Добавить новость


World News in Kyrgyz
Ria.city


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer
Июль
2018

Новости за 21.07.2018

Azattyk.org 

Казакстан спортчу Денис Тенди акыркы сапарга узатууда

Казакстандын Алматы, Астана шаарларында көркөм муз тебүү боюнча белгилүү спортчу Денис Тен менен коштошуу зыйнаты өтүп жатат. Коштошуу митинги Алматыда Балуан Шолак атындагы спорт сарайында, Астанада “Барыс-Арена” спорт-комплексинде өтүүдө. Учурда спортчу менен коштошууга келгендердин саны миңден ашты. Казакстанда көркөм муз тебүүнүн чебери Денис Тендин өлүмүнө шектелгендердин экинчиси кармалганын Казакстандын Ички иштер министрлиги 20-июль күнү билдирген. Ал Кызылордо облусунун 23 жаштагы Арман Кудайбергенов аттуу тургуну экени кабарланды. Читать дальше...

Azattyk.org 

Рахмонду кемсинткен мигрант соттолмок болду

Тажик мигранты "Улуттун лидери наамы бар өлкөнүн президентин социалдык түйүндөрдө кемсинткен" деп айыпталып жатат. Анын үстүнөн козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, соттун кароосуна жөнөтүлгөнү турат. Муминабад районунун тургуну өткөн айда Москвадан мекенине учуп келгенде аэропорттон кармалган.

Azattyk.org 

"Атамбаевдин сөзү логикага жатпайт"

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимов соттун чечими менен тергөө аяктагыча, 29-августка чейин камакка алынды. Бирок Ибраимовдун адвокаты Сергей Слесарев алар бул чечимге каршы Бишкек шаардык сотуна даттанышаарын билдирди. Бул аракеттерди Албек Ибраимов өзү жана экс-президент Алмазбек Атамбаев "саясий куугунтук" деп баалап келатат. Ушуга байланыштуу "Азаттык" саясат талдоочу Даниел Кадырбековду кепке тартты.

Azattyk.org 

Милиция: Бомба бар деген маалыматтар жалган чыкты

20-июль күнү кечки саат сегизге чукул милицияга Бишкектин Киев менен Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде жана Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын аймагында жардыруучу зат бар деген маалымат түшкөн. Аталган эки аймакта тең ыкчам издөө иштери жүргүзүлүп, эч кандай шектүү заттар табылган эмес. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, опера жана балет театрынын жанынан чемодан табылып, бирок анын ичинде жардыруучу зат болгон эмес. Буга... Читать дальше...

Azattyk.org 

Быйыл Чек ара кызматында беш коррупциялык факт аныкталды

Мамлекеттик чек ара кызматынын коллегиясынын 20-июлда өткөн кезектеги отурумунда аталган мекемеде коррупция ыктымалдыгы жогору бир нече зона аныкталганы маалымдалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди. Ошондой эле жыйында 2018-жылдын биринчи жарымында аскер адамдары аралашкан коррупциялык беш факт аныкталганы айтылды. Бул багытта учурда тиешелүү органдар кылмыш иштерин козгоп, тергеп жатат. Кыргызстанда бийлик коррупцияга каршы аесуз күрөш башталганын байма-бай жарыялап жатат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кымбат Акмолдоева апа 84кө карап дүйнө салды

Кыргыздын чыгаан тарыхчысы Өмүркул Караевдин жесири Кымбат Акмолдоева апа 20-июлда саат 18:30да оорунун айынан дүйнөдөн кайтты. Ал быйыл 7-январда 83 жашка чыккан болчу. Кымбат Акмолдоева Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Социалчы айылында (азыркы Доктурбек Курманалиев атындагы айылда) туулуп-өскөн. Ал Бишкектин түштүк-чыгыш четиндеги Көк-Жар кыштагында агартуу тармагында (анын ичинде Көк-Жардагы орто мектептин директору, окуу бөлүмүнүн башчысы жана кыргыз тили жана адабияты боюнча мугалим болуп) 40 жылдай иштеп келип... Читать дальше...


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus