Кытай АКШ менен соода сүйлөшүүлөрүн токтотту
Басылманын маалыматына караганда Кытай Вашингтонго барчу эки делегациясынын сапарын токтоткон. Жолугушуулар жакынкы күндөргө белгиленген.
Трамп 18-сентябрда Кытайдын товарларына жаңы төлөмдөрдү киргизген. Алар кийинки жумадан тартып күчүнө кирип, Кытайдын 200 миллиард долларлык экспорттук товарына таасир этмек. Трамп өзүнүн мындай чечимин Кытайдын адилетсиз соода саясаты менен түшүндүргөн.