Добавить новость


World News in Kyrgyz
Ria.city


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer
Февраль
2026

Новости за 12.02.2026

Azattyk.org 

"Эксперттер талдайт": Ташиевдин отставкасынан кийинки кырдаал

Соңку күндөрү Кыргызстанда саясий майдан кызып, бир катар күтүүсүз окуялар орун алды. Эки күн мурун УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кызматтан алынып, ал мындай чечимди күтүүсүз болгонун билдирди. Бүгүн болсо Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу отставкага кетип, учурда парламенттин жаңы спикери тандалууда. Бул окуялар менен катар президенттик шайлоону быйыл өткөрүүнү сунуштаган “Жетимиш бешчилердин” кайрылуусу боюнча иш козголуп, беш адам камакка алынды. Ал тапта президент Садыр Жапаров... Читать дальше...

Azattyk.org 

Парламенттеги чукул жүрүш: Экс-спикер эмнеден жазды?

Ташиевдин отставкасына улай Нурланбек Тургунбек уулу Жогорку Кеңештин төрагалыгынан кетти. Ордуна Марлен Маматалиев келди. 75 кишинин кайрылуусу: Курсан Асанов, Аалы Карашев менен кошкондо беш киши кармалды. Бул арада Садыр Жапаров президенттик шайлоонун мөөнөтүнө байланыштуу Конституциялык сотко кайрылды. АКШ менен Ирандын тирешин алдын алуу үчүн дипломатиялык аракеттер уланууда. Ошол эле маалда Перс булуңуна америкалык согуш кемелери менен аскерлер топтолуп жатат.

Azattyk.org 

Казак прокуратурасы Сабуровду жалданмачылык беренеси менен текшерет

Казакстандын Башкы прокуратурасы куудул Нурлан Сабуровду жалданмачылык беренеси менен текшергени жатат. Бул тууралуу башкы прокурордун орун басары Галымжан Койгелдиев билдирди. Куудул орус аскерлерине акча жөнөткөн болушу мүмкүн деген жүйө менен текшерилмекчи. Казак мыйзамдарында чет жактардагы куралдуу жаңжалдарды каржылоо кылмыш болуп саналары айтылат. Тиешелүү беренеге ылайык айыптуу деп табылган адам 7-12 жылга кесилиши ыктымал. Медианын жазганына караганда, текшерүүгө Истра шаарынын башчысы... Читать дальше...

Azattyk.org 

"Ошко заманбап онкологиялык борбор керек"

Кыргызстанда жыл сайын рак илдетине 6 миңден ашуун адам чалдыгат. Анын 60-70% өсмө өтүшүп, 3-4-стадияга жеткенде келет. Дарыгерлер жакынкы жылдары дартты аныктоо, дарылоо ыкмаларын өзгөртүп, жаш адистерди даярдоо керектигин айтышууда. Муну менен катар Ош шаарына Онкологиялык борбор салуу үчүн австриялык компания менен сүйлөшүү жүрүп жатканы маалым болду. "Сергек жашоо" подкастынын коногу Саламаттык сактоо системасы жана медицинадагы жогорку билим берүү боюнча эл аралык эксперт, медицина илимдеринин доктору, профессор Рысбек Абдылдаев.

Azattyk.org 

“Сайпидиновдун айтканы чынбы?" Эгизбаевдин апасы бийликке кайрылды

Иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаевдин апасы Жыпаргүл Сариева баласынын өлүмү жөнүндө айткан мурдагы бажычы Раимбек Матраимовдун өкүл баласы Мунарбек Сайпидиновдун айткандарына укуктук баа берилбей жатканына нааразы.

Azattyk.org 

Садыр Жапаров Азия инфратүзүмдүк инвестициялар банкы менен "Камбар-Ата - 1" долбоорун талкуулады

Азия инфратүзүмдүк инвестициялар банкы Кыргызстандагы “Камбар-Ата – 1” ГЭСин жана “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорун колдоого кызыкдарлыгын билдирип, бул багытта мүмкүнчүлүктөрдү кароого даяр экенин айтты. Бул тууралуу банктын президенти Цзоу Цзяи 12-февралда Бишкекте президент Садыр Жапаров кабыл алган учурда билдирди. Президенттин администрациясы билдиргендей, Цзяи “Камбар-Ата – 1” долбоорунун өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоодо мааниси чоң экенин белгиледи. Ал... Читать дальше...

Azattyk.org 

“Күйөөм мени өрттөдү”. Майрамкүл жардамга муктаж

Мындан 2,5 ай мурда Майрамкүл Таалайбек кызын жолдошу бензин чачып, өрттөп жиберген. Сол капталы, колу ийинден ылдый, далысы күйгөн келин ооруканада эки ай жаткан. Азыр ал апасынын бир бөлмөлүү батиринде эки кичинекей кызы менен баш калкалоодо.

Azattyk.org 

Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды

12-февралда депутат Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында 77 депутат “макул”, беш депутат “каршы” добуш берди. Аны парламенттеги депутаттык топтордун бардыгы - “Адилет Кыргызстан”, “Ала-Тоо”, “Элдик”, “Ата-Журт” жана “Мекенчил” жалгыз талапкер кылып көрсөткөн. 44 жаштагы Марлен Маматалиев Исхак Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин Маалыматтык технологиялар факультетин аяктаган. Ал мурдагы вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевдин уулу. Читать дальше...

Azattyk.org 

Спикерликке жалгыз Марлен Маматалиевдин талапкерлиги сунушталды

Жогорку Кеңештин “Адилет Кыргызстан”, “Ала-Тоо”, “Элдик”, “Ата-Журт” жана “Мекенчил” депутаттык топтору парламенттин спикерлигине депутат Марлен Маматалиевдин гана талапкерлигин көрсөттү. Жогорку Кеңештин бардык комитеттеринин биргелешкен жыйынында анын талапкерлиги жактырылып, жалпы отурумга чыгарылды. 44 жаштагы Марлен Маматалиев Исхак Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин Маалыматтык технологиялар факультетин аяктаган. Ал мурдагы вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевдин уулу. Читать дальше...

Azattyk.org 

Адилет Орозбеков Коопсуздук кеңешине катчы болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешине катчы кылып Адилет Орозбековду дайындады. Бул тууралуу жарлыкка кол коюлганы 12-февралда жарыяланды. 48 жаштагы Орозбеков эмгек жолун 2001-жылы улуттук коопсуздук органдарында ыкчам кызматкер болуп баштаган. Кийин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин ар кыл тармагында эмгектенген. 2017-2019-жылдары Бээжинде Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгынын референти болуп иштеген. 2023-2024-жылдары президенттин администрациясынын Кырдаалдык борборунун эксперти болгон. Читать дальше...

Azattyk.org 

Өкмөт башчы быйыл Бишкекте 32 жаңы мектеп куруларын билдирди

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 2026-жылы Бишкек шаарында 32 жаңы мектеп куруларын билдирди. Бул тууралуу ал муниципалитеттин 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы жана 2026-жылга пландары боюнча коллегиясынын жыйынында айтты. Өкмөт башчы борбордо 2022-жылдан бери 30 жаңы мектеп ачылып, 40ка жакын мектепте капиталдык оңдоо жүргүзүлгөнүн, авариялык абалда турган эки билим берүү мекемеси ушул жылы пайдаланууга берилерин кошумчалады. Адылбек Касымалиев Бишкекте үй тибиндеги 143 бала бакча да ачылганын белгиледи. Читать дальше...




Azattyk.org 

ЖК гендердик теңчилик мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды

Жогорку Кеңеш 12-февралдагы отурумунда гендердик теңчилик маселелерине байланышкан мыйзам долбоорлорун үчүнчү окууда жактырды. Эми ал кол коюу үчүн президентке жөнөтүлөт. Долбоорго 40тай депутат демилгечи болгон. Документ тиешелүү мамлекеттик органдардагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы жетекчилик кызмат орундарга гендердик өкүлчүлүктү камсыз кылууну карайт. Анда бир жыныстагы адамдар 70% ашпаган деӊгээлде болушу керек. Документти Жогорку Кеңеш 22-январдагы жыйынында экинчи окууда кабыл алган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Эки депутаттык топ парламент төрагалыгына Марлен Маматалиевдин талапкерлигин көрсөттү

Жогорку Кеңештин “Элдик” жана “Ала-Тоо” депутаттык топтору парламент төрагасы кызматына талапкер катары депутат Марлен Маматалиевди көрсөттү. Бул тууралуу вице-спикер Чыңгыз Ажибаев 12-февралдагы жыйында билдирди. Ал депутаттык топтордун чечимин тиешелүү комитетке өткөрүп берүүнү тапшырды. 44 жаштагы Марлен Маматалиев Исхак Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин Маалыматтык технологиялар факультетин аяктаган. Мурдагы вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевдин уулу. Эмгек жолун Социалдык фонддон баштап... Читать дальше...

Azattyk.org 

Депутат Талиева парламент төрагасы "чыңалган саясий кырдаалдын курмандыгы" болгонун айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева парламенттин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун кызматтан кетиши боюнча пикирин билдирип, аны соңку күндөрү чыңалган саясий кырдаалдын “курмандыгы” деп атады. Бул тууралуу ал парламенттин 12-февралдагы жыйынында Тургунбек уулу кызматын тапшыруу боюнча расмий жарыялагандан кийин билдирди. Талиева саясий кырдаалдын чыңалышына депутаттарды да айыптады. “Тарых үчүн айтып коёлу. Бүгүн мүмкүн эл душманы көрөр же адилеттик айтканыбыз үчүн кодулоого каларбыз. Чоң саясатта жүрөбүзбү, чыдайбыз. Читать дальше...

Azattyk.org 

Депутат Зулушев Ташиевди каралоо аракети болуп жатканын айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевди каралоо аракети жүрүп жатканын билдирди. Бул тууралуу ал парламенттин 12-февралдагы жыйынында спикер Нурланбек Тургунбек уулунун кызматтан кеткени жөнүндөгү билдирүүсүнөн кийин айтты. “Президенттин да, Камчыбек Кыдыршаевичтин да жөндөмүн, аракетин, пейилин, мамлекетчил экенин жакшы билебиз. Камчыбек Кыдыршаевич өзүн, үй-бүлөсүн, өмүрүн тобокелдикке салып мамлекет үчүн иш кылды. Читать дальше...

Azattyk.org 

Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин төрагасы болору айтылууда

2025-жылы Жогорку Кеңештин VIII чакырылышына Бишкектин №23 шайлоо округунан шайланып келген Марлен Маматалиев парламенттин спикери болуп шайланары айтылууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Кеңештеги бир нече булактар билдирди. Ушундай эле маалыматтар буга чейин да айтылып, Марлен Маматалиев аны четке каккан. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу кызматтан кете турганын 12-февралда билдирди. Мындай чечимди өзү кабыл алганын айтты. Ал депутат катары ишин уланта берет. Эми спикерликке талапкерлер жазуу жүзүндө арыз берип... Читать дальше...

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу кызматтан кетти

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу кызматтан кетти. Ал парламенттин 12-февралдагы жыйынында борбордук трибунада сөз сүйлөп, Кыргызстандагы акыркы окуялар тууралуу комментарий берди. Эч ким басым кылбагынын, өз эрки менен кызматтан кеткенин айтты. “Мени эки же бир адамга байлаган туура эмес. Кудайга шүгүр 2022-жылы 5-октябрда Жогорку Кеңештин VII чакырылышына төрага болуп шайлангам. Ошол күндөн ушул күнгө чейин аракетимди парламенттин кадыр-баркын арттырууга, кыргыз элине, келечегине маанилүү мыйзамдарды... Читать дальше...

Azattyk.org 

Бишкекте коргоо ордерине карабай аялына зомбулук көрсөтүүгө шектелип бир жаран кармалды

Бишкек шаарында жубайына бир нече жолу коргоо ордери берилгенине карабай зомбулук көрсөтүп келген деген шек менен бир жаран кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын Свердлов райондук милициясы 12-февралда маалымат берди. Ага караганда, 27-февралда М.Д. аттуу жаран милицияга кайрылып, узак убакыттан бери күйөөсүнүн зомбулугуна кабылып келатканын айтып, чара көрүүнү суранган. Милиция ал келинге буга чейин бир нече жолу коргоо ордери берилгенин, күйөөсү аны көзгө илбей зомбулук көрсөтө бергенин тактады. Читать дальше...

Azattyk.org 

УКМК улуттук коопсуздук органдарынын ишин каралоо аракети болуп жатканын билдирди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) акыркы кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу айрым кызыкдар күчтөрдүн улуттук коопсуздук органдарынын ишмердигин каралоого багытталган аракеттери байкалып жатканын кабарлады. Атайын кызмат бул жарандардын мамлекеттик институттарга болгон ишенимин солгундатуу аракети экенин, УКМКнын кызматкерлери Кыргызстандын жогорку башкы кол башчысына (ред: президентке) баш ийе турганын билдирди. Мекеме улуттук коопсуздук органдары мыйзамдуулук, объективдүүлүк жана... Читать дальше...


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus