Беларустун Тергөө комитети шайлоо күнү чет өлкөлөрдө өткөн нааразылык акцияларынын 365 катышуучусун аныктап, кылмыш ишин козгой турганын жарыялады. Бул тууралуу маалымат мекеменин Telegram каналында жарыяланды. "Ар кайсы шаарлардагы жыйындарга катышкан 365 адам аныкталды: Вроцлав - 11, Варшава - 203, Белосток - 18, Вильнюс - 29, Нью-Йорк - 39, Прага - 11 жана башкалар", - деди Тергөө комитетинин өкүлү Сергей Кабакович. Ошондой эле Кабакович «Иликтөөнүн алкагында аларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу чечими кабыл алынганын» кошумчалады. Читать дальше...
Соңку бир сутка ичинде кытайлык DeepSeek компаниясынын чат-боту АКШ, Британия жана Кытайда эң көп көчүрүлгөн тиркеме болуп калды. Аны чыгарууга өтө аз каражат сарпталганы тууралуу маалымат бул багытта иш алып барган технологиялык компанияларды дүрбөлөңгө түшүрдү.
Камактагы адвокат Матцаковдун жактоочулары сотко ишенбестик көрсөтүп, судьялар аны четке какты. Бишкек шаардык соту адвокаттын ишине байланыштуу отурумду 30-январда улантмай болду. Президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасы бир-эки жылдын ичинде толук чечиле турганын айтты. Ушул тапта эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясы иштеп жатат. Кытайдын DeepSeek компаниясы R1 деп аталган ChatGPTге окшош жасалма интеллект программасын ойлоп тапкандан кийин дүйнөлүк технологиялык гиганттардын акциялары кескин түшүп кетти.
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-январда ички иштер министри Улан Ниязбековду кабыл алып, коомдук тартипти камсыздоо боюнча чаралар жана укук коргоо органдарындагы реформаларды ишке ашыруу тууралуу маалыматын укту. Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, министр өлкөдөгү 93% кылмыштуулук ички иштер органдарында катталганын, акыркы төрт жылдан бери бул көрүнүш дээрлик 69% азайганын белгилеген. Ушул жылы аткарылчу иш-аракеттердин бири катары санарип милиция системасын түптөө... Читать дальше...
Министрлер кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик автоунааны каттоодо адепсиз, уят жана криминалдык идеологияны жайылткан тамгалардын айкалышы берилбей турганын эскертти. Маалыматта төмөнкүдөй тамгалардын айкалыштарын берүүгө тыюу салынган: мамлекеттик органдардын аббревиатураларын көрсөткөн тамгалар: MVD, MBD, MWD, MID, AKS, AKC, GNS, GTS, IIM, OBD, OVD, UBD, OWD, UVD, UWD; мамлекеттер аралык бирикмелердин аббревиатураларын көрсөткөн тамгалар... Читать дальше...
Кытай менен Индия АКШнын санкция салынбаган танкерлерин жалдоо акысы кымбат болгонуна байланыштуу Орусиядан мунай сатып алууну токтотту. Бул тууралуу Reuters агенттиги соодагерлерге шилтеме берип жазды. Маалыматка караганда, Тынч океандагы Козьмино портунан экспорттолгон Орусиянын ESPO чийки мунайынын баасы ICE Brent менен салыштырганда баррелине 3 доллардан 5 долларга чейин кымбаттаган. Буга кеме менен жүк ташуу тарифтеринин кескин жогорулашы себеп. Мисалы, Кытайга бараткан Aframax танкери үчүн акы “бир нече миллион долларга” жогорулаган. Читать дальше...
Кытайдын DeepSeek компаниясынын ChatGPTге окшош жасалма интеллект программасы дүйнөлүк технологиялык компаниялардын акцияларын олку-солку кылды. Америкалык компаниялар өз долбоорлоруна миллиарддаган доллар сарпташса, DeepSeek болгону алты миллиондой короткон. Ал эми операцияларды аткаруу жагынан башкалардан калышпайт. DeepSeeктин жаңы чат-боту АКШ менен Кытай ортосундагы жасалма интеллект жаатында атандааштыкты дагы күчөткөндөй болду.
Камактагы адвокат Самат Матцаковдун бөгөт чарасы 28-январда Бишкек шаардык сотунда каралып, анда адвокаттар шаардык соттун судьяларына ишенбөөчүлүк көрсөтүштү. Судьялар бул өтүнүчтү канааттандырган жок.
Президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасы тууралуу азыноолок маалымат берди. Ал "Кабар" маалымат агенттигине курган соңку маегинде "Азаттыктын" чек ара тууралуу материалына комментарий берип жатып, талаштуу тилкелер алмашуу жолу менен чечилерин билдирди.
28-январда Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков баштаган салыкчылар Кыргызстандагы ишканалардын өкүлдөрү жана эсептөө системасын иштеп чыгуу-коштоо менен алектенген компаниялардын өкүлдөрү менен жолугуп, салык төлөөдөгү инструменттерди жөнөкөйлөтүүнүн жолдорун талкуулады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Кеңешмеде электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды (ЭТТК) жана электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ) ишкердикти жүргүзүүдө колдонулган... Читать дальше...