Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Султанов: Социалдык өнүгүү министринин орун басары соолуга элек

Бүгүн эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Түштүк Кореянын борбору Сеул шаарынын аэропортунан учакка мас абалында кирип, ызы-чуу чыгарган.


Бул тууралуу алгач Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова өзүнүн баракчасына жазып чыккан.




Кийин "Азаттык" бул маалыматты Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султановдон да тактады.


Анын айтымында мамлекеттик кызматкер учакка мас абалында кирип, ызы-чуу чыгарган. Экипаж анын айынан бардык жүргүнчүлөрдү түшүрүүгө мажбур болуп, рейс бир нече убакытка кечиккен. 


- Биздин элчиликке аэропорттон дипломатиялык паспорту бар жараныбыз самолеттон чыр чыгарып, түшпөй мас абалында жүрөт деген маалымат келди. Биздин консул бир кызматкер менен чогуу аэропортко барды. Бир-эки сааттай убакытта жетишти. Учактан чыкпай койгондугу үчүн элдин баарын түшүргөнгө аргасыз болушуптур. Жүргүнчүлөрдү кайра башынан каттоодон өткөрүшүптүр. Учак кечигүү менен учуп кетти. Ал айым өзүнө келе элек. Мен ага мейманканада эс алып, эртең учуңуз деп сунуштадым, бирок ал "мен бүгүн кетишим керек" деп жатыптыр. Air Astana аны "кара тизмеге" киргизиптир. Ошол себептүү азырынча башка авиакомпаниялардан билет табылбай жатат. Биздин маалымат боюнча ал дагы башка эки кызматкер менен Сеулга окууга келген, -деди Султанов. 


Кылычбек Султанов маалымат каражаттары жазгандай, мас болгон кызматкердин ысымы Зууракан Каденова экенин ырастады. 




Ал арада президенттин аппаратынын басма сөз өкүлү Толгонай Стамалиева билдирүү таратып, сөз болуп жаткан кызматкер президент Сооронбай Жээнбековдун жээни деген маалыматты жокко чыгарды.


- Сеулдагы министрдин орун басарынын катышуусу менен болуп өткөн инцидентке байланыштуу журналисттерден көптөгөн телефон чалуулар болууда. Ошого байланыштуу ал айым Кыргыз Республикасынын президентинин жээни деген маалыматты расмий төгүндөйбүз. Президенттин тапшырмасына ылайык Тышкы иштер министрлиги маалыматты тактап жатат. Маалымат ырасталса, премьер-министрге ал кызматкерге карата тийиштүү чара көрүү тапшырмасы берилди.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus