Түштүк Кореянын президенти менен жолукту. Түштүк Корея президентинин администрациясы Пхеньянда... Читать дальше...
6-октябрда Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин ички иштер министрлеринин катышуусунда жыйын өттү. Министрлер уюшкан кылмыштуу топторго, экстремизмге жана терроризмге каршы туруу жана өлкөлөр чектешкен аймактардагы коопсуздукту сактоо тууралуу сүйлөштү. Жыйынтыгында биргелешкен жыйындын протоколуна жана кызматташуу боюнча документтерге кол коюшту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Мындан тышкары Кыргызстан менен Өзбекстандын министрлери кылмыштуу топтор менен күрөшүү... Читать дальше...
5-октябрдан тарта Франциянын жарандары виза албастан Өзбекстанда 30 күн жүрө алышат. Президент Шавкат Мирзиёев тиешелүү жарлыкка Парижге бараардын алдында кол койду. Мирзиёевдин Францияга визити 8-октябрда башталат. Өзбек бийлиги муну менен эки өлкө ортосунда жагымдуу жагдай түзүүгө кызыкдар деп кабарланат. Тагыраагы, маданий, илимий кызматташтыкты арттырып, туристтердин агымына, инвестициялык кызматташтыкка жол ачууну көздөөдө. Жергиликтүү маалымат каражаттары француз туристтеринин саны жылдан жылга артып жатканын жазышты. Читать дальше...
Журналист Жамал Хашогги Стамбулдагы Саудиянын башкы консулдугунда өлтүрүлдү деген кабар териштирилип жатат. Бардык камералардагы жазуулар, аэропорттордогу кирип-чыккандар текшерилип жатканын түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган билдирди. Ал эми "New York Times" гезити түрк полициясы консулдуктун тегерегиндеги бардык камераларды текшерип, Хашогги өз алдынча дипмиссия имаратынан чыгып кеткен эмес деген тыянакка келгенин жазууда. Ошол эле маалда консулдукка тиешелүү унаалар кирип-чыгып турган. 7-октябрда... Читать дальше...
Бүгүн, 7-октябрда, эртең менен борбор калаада салтка айланган "Мол Булак Күз Деми — 2018" эл аралык марафону өттү.
Турнирден кийинки массалык мушташта Нурмагомедовдун командасындагы үч бала полиция тарабынан камакка алынган.
7-октябрда таймаштын аралаш түрлөрү боюнча мушкер Хабиб Нурмагомедов атаандашы Конор Макгрегорду жеңди. Ал төртүнчү раундда Конорду муунтуу ыкмасы менен чемпиондукту утуп алды. Бул таймашты бишкектик күйөрмандар да абдан күтүшкөн эле.
6-октябрда АКШда Бретт Кавано Жогорку соттун судьясы катары ант берди. Президент Дональд Трамп тарабынан АКШнын Жогорку сотунун судьялыгына көрсөтүлгөн Бретт Каванонун талапкерлиги сенатта колдоо тапты. Аялдарга сексуалдык ыдык көрсөткөн деп, коомчулуктун сынына кабылган Каванону "республикачылар" көпчүлүктү түзгөн Сенатта 50 сенатор колдоп, 48и каршы добуш беришти. Анын талапкерлиги республикачылар басымдуулук кылган Сенатта колдоо тапкан учурда сыртта миңдей адам Каваного каршы нааразылык билдирип турду. Читать дальше...
Жапон окумуштуулары жабык жайда супер кубаттуу магниттик талааны жаратышты. Зимбабвелик окуучу айылын электрлештирүүнүн жолун тапты. Бутка жан киргизчү экзоскелет-шым. Гонконгдо келемиштен кишиге сарыктын Е түрү жукту.
Макгрегор кайра кайтып келе тургандыгын билдирип, реванш сураган.
Идонезияда цунами коштогон зилзаладан соң беш миңден ашуун адамдын дайыны чыкпай жатат. Куткаруучулар урандылардын астынан 1763 адамдын сөөгүн тапты. Издөө иштери 11-октябрга чейин уланат. Бул тууралуу "Sky News" каналы кабарлады. Телеканалдын маалыматына ылайык, бир канча район зыян тарткандыктан жоголгондорду издөө кыйынчылык жаратууда. Бийлик куткаруу иштеринде оор техникаларды пайдаланууда этият болууга чакырды. Адам сөөктөрү урандыга аралашып, ар кандай оорулар тарашы ыктымал деген кооптонуу бар. Читать дальше...
7-октябрда "Күз деми" деп аталган марафон өттү. Ага бир жарым миңден ашуун жеңил атлетика ышкыбоздору катышты.
Борбор калаада салтка айланган "Мол Булак Күз Деми — 2018" эл аралык марафону болуп өттү.
Мушкер атасы менен түшкөн сүрөттү жүктөгөн.
АКШ Тажикстандын чек арасын бекемдөөгө баасы 8 миллион доллардан ашкан жабдууларды берди. "Азаттыктын" тажик кызматы кабарлагандай, элчилик маңзат ташууга каршы жана терроризм менен күрөшүү максатында көмөк көрсөттү. Жабдуулар 5-октябрда Душанбедеги аскер бөлүктөрүнүн биринде тапшырылды. Тажик бийлиги АКШнын техникалык жана аскерий колдоосу чөлкөмдөгү коопсуздукту сактоодо маанилүү роль ойнорун белгилейт. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Саймумин Ятимов бул кызматташтык... Читать дальше...
Россиянын президенти Владимир Путин футбол боюнча дүйнө чемпионатында Конор Макгрегор менен жолугуп, аны менен сүрөткө түшкөн.
Кармалгандардын бири Зубайра Тухугов экени, эми анын уюм менен түзүлгөн келишими калыбына келгис болуп бузулары айтылууда.
Беттештен кийин октагондон тышында массалык жаңжал болуп кеткен.
8-октябрда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоолуу райондордо кар түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым учурларда 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4...9, күндүз 10...15, Талас жергесинде түнкүсүн 1...6, күндүз 10...15, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 6...11, күндүз 13...18, Ысык-Көл жана Нарын дубандарында түнкүсүн 2...7, күндүз 11...16, Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -5...-10, күндүз 0...-5 градус болот. Читать дальше...
"Азаттыктын" журналисти, маркум Уланбек Эгизбаев "Улут абийири" наамына ылайык деп табылды. Бул сыйлыкты Интеллектуалдар альянсы негиздеген "Чеч-Дөбө" кеңеши ыйгарат. Сыйлыктын толук аталышы - Салижан Жигитов атындагы "Улут абийири" наамы. Бул сыйлык 2017-жылы негизделип, алгач ирет журналист Нарын Айыпка берилген. Уланбек Эгизбаевге ыйгарылган сыйлыктын статуэткасы, акчалай сыйлыгы жана диплому 18-октябрда Бишкекте Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө тапшырылат. Ага ата-энеси, жубайы чакырылат. Читать дальше...
Кыргызстандын кубогу үчүн беттеште Бишкектин “Дордой” футбол клубу Оштун “Алай” командасын 3:2 эсебинде жеңип алды. Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 6-октябрда өткөн таймашта "Дордойдон" Бекжан Сагынбаев (эки жолу) жана Миралим Ахмедов, "Алайдан" Акрам Умаров жана Иляс Салимов гол киргизишти. Кыргызстандагы эки алдыңкы клуб, бири-бирине дайыма атаандаш болуп келген “Дордой” менен “Алай” үчүнчү ирет Кыргызстандын кубогунун финалында беттешип, баарында "Дордой" жеңишке жетти. ... Читать дальше...