Франциянын футбол боюнча улуттук курама командасы Орусияда өткөн дүйнө чемпионатынын финалында хорватиялык атаандаштарын жеңип, экинчи жолу дүйнө чемпиону болду. Москва шаарындагы "Лужники" стадионунда өткөн финалдык таймаш 4:2 эсебинде француздардын пайдасына аяктады. Оюндун 18-мүнөтүндө Хорватия командасынын оюнчусу Марио Манжукич биринчи голду өз дарбазасына башы менен киргизип алып, атаандашына пайда алып келди. 28-мүнөттө хорватиялык Иван Перишич эсепти теңөөгө жетишти. 38-мүнөттө Антуан... Читать дальше...
Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалы Москва шаарындагы "Лужники"стадионунда өттү.
Сербиялык Новак Жокович төртүнчү жолу абройлуу Уимблдон таймашында жеңүүчү аталды. Ал финалда түштүк африкалык Кевин Андерсонду 6-2, 6-2, 7-6 эсебинде жеңип, "Чоң шлем" сериясындагы турнирде 13-ирет жеңишке ээ болду. Андерсон жарым финалда америкалык Жон Иснерди, ал эми Жокович испаниялык Рафаэл Надалды жеңген. 31 жаштагы Жокович эки жылдан бери оң чыканагындагы жараатынан улам чоң мелдештерди жеңе элек болчу. Ал ушул жылдын февраль айында операция жасаткан. 32 жаштагы Андерсон эч качан ири мелдештерде жеңүүчү аталган эмес... Читать дальше...
Британиянын премьер-министри Тереза Мэйдин айтымында, АКШ президенти Дональд Трамп ага Евробиримдикти сотко берүүнү сунуш кылган. Трамп өзү 13-июлда Мэй менен биргелешип журналисттерге курган маалымат жыйынында британ өкмөт башчысына сунуш киргизгенин, бирок Мэй ал сунушту "абдан катаал" деп эсептегенин айткан. 15-июлда Би-би-синин кабарчысынын "ал эмне деген сунуш эле?" деген суроосуна жооп берип жатып Мэй "Ал мага Евробиримдикти сотко беришим керектигин айтты. Ал сүйлөшүүлөргө барба, сотко бер деди"-деп айтты. Читать дальше...
Түркияда 2016-жылы 15-июлда ишке ашпай калган бийликти кулатуу аракетинин курмандыктары эскерилди. Андагы кагылышууларда 250 киши курман болгон. Президент Режеп Тайып Эрдоган баш болгон бийликтин өкүлдөрү Анкарада эки жыл мурда бул күнү курман болгондордун элестерине багыштап куран окушту. 2016-жылы 16-июлга караган түнү аскерлер танктарды, аскердик учактарды жана тик учактарды колдонуп, президент Эрдоганды бийликтен алууга аракет кылышкан. Кагылышуулар Түркиянын бир катар шаарларында, анын ичинде Стамбул менен Анкарада да болгон. Читать дальше...
Ооганстандын баш калаасы Кабулдагы жанкечтинин жардыруусунан кеминде жети киши набыт болуп, 15 адам жаракат алды. Полициянын маалымат катчысы Хашмат Станикзай кол салуу Социалдык өнүктүрүү министрлигинин имаратынын алдында болгонун билдирди. Курман болгондордун арасында жай тургундар жана коопсуздук күчтөрүнүн өкүлдөрү да бар. Министрликтин маалымат катчысы Фрайдун Азханд да бул кабарды ырастап, жанкечти имараттын дарбазасына жакын жерде, кызматкерлер чыгып бараткан маалда өзүн жардырып жибергенин кошумчалады. Читать дальше...
Балбан мелдешкен жиу-житсунун Ne Waza версиясында спортчуларды курларга бөлүү дегени жок, маселен, бир салмак категориясында көк курдун ээси ак курдун өкүлү менен күч сынашып калышы мүмкүн.
Ооганстандын аймагындагы Памир тоолорун байырлаган кыргыздардын башчысы Эраалы хан 68 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган аймакты изилдеген журналист Жаңыл Жусупжан кабарлады. “Памир Пресс” басылмасы катуу ооруган Эраалы хан Тоолуу-Бадахшандан Мургабдагы ооруканага жеткирилгенин, ал ошол жерден үзүлгөнүн кабарлаган. Эраалы хан 400 түтүнгө чукул кыргыздарды бир нече жылдан бери башкарып келген. Эми анын ордуна уулу Жээнбай Ооганстандагы кыргыздарга башчылыкка дайындалышы мүмкүн. Читать дальше...
Ооганстандын аймагындагы Памир тоолорун байырлаган кыргыздардын башчысы Эраалы хан 68 жашында көзү өттү. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган аймакты изилдеген журналист Жаңыл Жусупжан кабарлады. “Памир Пресс” басылмасы катуу ооруган ханды Тоолуу-Бадахшандан Мургабдагы ооруканага алып барышканын кабарлаган. Эраалы хан 400 түтүнгө чукул кыргыздарды бир нече жылдан бери башкарып келген. Эми анын ордуна уулу Жээнбай Ооганстандагы кыргыздарга башчылыкка дайындалышы мүмкүн. (BCh)
Түгөлбай Сыдыкбековдун “Аксур” аңгемеси 1972-жылы жазылган. Сүрөткердин аңгемечилик өнөрү жайында негедир кеп деле болбойт. Кыязы, анын көлөмдүү романдары мыкты аңгемелери менен поэзиясын жаап, көп окурмандар Сыдыкбековду даркан романчы катары гана таанып калган окшойт.
Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 16…21, күндүз 31…36, Таласта түнкүсүн 13…18, күндүз 28…33, Баткенде, Ош менен Жалал-Абадда түнкүсүн 19…24, күндүз 32…37, Ысык-Көлдө түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27, Нарында түнкүсүн 9…14, күндүз 23…28, Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1...+4, күндүз 9…14 градус болот. 16-июлда Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Читать дальше...
Грузиянын парламенти көпчүлүк добуш менен Мамука Бахтадзе жетектеген өкмөттүн жаңы курамын бекитти. Бул үчүн депутаттар түн ортосуна чейин иштешти. Анда премьер-министр өзүнүн негизги милдети катары экономикалык реформаларды жүргүзүү, Евроатлантикалык уюмдар менен интеграцияны атады. Парламент алдында сүйлөп жатып, 36 жаштагы премьер “абхаз жана осетиндер менен тынчтыкта жашаган европалык мамлекетти курууга” убада берди. Бул өкмөткө парламенттеги 101 депутат макул болуп, 12си каршы чыкты. Парламенттеги... Читать дальше...
Тоң районунда өтүп жаткан “Тескей жээк” этнофестивалы учурунда бүркүт кол салган сегиз жаштагы кыздын абалы дурус. Бул тууралуу окуяга күбө болгон режиссер Эрнист Абдыжапаров “Азаттыкка” билдирди. Ал кызды ооруканага алып барып, дарыгерлер жаракатын тигип, үйүнө жибергенин айтты: - Бул жерден эч кимди күнөөлөп болбойт. Парад учурунда бүркүтчүлөр куштарды агытып жатканда кыз тыюу салынган жерден капилет чыга калды. Бүркүт ага жаныбарларды тыткандай катуу кол салбаптыр. Азыр абалы жакшы, - деди режиссер. Читать дальше...
АКШ жана Түндүк Кореянын делегациялары Корей жарым аралындагы согуш учурунда каза болгон америкалык аскерлердин сөөгүн кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Сүйлөшүү Пханмунжом чек ара пунктунда өттү. Алгач жолугушууну 12-июлда өткөрүү сүйлөшүлгөн. Бирок түндүк кореялык тарап даярдык бүтпөй калганын себеп кылып, 15-июлга жылдырган. 1950-53-жылдардагы Корей согушунда жети миңден ашуун америкалык аскер дайынсыз жоголгон. Пентагондун маалыматы боюнча, буга чейин Түндүк Корея бийлиги 200гө жакын... Читать дальше...
АКШнын ички коопсуздук министри Кирстен Нильсен өлкөнүн шайлоо системасы орус хакерлеринин чабуулунан жетишерлик корголбогонун айтып чыкты. Бул тууралуу министр АКШ штаттарынын вице-губернаторлорунун алдында сүйлөп жатып билдирди. Анын айтымында, америкалык чалгынчылар электоралдык инфраструктураны бузууга багытталган сырткы чабуулдарды байкап жатышат. Ошондой эле Нильсен быйыл ноябрдагы Конгресске шайлоо алдында жасалчу чабуулдардын масштабын 2016-жылдагы президенттик шайлоо менен салыштырууга болбой турганын кошумчалады. Читать дальше...
Баткенде 10 миң гектардан ашык өрүк бактарынын түшүмүн жыйноо сезону кызып турат.
Бул жолку футбол боюнча дүйнө чемпионатына кыргызстандык топ тепкичтер катышпаса дагы, мекендештерибиз күйөрман катары барып, тарыхый окуянын бир бөлүгү болуп кала беришти.
Бириккен Улуттар уюму быйылкы жылдын биринчи жарымында Ооганстанда каза болгон жайкын адамдардын саны рекорддук чекке жеткенин жарыялады. Мындай кырдаал бир ай мурун өлкөдө ок атууну токтотуу макулдашуусуна карабай жарыялады. Жарым жылда каза болгон жарандардын саны 1692ни түзгөн. Ал эми 3400дөн ашык адам ар түркүн жараат алган. Каза болгондор көбүн эсе коопсуздук күчтөрү менен согушкерлер ортосундагы салгылашта жана “Ислам мамлекети” террорчул тобу жана талиптер уюштурган жардыруулардан ажал табышкан. Читать дальше...
Ысык-Көлдүн Тоң районунда өтүп жаткан “Тескей Жээк” фестивалынын жүрүшүндө бүркүт тестиер кызга кол салды. Жараат алган кыз ооруканага жеткирилди. Окуянын күбөлөрүнүн айтымында, оюн болуп жаткан чакта бүркүт чакыруу аянтына өспүрүм кыз чуркап кире калган, ошол учурда бүркүт кызды көмкөрөсүнөн басып, кежигесин жана далысын тытып алган. Учурда кыздан абалы канааттандыраарлык. "Тескей жээк" фестивалына келгендерге түрдүү улуттук ат оюндары тартууланып, "Салбуурун" көрсөтүлүп, кол өнөрчүлүк боюнча... Читать дальше...
Быйылкы жылдын алты айында Кыргызстанга ташылып келген бензиндин баасы 2,6 сомго же 6,5%, ал эми дизелдик отундун баасы 4,4 же 11% кымбаттады. Бул тууралуу Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясы кабарлады. Маалыматка ылайык, баанын кымбатташына Орусиядагы мунай заводдорундагы күйүүчү-майдын тартыштыгы себеп болгон. Ал эми июлдан тарта Орусияда бензин базарындагы абал турукташкандыктан Кыргызстанда да күйүүчү майга баа туруктуу кармалары болжолдонууда. Учурда Бишкекте АИ-92 үлгүсүндөгү бензин... Читать дальше...
Бишкек шаарындагы №5 Улуттук компьютердик гимназияны Инновациялык технологиялар мектеп-лицейи катары түзүү сунушталууда. Президенттин тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. Долбоордо мындай чара таланттуу окуучуларга заман агымына ылайык шарт түзүү жана эл аралык деңгээлде атаандаштыкка туруштук берүү максатын көздөй турганы белгиленген. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, 2015-жылы “Билим берүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилген. Ага ылайык, “мектеп-гимназия”... Читать дальше...
Ысык-Көл облусунун Тоң айылында кезектеги этнофестивал өтүүдө. Фестивалды уюштургандын айтымында, бул иш-чара этномаданий туризмди жана көчмөндөр цивилизациясынын салттарын улантуу максатын көздөйт. "Тескей жээк" фестивалына келгендерге түрдүү улуттук ат оюндары тартууланып, "Салбуурун" көрсөтүлүп, кол өнөрчүлүк боюнча мастер-класстар уюштурулууда. Ошондой эле коноктор жергиликтүү таланттардын концертине күбө болуп, фестиваль оюн-зоок программалары менен коштолууда.(AsM)
Булганч абанын кесепетинен дүйнөдө жылына 3,2 млн. киши кант диабетине чалдыгат. Түндүк Америкага алгачкы иттер 10 000 жыл мурда Шиберден барган. Жылаңаяк жүргөн балага пайда.
Ушуну менен боксчу профессионалдар арасында үчүнчү жеңишин камсыздап жатат.