“Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” программасы Тарых музейиндеги мумия баш болгон экспонаттардын чоо-жайын иликтеди. Программанын жүрүшүндө мумияны көмүүдө мыйзамдар одоно бузулганы, чечим кабыл алууга бүбү-бакшылардын гана кайрылуусу негиз болгону белгилүү болду. Ал арада маданият министри Султан Жумагулов жана айрым депутаттар Баткенге көмүлгөн аялдын сөөгүн кайра казып келүү демилгесин көтөрүүдө.
Бул тууралуу Орусиянын “Интерфакс-Юг” агенттиги өзүнүн полициядагы ишенимдүү булактарына шилтеме жасап кабарлады. Агенттиктин маалыматына караганда, Сочиде бүгүн тротуарга чыгып кетип, алты кишини сүзгөн автоунаанын айдоочусу, 23 жаштагы жергиликтүү тургун полицияга таксист экенин, машине айдап баратып көзү илинип кеткенин, акыркы эки суткадан бери уктабаганын айткан. Жол кырсыгы бүгүн Сочинин Лазарев районунун Дагомыс поселогунда, коомдук транспорттун “Чаяная фабрика” деген аялдамасында болгон. Читать дальше...
Эгемен Кыргызстандын тарыхында Жогорку соттун судьяларына биринчи ирет кылмыш иши козголду.
Баткен облусунун Лейлек районундагы Бешкент айыл өкмөтүнө караштуу аймактагы май куючу станцияда өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, өрт тууралуу кабар бүгүн кечки саат 20:31 чамасында түшкөн. Аны өчүрүүгө бир өрт өчүрүүчү бөлүм тартылган. (MdN)
Ооган бийлиги билдиришкендей, өлкө түндүгүндөгү Фаряб провинциясында өкмөтчүл кошуундун кол башчысы камалгандан кийинки нааразылыктын арты кагылышууга айланган. Провинция кеңешинин төрагасы Мохаммад Тахирдин айтымында, атышуудан кеминде бир киши өлүп, сегиз адам жарадар болду. Жергиликтүү кол башчы, ошол эле учурда райондук полиция башчысынын кызматын да аркалаган Низамуддин Кайсаринин бошотулушун талап кылып, Фаряб провинциясынын борбору Маймана шаарында акыркы эки күндөн бери жүздөгөн адам чогулду. Читать дальше...
Мелдештин алкагында төрт команда күч сынашкан.
Москва облусунда 250дөн көп өзбекстандык мигранттар мекенине кете албай бир нече күн көчөдө калышты. Польшада талаштуу сот реформасына каршылык күчөдү. Европа Биримдиги да Варшава бийлигинин үстүнөн бул реформа боюнча териштирүү баштады. Беларуста фашизмдин калдыктарынан арылууга үндөгөн акцияда оппозициянын лидерлери кармалды.
Ирандын президенти Хасан Роухани мындай көз карашын бүгүн Венада Австриянын бийлик өкүлдөрү менен жолуккан соң айтты. Роухани белгилегендей, дүйнөнүн 2015-жылы түзүлгөн келишимге катышкан башка державалары Тегерандын кызыкчылыгына кепилдик берген шартта алар бул келишимде кала берет. “Келишимден баш тартуудан Кошмо Штаттар да, башка өлкөлөр да пайда көрбөйт”,- деди Ирандын президенти. Роухани баштаган ирандык делегация Австрияга чейин Швейцарияда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Эми 6-июлда Ирандын... Читать дальше...
АКШ менен Орусиянын президенттеринин жолугушуусуна эксперттик деңгээлде даярдык жүрүп жатат. Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди: - Эксперттик деңгээлде даярдык уланып жатат. Алдын-ала айтканга эрте, бирок биздин Кошмо Штаттар менен мамилебизге көлөкө түшүргөн бардык маселелер боюнча ачык сүйлөшүүнү күтүп жатабыз. Сергей Лавров кошумчалагандай, ал жана АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео президенттер Дональд Трамп менен Владимир Путиндин 16-июлга Хельсинкиге белгиленген саммитинен кийин жолугушмакчы. Читать дальше...
Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн бириктирген алтернативдүү жолдун 2014-жылы башталган курулушу аяктай элек. Бул аралыкта бир миллиард долларга бааланган ири долбоордун айланасында ар кандай кептер тарап, Жогорку Кеңеште коротулган каражаттын мыйзамдуулугун иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлдү. Долбоорду ишке ашырып жаткан Кыргызстандын Транспорт министрлиги дооматтарды четке кагып, курулуш иштери менен журналисттерди жеринен тааныштырып, иштин чоо-жайын түшүндүрүүгө аракет жасады.
Былтыртан бери Нарында жашап жаткан кырктан ашуун памирлик кыргыздын он сегизи бүгүн Ооганстанга жөнөп кетти. Эки үй-бүлө кыргыз өкмөтү турак жай бербесе келе албасын айтышты. Нарын шаарындагы кесиптик лицей менен орто мектепте окуп жаткан балдар күзүндө кайра келип, окуусун улантары кабарланды.
Россиядагы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын плей-офф таймаштары аяктап, чейрек финалга чыккан командалар аныкталды. Футбол чемпионаты кары-жаш дебей баарын арбап, бүйүрүн кызытып жогорку деңгээлде өтүп жатат.
Орусиянын Тергөө комитети "Санкт-Петербургдун метросундагы жардырууну уюштурган" деп айыпталган "Катиба Таухид валь-Жихад" диний уюмунун лидери кыргызстандык Сирожиддин Мухтаров экенин маалымдады.
Ысык-Көл облусунун Тоң айылында кезектеги этно-фестивалга даярдык көрүлүп жатат. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлагандай, этномаданий туризмди жана көчмөндөр цивилизациясынын салттарын улантуу максатын көздөгөн бул иш-чара 15-июлда өтөт. «Тескей Жээк» фестивалына келгендерге түрдүү улуттук ат оюндары тартууланып, «Салбуурун» көрсөтүлөт, кол өнөрчүлүк боюнча ар кандай мастер-класстар уюштурулат. «Кут» үй-бүлөлүк ансамбли концерт тартуулап, чогулгандар баары биригип кара жорго бийлешет. Читать дальше...
Ысык-Көл облусунун Тоң айылында кезектеги этнофестивалга даярдык жүрүп жатат. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлагандай, этномаданий туризмди жана көчмөндөр цивилизациясынын салттарын улантуу максатын көздөгөн бул иш-чара 15-июлда өтөт. «Тескей Жээк» фестивалына келгендерге түрдүү улуттук ат оюндары тартууланып, «Салбуурун» көрсөтүлөт, кол өнөрчүлүк боюнча ар кандай мастер-класстар уюштурулат. «Кут» үй-бүлөлүк ансамбли концерт тартуулап, чогулгандар баары биригип кара жорго бийлешет. Читать дальше...
Алмаз Сазбаков ээлеген кызматынан бошотулуп, кыргыз өкмөтүнүн Евразия Экономикалык Биримдигиндеги (ЕАЭБ) иштери боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу буйрукка бүгүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Сазбаков буга чейин экономика министринин орун басары болуп иштеп жаткан.
Талас шаарындагы мектептерде окуган 1-2-4-класстын окуучулары менталдык арифметика боюнча Дубай шаарында өткөн эл аралык олимпиадада кубок, медаль жана диплом менен сыйланышты. Бул тууралуу «Азаттыкка» олимпиадага тогуз жаштагы уулу Мирбекти алып барган Перизат Мамырова билдирди. Өткөн жуманын соңунда жыйынтыкталган акыл таймаштарына Азербайжан, Армения, Индия, Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Өзбекстан болуп жалпысынан онго жакын мамлекеттин окуучулары катышкан. 5 жаштан 16 жашка чейинки окуучулар... Читать дальше...
Талас шаарындагы мектептерде окуган 1-2-4-класстын окуучулары менталдык арифметика боюнча Дубай шаарында өткөн эл аралык олимпиадада кубок, медаль жана диплом менен сыйланышты. Бул тууралуу «Азаттыкка» олимпиадага тогуз жаштагы уулу Мирбекти алып барган Перизат Мамырова билдирди. Өткөн жуманын соңунда жыйынтыкталган акыл таймаштарына Азербайжан, Армения, Индия, Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Өзбекстан болуп жалпысынан онго жакын мамлекеттин окуучулары катышкан. 5 жаштан 16 жашка чейинки окуучулар... Читать дальше...
Бүгүн Биринчи май райондук сотунда мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакуновдун арызы каралды. Токтакунов УКМКнын тергөөчүлөрү ага иш кагаздарынын көчүрмөсүн бербей жатканы тууралуу арызданып, сотко кайрылган. Соттон кийин Исаковдун жактоочусу анын чечими жөнүндө айтып берди: - Бүгүн Биринчи май райондук сотунун судьясы Эрнис Айбек уулу "тергөөчүлөр адвокаттарга иштин материалдарынын көчүрмөсүн бербей коюуга укуктуу" деп бүтүм чыгарды. Соттун айтымында, көчүрмөлөрдү... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мээрбек Мискенбаевге каршы арыз жазган Марипа Алыйкулова анда аудио тасма жазылган диск бар экенин жана тасмада Мискенбаев "Кыргызкөмүрдөн" акча кымырып алганын өз оозу менен айтып жатканын "Азаттыкка" билдирди: - Былтыр 2017-жылы мага диск келип түшкөн. Дисктеги аудио тасмада Мээрбектин сүйлөгөн сөзү бар. Ал "Кыргызкөмүрдү" жеген жокмун" деп жатпайбы. Аудио тасмада ал "ооба, мен жеп койдум, жебеген жердин астында" деп айткан сөздөрү жазылган. Буга чейин эле мага коркутуп-үркүтүү болуп жаткан. Читать дальше...
Кыргызстандын ЖИА бизнес-ассоциациясы менен Өзбекстандын Соода-өнөр жай палатасы кызматташмай болду. Эки тараптуу меморандумга Ташкент шаарында кол коюлганын бүгүн “Азаттыкка” ЖИАнын башкармалыгынын төрагасы Темирбек Ажыкулов билдирди: - Кыргыз менен өзбек бизнесинин ортосунда көпүрө болуу максатында жана ошол эле учурда маалымат алмашып, ишкерлер ортосунда байланышты бекемдейли деген максатта кол койдук. Себеби биздин ишкерлерден Өзбекстан менен иштешүү тууралуу көптөн бери талаптар түшүп жаткан. Читать дальше...
Бишкекте кош бойлуу келин төрөт үйүнүн короосунда көз жарды. Аны чагылдырган видеотасма бир күн мурда социалдык тармактарда пайда болду. Бул окуядан кийин көпчүлүк Интернет колдонуучулар төрөткананы айыптап чыкты.
Кыргызстанда пенсияга чыгуу курагын узартуу тууралуу азырынча эч кандай сунуш, талкуу жок. Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” Социалдык фонддун коомчулук менен байланыш башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Муканбетов билдирди: - Пенсияга чыгуунун жаш курагын жогорулатуу боюнча эч кандай мыйзам долбоорун иштеп чыккан жокпуз. Мындай сөз мурда жалпы реформа тууралуу кеп болгондо бир айтылган, бирок иш жүзүндө эч кандай аракет көрүлгөн жок. Кечээ айрым маалымат каражаттары Соцфонд жеңилдик берилүүчү категориядагы... Читать дальше...
Польшада ушул шаршембиден тартып өлкөнүн сот системасын реформалоо боюнча жаңы мыйзам күчүнө кирди. Ага ылайык өлкөнүн Жогорку сотунун төрайымы кызматтан кетиши керек эле. Бирок 65 жаштагы Малгожата Герсдорф жаңы мыйзамга баш ийбей ишке чыгышын ал Конституцияга каршы келери менен түшүндүрдү жана кызматта 2020-жылга чейин калышы керек экенин белгиледи. Бийликтеги “Укук жана адилеттүүлүк” партиясы колдогон мыйзам боюнча Жогорку соттун судьяларынын үчтөн бир бөлүгү кызматтарынан кетиши керек эле. Читать дальше...
Британ полициясы Солсбери шаарынын жанындагы Эймсбери шаарчасында эс-учун жоготкон эки киши табылганын маалымдады. 30-июнда табылган аял менен эркектин абалы оор деп бааланууда. Бул кабарды бийлик 4-июлда таратып, экөө тең белгисиз уулуу затка кабылган болушу мүмкүн экенин билдирди, бирок анын түрү азырынча аныктала элек. Алар барган жайлар коопсуздук себептеринен улам курчоого алынды. Эймсбери Солсбериден 11 чакырым жерде орун алган. Март айында ал шаарда орусиялык экс-тыңчы Сергей Скрипаль менен кызы Юлия ууландырылган. Читать дальше...