Ирандын президенти Хасан Роухани мындай көз карашын бүгүн Венада Австриянын бийлик өкүлдөрү менен жолуккан соң айтты.
Роухани белгилегендей, дүйнөнүн 2015-жылы түзүлгөн келишимге катышкан башка державалары Тегерандын кызыкчылыгына кепилдик берген шартта алар бул келишимде кала берет.
“Келишимден баш тартуудан Кошмо Штаттар да, башка өлкөлөр да пайда көрбөйт”,- деди Ирандын президенти.
Роухани баштаган ирандык делегация Австрияга чейин Швейцарияда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Эми 6-июлда Ирандын жана 2015-жылы түзүлгөн келишимдин АКШдан бөлөк беш катышуучусунун: Британиянын, Германиянын, Франциянын, Орусиянын жана Кытайдын тышкы иштер министрлери Венада келишимди сактап калуунун жолдорун талкуулаганы жатышат.
АКШнын президенти Дональд Трамп быйыл майда Вашингтон 2015-жылдагы келишимден чыкканын жарыялаганда, Тегеран баллистикалык ракеталарды сыноо, террордук топторду колдоо менен ошол келишимдин “маңызын” бузуп жатканын жүйө келтирген.
Вашингтон азыр Иран менен соода кылган тараптарга анын Тегеранга каршы экономикалык санкцияларынын алгачкы бөлүгү быйыл 4-августтан тартып калыбына келерин эскертүүдө. (UE)