«Талибан» кыймылынын согушкерлери 13-октябрда Фарах провинциясындагы көзөмөл-өткөрмө бекетине чабуул жасап, андан он жети аскер өлүп, дагы он бир киши барымтага алынды.
Кол салууда дагы төрт жоокер жаракат алганы кабарланды. Согушкерлер курал-жарак, ок-дарыларды да алып кетишкен.
Ооганстандын Коргоо министрлигинин өкүлү Гафур Ахмад Жавед бул районго кошумча күч жиберилгенин, талибдер да оор жоготууга учураганын маалымдады.
14-октябрда Забул облусунун түштүгүндө полиция башчысы талибдер менен кагылышууда каза болду.
Ооганстанда 20-октябрга белгиленген парламенттик шайлоону утурлай жасалган бул кол салуулар үчүн жоопкерчиликти «Талибан» кыймылы өзүнө алды.
13-октябрда Тахар провинциясында парламентке ат салышкан аялдар шайлоочулар менен жолугушуп жаткан учурда бомба жарылып, 22 кишинин өмүрүн алган. Бул үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек.
Андан мурда Герат провициясында да согушкерлер шайлоо тилкесине кол салып, күзөтчү жана наристенин өмүрү кыйылган.
Өлкөдө акыркы айларда «Талибандын» күч органдарынын кызматкерлерине, өкмөттүк мекемелерге кол салуулары күчөдү. Аталган кыймыл парламенттик шайлоону «америкалык кутум» деп атап, ага каршы туруу үчүн болгон аракетин көрө турганын билдирди.