Добавить новость
World News in Kyrgyz
Ria.city


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Февраль
2026

Новости за 10.02.2026

Azattyk.org 

Орусия Telegram мессенжеринин иши мындан ары чектелерин эскертти

Роскомнадзор Telegram мессенжеринин иши мындан ары чектелерин эскертти. Маалыматка караганда, ал платформа орус мыйзамдарын аткарбай жатат. «Колдонуучулардын жеке маалыматтары корголбой, көз боемочулукка жана мессенжердин террордук максаттарда пайдаланылышына каршы чаралар көрүлбөй жатат», - деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө. Буга чейин Downdetector жана "Сбой.рф" сервистерине шилтеме менен 8-февралдан бери Telegram жакшы ачылбай жатканы тууралуу даттануулар түшүп жатканы кабарланган. Кээ бир кардарлар тиркемени ача албай жатканын... Читать дальше...

Azattyk.org 

Transparency International "Коррупцияны кабылдоо индексинде" Кыргызстанды 142-орунга койду

10-февралда Transparency International эл аралык уюму "Коррупцияны кабылдоо индексин" жарыялады. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан 26 упай менен 142-орунга жайгаштырылды. Өткөн жылкы баяндамада (2024-жылдын жыйынтыгы) Кыргызстан 25 упай менен 146-сапта болчу. Отчетто 182 мамлекетте жана аймактардагы паракорлук көрүнүштөрү изилденген. Уюмдун маалыматында айтылгандай, Кыргызстан жана Казакстан бейөкмөт уюмдарга каршы кесепети оор мыйзамдар менен жарандык коомду ооздуктоону улантууда. Уюмдун методологиясы... Читать дальше...

Azattyk.org 

Газадагы кырдаал, Израилдин талаштуу чечими

Израил Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги оккупацияланган жерлерге конуштарды кеңейтүү чечимин жактырды. БУУ жана региондогу бир катар өлкөлөр бул кадам Жакынкы Чыгыштагы жаңжалды эки мамлекет принцибине таянып жөнгө салуу преспективасына балта чабарын эскертишти. 2-февралдан тарта газалыктар жарым-жартылай ачылган Рафах өткөөлү аркылуу Египеттен кайта баштады.

Azattyk.org 

Ташиев кызматтан кетти. Эксперттердин пикири

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Камчыбек Ташиев УКМКнын төрагасы кызматынан бошотулду. Ага удаа эле УКМКнын төрагасынын орун басарлары да кызматтан алынды. УКМКнын төрагасынын милдетин аткаруучу болуп Жумгалбек Шабданбеков дайындалды.

Azattyk.org 

Саясий тандем атаандаштыкка айланабы?

Президент Жапаров Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевди кызматтан алды. Буга эмне себеп болду? Азырынча Ташиев өзү комментарий бере элек. Ал арада юрист Таттуубүбү Эргешбаева президенттин мөөнөтү боюнча Конституциялык сотко кайрылганы белгилүү болду. Израил Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги оккупацияланган жерлерге конуштарды кеңейтүүнү чечимин жактырды.

Azattyk.org 

Чек ара кызматы УКМК курамынан чыгарылды

Чек ара кызматы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин курамынан чыгарылды. Мамлекеттик чек ара кызматы 2020-жылдын ноябрь айында УКМКнын карамагына өткөрүлгөн. Убагында бул чечим чек араны кайтаруу тутумун өркүндөтүү, эл аралык кылмыштуу топтордун кирүү коркунучуна каршы туруу, чектеш мамлекеттерден Кыргызстанга жүктөрдүн жана товарлардын, баңгизат, куралдын мыйзамсыз алып келинишине каршы күрөшүүнү күчөтүү үчүн кабыл алынганы айтылган. Чечимди бир катар ардагер чек арачылар сындап чыгышкан. Читать дальше...

Azattyk.org 

Чек ара кызматы, Күзөт кызматы УКМК карамагынан чыгарылды

Кыргызстанда буга чейин УКМКнын курамында болуп келген 9-кызматтын базасында президентке караштуу Мамлекеттик күзөт кызматы түзүлдү. Бул тууралуу жарлыккка президент Садыр Жапаров кол койду. Маалыматка ылайык, Күзөт кызматы президентке баш ийет жана отчет берет. Ал улуттук коопсуздукту камсыз кылуу системасына кирет жана кайтарылуучу адамдардын жана объекттердин коопсуздугун камсыздайт. Буга чейин бул функциянын УКМКнын алдындагы 9-кызмат аткарган жана атайын кызматтын төрагасына баш ийчү. Анын... Читать дальше...

Azattyk.org 

Президенттин мөөнөтү. Юрист Конституциялык сотко кайрылды

Юрист Таттуубүбү Эргешбаева президенттин мөөнөтү боюнча Конституциялык сотко кайрылды. 9-февралда 70тен ашык мурдагы жогорку жетекчилер, коомдук ишмерлер өлкө бийлигине кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган.

Azattyk.org 

Алагөзов президенттин Ташиев боюнча буга чейинки комментарийине тактоо киргизди

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин кызматтан алынышы тууралуу мамлекет башчынын буга чейинки комментарийине түшүндүрмө берди. Бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасына пост жазды. “Кеп, Камчыбек Ташиевдин атын жамынып алып Жогорку Кеңештин депутаттарынан баштап, коомдук ишмер, интеллингенция өкүлдөрүнө чейин телефон чалышып, “Генерал жакка өткүлө, буга кол койгула, мындай кылалы, тигиндей кылалы” деп ар кимди ар кыл аракеттерге шыкактап... Читать дальше...

Azattyk.org 

ИИМ былтыр жүздөн ашуун өспүрүм жанын кыйганын билдирди

2025-жылдын он эки айында Кыргызстанда 101 өспүрүм өз жанын кыйган. Бул тууралуу Агартуу министрлигинин жыл жыйынтыгы боюнча коллегиясында ички иштер миинстринин орун басары Октябрь Урмамбетов билдирди. Анын сөзүнө караганда, суицидге барган өспүрүмдөрдүн басымдуу бөлүгү Жалал-Абад облусунда катталган. Аталган облуста 20 өспүрүм, Чүй жана Ысык-Көл облустарында -18ден, Баткенде 13, Ош облусунда 10, Нарын жана Талас облустарында экиден, Бишкекте - 12, Ош шаарында 3 өспүрүм өз жанын кыйган. Суицидге барган балдардын 85и мектеп окуучулары... Читать дальше...

Azattyk.org 

Темирлан Султанбековдун бөгөт чарасы өзгөрүүсүз калды

Бишкек шаардык соту Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырды. Сот мындай чечимди 10-февралда анын Биринчи май райондук сотунун чечимине апелляциялык арызын карагандан кийин кабыл алды. Темирлан Султанбеков соттук териштирүү башталганга чейин журналисттерге өзүнүн камалышын "саясий куугунтук" деп сыпаттап, тергөө абагында укуктары бузулуп жатканына даттанды: "Көрүп турасыздар, бул илгеркидей эле саясий куугунтук. Маалымат каражаттарына кайрылууга мүмкүнчүлүк бербей жатат. Читать дальше...




Azattyk.org 

Парламенттин басма сөз кызматы төрага тууралуу маалыматтарды төгүндөдү

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун кызматына байланыштуу тарап жаткан маалыматтар чындыкка дал келбесин эскертти. Бул тууралуу төраганын маалымат катчысы Алтынбек Деркембаев Фейсбуктагы баракчасына 10-февралда, кечке жуук жазды. Анын маалыматында, аталган маселе Жогорку Кеңеште каралган эмес. Учурда төрага парламенттеги депутаттык топтордун жетекчилеринин коштоосунда Түркияда расмий сапар менен жүрөт. "Делегациянын курамында “Мекенчил” депутаттык тобунун жетекчиси Кундузбек Сулайманов... Читать дальше...

Azattyk.org 

Мамасадыков УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров Рустам Мамасадыковду Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматынан бошотуп, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын биринчи орун басары кылып дайындады. Тиешелүү жарлыкка мамлекет башчы кол койгонун “Ынтымак ордонун” маалымат кызматы кабарлады. Ал 2025-жылдын декабрь айында Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп бекитилген. Рустам Мамасадыков 2019-2020-жылдары УКМКнын төрагасынын орун басары болуп иштеген. 10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер... Читать дальше...

Azattyk.org 

Президент УКМКнын төрагасынын орун басарларын кызматтан алды

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын орун басарларын кызматтан алынды. Ага ылайык, Даниэль Рысалиев УКМК төрагасынын орун басары – атайын кызматтын Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборунун директору кызматынан бошотулду. Элизар Сманов УКМК төрагасынын орун басары - Антитеррордук борбордун жетекчичи кызматынан алынды. Андан тышкары Курванбек Авазов УКМК төрагасынын биринчи орун басары кызматынан бошотулду.... Читать дальше...

Azattyk.org 

Президент Жапаров Ташиевдин кызматтан алынышы боюнча комментарий берди

Президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин кызматтан алынышы тууралуу кыска комментарий берип, бул чечимди “мамлекеттик түзүмдөр ортосунда биримдикти чыңдоо аракети” деп баалады. Бул тууралуу “Азаттыкка” президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. “Президент Садыр Нургожоевич бул чечими боюнча кыскача эле: “Эң биринчи кезекте мамлекетибиздин кызыкчылыгында, коомчулукта, анын ичинде мамлекеттик түзүмдөр ортосунда да бөлүнүп-жарылууга жол бербей... Читать дальше...

Azattyk.org 

Камчыбек Ташиев Германиянын Мүнхен шаарында медициналык дарыланууда экени билинди

10-февралда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызматынан бошотулган Камчыбек Ташиев учурда Германиянын Мүнхен шаарында медициналык дарыланууда жүрөт. Бул тууралуу маалыматты "Азаттык" Кыргызстандын Европадагы элчиликтеринин биринен тактады. Камчыбек Ташиев 2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин ошол эле жылдын 16-октябрында УКМКнын төрагасы болуп дайындалган. Ал бул кызматка келгенден кийин коррупция жана уюшкан кылмыштуу топко каршы күрөш жарыялап, Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы”... Читать дальше...

Azattyk.org 

УКМКнын төрагасынын милдетин Жумгалбек Шабданбеков аткарат

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Жумгалбек Шабданбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Аны кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет. Ал тууралуу ачык булактарда маалымат аз. 56 жаштагы Жумгалбек Шабданбеков УКМКнын төрагасынын орун басары, 9-кызматтын башчысы кызматында иштеп келаткан. Мунун алдында Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары ... Читать дальше...

Azattyk.org 

Ташиев кызматтан кетти. Ага эмне себеп болду?

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Камчыбек Ташиев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызмат ордунан бошотулду.

Azattyk.org 

Башкы прокуратура кийиминдеги погондорду алуу боюнча УКМКнын сунушуна каршы чыкты

Башкы прокуратура Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) сунуштаган формалык кийимдердеги өзгөчө белгилерди алуу боюнча мыйзам долбоорго каршы. Бул тууралуу 10-февралда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин жыйынында башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева билдирди. Анын айтымында, атайын кызмат сунуштап жаткан мыйзам долбоор прокурордук көзөмөлдүн көз карандысыздыгына доо кетирип... Читать дальше...

Azattyk.org 

Камчыбек Ташиев УКМКнын төрагасы кызматынан бошотулду

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Камчыбек Ташиев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызмат ордунан бошотулду. Жумгалбек Шабданбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады. Ушул тапта Ташиев Германиянын Мүнхен шаарында медициналык дарыланууда экенин "Азаттык" Кыргызстандын Европадагы элчиликтеринин биринен тактады. Читать дальше...

Azattyk.org 

Шаардык сотто Канышай Мамыркулованын иши боюнча жарыш сөз башталды

Шаардык соттогу териштирүү10-февралда Бишкек шаардык сотунда журналист Канышай Мамыркулованын райондук соттун өкүмүнө каршы апелляциялык арызы боюнча соттук териштирүү уланып, тараптардын жарыш сөзү башталды. Журналисттин адвокаттары сөз сүйлөп, коюлган айыптар негизсиз экенин айтышты. Ишти караган судьянын башка да отуруму болгондуктан соттук жараянды улантуу 13-февралга калды. Адвокат Акынбек Ногоев "Азаттыкка" буларды билдирди: "Шаардык сотто Канышай Мамыркуловага карата козголгон мыйзамсыз, негизсиз иш боюнча жарыш сөзгө өттүк. Читать дальше...

Azattyk.org 

Юрист Эргешбаева президенттин мөөнөтү боюнча Конституциялык сотко кайрылды

Юрист Таттуубүбү Эргешбаева Кыргызстандын президентинин иш мөөнөтү боюнча расмий түшүндүрмө берүү үчүн Конституциялык сотко кайрылды. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына пост жазып, Консот кайрылууну кабыл алганын билдирди. Ал эми 11-февралда бул маселе боюнча Жогорку Кеңешке Конституциялык сотко апелляциялык арыз менен кайрылуу өтүнүчү менен кат жазарын кошумчалады. Таттуубүбү Эргешбаева депутаттар мыйзамдуу укугун колдонуп, маанилүү маселени тактоо үчүн эрк көрсөтүшү керектигин айтты. Кыргыз... Читать дальше...

Azattyk.org 

Журналист Мамыркулованын сотунда тараптардын жарыш сөзү башталды

10-февралда Бишкек шаардык сотунда журналист Канышай Мамыркулованын апелляциялык арызы боюнча соттук териштирүү уланып, тараптардын жарыш сөзү башталды. Журналисттин адвокаттары сөз сүйлөп, коюлган айыптар негизсиз экенин айтышты. Ишти караган судьянын башка да отуруму болгондуктан соттук жараян 13-февралга жылдырылды. 2025-жылы 3-июлда Бишкектин Октябрь райондук соту Канышай Мамыркулованы күнөөлүү деп таап, алты жылга кесип, төрт жылдык пробация жазасын чегерген. Үч жарым ай тергөө абагында отурган журналист сот залынан бошотулган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кудрет Тайчабаровдун камактагы мөөнөтү узартылды

Бишкектин Биринчи май райондук соту “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын мурдагы директору Кудрет Тайчабаровдун камактагы мөөнөтүн узартып, 2-мартка чейин тергөө абагында калтырды. Мындай чечимди райондук сот 4-февралда чыгарганын райондук соттун басма сөз кызматы билдирди. Ички иштер министрлиги (ИИМ) 2025-жылдын ноябрь айында Кудрет Тайчабаровду уюшкан кылмыштуу топтор жана мүчөлөрү менен байланышта болгон деген негизде кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин (Уюшкан топко катышуу) 2-бөлүмү менен айып тагылган. Читать дальше...

Azattyk.org 

ЖК комитети гендердик теңчилик мыйзам долбоорун үчүнчү окууда колдоду

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети 10-февралдагы отурумунда гендердик теңчилик маселелерине байланышкан мыйзам долбоорлорун үчүнчү окууда жактырды. Долбоорго 40тай депутат демилгечи болгон. Документ тиешелүү мамлекеттик органдардагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы жетекчилик кызмат орундарга гендердик өкүлчүлүктү камсыз кылууну карайт. Анда бир жыныстагы адамдар 70% ашпаган деӊгээлде болушу керек. Читать дальше...


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus