Добавить новость


World News in Kyrgyz
Ria.city


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Сентябрь
2018

Новости за 22.09.2018

Azattyk.org 

Элечек кийген "Жоконда"

Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Улуттук сүрөт музейинде “POSTTOTAL18” деген аталыштагы сүрөт көргөзмөсү эшигин ачты. Мында көрүүчүлөр эски менен жаңынын айкалышында жаралган өзгөчө искусство өнөрүнө күбө боло алат.

Azattyk.org 

Жогорку Соттун төрайымы ызы-чуусуз шайланды

Жогорку Соттун төрайымы болуп судья Гүлбара Калиева шайланды. Аны менен кошо үч орун басар да алмашты. Соттор өздөрү жаңы жетекчилик кесипкөйлүгүнө карап тандалганын айтышууда. Ошол эле кезде өлкөнүн башкы соттук кызматына келген Калиеванын калыстыгынан шек санагандар да чыкты. Мындан сырткары мурдагы төрайымдын кайра орун басар болуп дайындалышы да сынга кабылды.

Azattyk.org 

Зууракан Каденова кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Каденова Зууракан Ажимаматовна Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.  Бүгүн Зууракан Каденова Түштүк Кореянын борбору Сеул шаарынын аэропортунан учакка мас абалында кирип, ызы-чуу чыгарганы кабарланган. Бул тууралуу алгач Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова өзүнүн баракчасына жазып чыккан. Читать дальше...

Azattyk.org 

Ирандагы теракттан 24 киши набыт болду (видео)

Ирандын Ахваз шаарында аскерий парад учурунда элге ок атылды. Акыркы маалымат боюнча 24 киши каза таап, 60тай киши жараат алды. Бул тууралуу Reuters маалымат агенттиги Ирандын мамлекеттик телевидениесине таянып жазып чыкты. Ок сахна тараптан атылган. Терорчулар аскерий кийим кийип алып, элге ок чыгарган. Мамлекеттик маалымат каражаттары ок атууга исламдын радикалдуу такфиризм идеологиясынын тарапташтары жооптуу экенин айтышууда. Ошол эле учурда өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган экстремисттик топ терактка жоопкерчилик алганы маалым болду... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кытай АКШ менен соода сүйлөшүүлөрүн токтотту

Бээжин мындай чечимди АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы кытай товарларына төлөмдөрдү жогорулаткан соң кабыл алды. Бул тууралуу The Wall Street Journal кабарлады. Басылманын маалыматына караганда Кытай Вашингтонго барчу эки делегациясынын сапарын токтоткон. Жолугушуулар жакынкы күндөргө белгиленген.  Трамп 18-сентябрда Кытайдын товарларына жаңы төлөмдөрдү киргизген. Алар кийинки жумадан тартып күчүнө кирип, Кытайдын 200 миллиард долларлык экспорттук товарына таасир этмек. Трамп... Читать дальше...

Azattyk.org 

Жогорку Сотко жаңы төрайым шайланды

Жогорку Соттун төрайымы болуп судья Гүлбара Калиева шайланды. Аны менен кошо үч орун басар да алмашты. Соттор өздөрү жаңы жетекчилик кесипкөйлүгүнө карап тандалганын айтышууда. Ошол эле кезде өлкөнүн башкы соттук кызматына келген Калиеванын калыстыгынан шек санагандар да чыкты. Сын-пикирлерге мурдагы төрайым Айнаш Токбаеванын кайра орун басар болуп дайындалышы да себеп болууда.




Azattyk.org 

"Аракеч атам жүрөктү муздатты..."

Атасы аракеч студент кыз үй-бүлөдөгү энелерге, балдарга болгон зомбулукту айтып, "Азаттыкка" кайрылды. Ал аракеч адамдарды ичимдигин таштап, балдарга көңүл бурууга чакырды. 21 жаштагы Айжамал энесинин укугун коргойм деп, ушу тапта юридикалык факультетте окуп жатат.

Azattyk.org 

23-сентябрга карата аба ырайы

23-сентябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаап, бийик тоолуу райондордо жайгашкан жайлоордо жаан карга айланат. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 9...11, күндүз 18...20, Таласта түнкүсүн 10...15, күндүз 22...27, Ош, Баткен, Жалал-Абадда түнкүсүн 7...12, күндүз 23...25, Ысык-Көлдө түнкүсүн 7...12, күндүз 13...18 Нарында түнкүсүн 5...10, күндүз 14...19. Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Читать дальше...

Azattyk.org 

Султанов: Социалдык өнүгүү министринин орун басары соолуга элек

Бүгүн эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Түштүк Кореянын борбору Сеул шаарынын аэропортунан учакка мас абалында кирип, ызы-чуу чыгарган. Бул тууралуу алгач Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова өзүнүн баракчасына жазып чыккан. Кийин "Азаттык" бул маалыматты Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султановдон да тактады. Анын айтымында мамлекеттик кызматкер учакка мас абалында кирип, ызы-чуу чыгарган. Экипаж анын айынан бардык жүргүнчүлөрдү түшүрүүгө мажбур болуп, рейс бир нече убакытка кечиккен. Читать дальше...

Azattyk.org 

Жемкорлук уялаган жерде өрт күчөйт

Улуттук филармония, ири базарлар, "Арзу" рестораны, "Супара" этнокомлекси ж.б. коомдук эс алуучу жана соода жайларынын өрттөнүп кетишине эмне түрткү болду? Эл көп жүргөн жерлерде тилсиз жоонун алдын алууга болобу?

Azattyk.org 

Шыкмаматов: Текебаевдин иши жаңы жагдайлар менен кайра каралсын

«Ата Мекен» фракциясы Өмүрбек Текебаевдин ишин жаңы жагдайлар менен кароо өтүнүчү менен сот, прокуратура органдарына кайрылат. Бул тууралуу фракциянын лидери Алмамбет Шыкмаматов Таласта өткөн көчмө жыйында билдирди: - Текебаев ак жеринен эркинен ажырады. Ошондуктан, азыркы жаңы бийлик, жаңы сот системасы, жаңы идеология, адилеттүүлүк орносун, калыстык келди деген заман чын болсо, Текебаев чыгышы керек. Анткени Текебаев ак жеринен отурганын алты миллион эл билет. Бир далил жок Атамбаев өзүнүн кызыкчылыгы үчүн бир шылуунду алып келип... Читать дальше...

Azattyk.org 

Чындык издеген ата Баткенден Бишкекти карай жөө жүрүшкө чыкты

Баткен районунун Бужум айылынын тургуну Сайдираим Абдилатов уулу Кимсанбайдын жок жерден жол кырсыгына күнөөлөнүп эки айга камакка алынганына нааразы. Буга байланыштуу ал Бишкекке карай жөө жүрүшкө чыкты. 25-август түнү Кызыл-Кыя шаар аймагында белгисиз айдоочу бир кишини койдуруп, качып кеткен. Жабырлануучу окуя болгон жерден эле каза тапкан.  Баткен облустук ички иштер башкармалыгы Кимсанбайды шектүү катары кармоого соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы себеп болгонун кабарланган. Шектүүнүн... Читать дальше...

Azattyk.org 

Орусияда пенсия курагын жогорулатууга каршы акциялар өтүп жатат

22-сентябрда Орусиянын бир катар шаарларында пенсия курагын көтөрүү демилгесине каршы чыккандар нааразылык акциясын өткөрүштү. Айрым шаарларда ушундай эле нааразылык акциялары 23-сентябрда өтөрү айтылып жатат. Митингдерди Орусия Федерациясынын коммунисттер партиясы, Солчул фронт, Орусиянын элдик патриоттор бирикмеси уюштурууда. 9-сентябрда да Орусиянын ондогон шаарларында оппозициячыл Алексей Навальный уюштурган ушундай тариздеги митингдер болуп өткөн. Алардын көбү жергиликтүү бийлик өкүлдөрү... Читать дальше...

Azattyk.org 

Адамдын ишин талашкан роботтор келди

2025-жылы дүйнөдөгү иштердин көбүн роботтор жана алгоритмдер аткарып калат. Дүйнөлүк экономикалык форумдун соңку иликтөөсү мына ушундай жыйынтык берди.

Azattyk.org 

Бүгүн "Кыргызстанды кыдырабыз" деген балдардын китебинин бет ачары болот

Балдарга арналган "Кыргызстанды кыдырабыз" аттуу китептин бет ачары Касымалы Баялинов атындагы китепканада өтөт. Китеп Кыргызстандын жети дубаны жөнүндө жазылган.  Бул тууралуу "Роза Отунбаеванын демилгелери" фондунун кызматкери Нурзат Жээнбаева "Азаттыкка" билдирди. - Бул китеп эки тилде басылып чыкты. Орус тилинде 2000 нуска менен, кыргыз тилинде миңден ашык нуска менен чыкты. Бир үй-бүлө Кыргызстанды бир жылдын ичинде кыдырып, аны аңгеме катары айтып берет. Анда ар бир дубандын көрүнүктүү кооз жана тарыхы зор жайлары сүрөттөлгөн. Читать дальше...

Azattyk.org 

Чемпион Төрөкан Багынбай уулун жакындары Ош шаарынан тосуп алды

Индонезияда өткөн Жайкы Азия оюндарында жиу-житсу боюнча алтын байгенин ээси болгон Төрөкан Багынбай уулун Ош Эл Аралык аэропортунан тосуп алышты. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, спортчунун ата-энеси, жакындары, шаар жаштары жана спорт сүйүүчүлөр спортчуну аскердик оркестрдин коштоосунда салтанаттуу тосуп алышты. ​- Өлкөбүздүн, сүйүктүү шаарыбыздын намысын чет өлкөдө коргоо мен үчүн сыймык. Бизди ушундай мелдештерге жиберип, жетишкендиктерде колдогон, ата-энелерибизге, Ош шаарынын мэриясына, шаардык дене тарбия жана спорт комитетине... Читать дальше...

Azattyk.org 

Жогорку Соттун төрайымы болуп Гүлбара Калиева шайланды

Жогорку Соттун төрайымы болуп Гүлбара Калиева шайланды. Бул тууралуу жыйынга катышкан "Азаттыктын" кабарчысы маалымдады. Гүлбара Калиева 2015-жылдын сентябрь айынан баштап Жогорку Соттун судьясы болуп иштейт. Ал 1981-жылы Жданов атындагы Ленинград мамлекеттик университетин аяктаган. Жогорку Соттун мурдагы төрайымы Айнаш Токбаева мыйзамга ылайык, үч жылдык мөөнөтү аяктаганына байланыштуу кызматынан 21-сентябрда кеткен. Ал 2015-жылдын 22-сентябрында шайланган. Айнаш Токбаева мурдараак жыйынтыктоочу маалымат жыйын өткөрүп жатып... Читать дальше...

Azattyk.org 

Таласта "Ата Мекен" фракциясынын көчмө жыйыны өтүп жатат

Таласта "Ата Мекен" фракциясынын көчмө жыйыны өтүп жатат. Бул тууралуу жыйынга катышып жаткан "Азаттыктын" аймактагы кабарчысы Альбина Сулайманова билдирди. Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүндө өтүп жаткан иш-чарада айыл чарба жана билим берүү тармагы боюнча сөз болот. Эл өкүлдөрү мектептердин кышка даярдыгынан кабар алып, көптөн бери курулушу аяктай элек мектептер боюнча да маселе козгойт. Дыйкандарга кредит берүү тууралуу сөз кылышат. Жыйынга "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов... Читать дальше...


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus