Добавить новость
World News in Kyrgyz
Ria.city


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer
Февраль
2026

Новости за 05.02.2026

Azattyk.org 

Ош базары: Cоодагерлердин үнү, бийликтин убадасы

Бишкектеги Ош базары күзгө жакын көчүрүлөт деп пландалууда. Соодагерлер жаңы базардын шарттарынан кабары жок экенин айтып, соода болбой калса насыяларынан кантип кутулуп, кантип тиричилик кылабыз деп тынчсызданып жатышат. 4-февралда президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев базарда эл менен жолукту. Ал соодагерлер жаңы базар толук курулуп бүткөндө гана көчүрүлөрүн, алар ижараны мамлекетке гана төлөй турганын билдирди.

Azattyk.org 

Алматы облусунда бир үйдөн төрт адамдын сөөгү табылды

Алматы облусунун Райымбек районундагы Сарыбастау айылында бир үй-бүлөнүн төрт мүчөсү каза болду. Алардын арасында 1,5 жаштагы наристе да бар. Бул тууралуу Qonaev TV кабарлады. Алдын ала, тактала элек маалыматтарга караганда, үй-бүлө мүчөлөрү иске ууланып каза болушу мүмкүн. Үй-бүлө айылдан алыс жайгашкан кыштоодо жашап келген. Туугандары эки күн бою алар менен байланыша албай, андан кийин үйүнө барып, төрт адамдын сөөгүн табышкан. Ошондон кийин полицияга кабар берилген. Айыл тургуну Ерканат Акылдосовдун айтымында... Читать дальше...

Azattyk.org 

Бакуда Тоолуу Карабактын мурдагы жетекчилери өмүр бою абакка кесилди

Бакудагы Аскердик сот Тоолуу Карабак Республикасынын мурдагы жетекчилеринин ишин карап жатат. Бул тууралуу "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун азери кызматы жана Azertac агенттиги жазды. Маалыматка караганда, аймактын мурдагы президенти Араик Арутюнян, армиянын мурдагы командири Левон Мнацаканян, анын орун басары Давид Манукян, Тоолуу Карабактын парламентинин мурдагы спикери Давид Ишханян, аймактын тышкы иштер министринин мурдагы башчысы Давид Бабаян өмүр бою эркинен ажыратылды. Иш боюнча жалпысынан 15 адам айыпталууда... Читать дальше...

Azattyk.org 

Орусия менен АКШнын өзөктүк курал боюнча келишиминин мөөнөтү аяктоодо

5-февралда Орусия менен Кошмо Штаттардын ортосундагы стратегиялык чабуул коюучу куралдарды андан ары кыскартуу жана чектөө боюнча СНВ-III деп аталган келишими өз күчүн жоготот. Бул келишим Москва менен Вашингтондун ортосундагы өзөктүк куралсыздануу боюнча акыркы ири макулдашуу болуп саналат. Документке 2010-жылдын апрелинде Прагада кол коюлуп, 2011-жылдын башында күчүнө кирген. Алгач келишим 10 жылга эсептелген жана аны дагы беш жылга бир жолу узартууга мүмкүн болгон. Бул мүмкүнчүлүк 2021-жылы колдонулган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Министр Досмамбетов гемодиализ кызматын мамлекетке кайтаруу ниетин билдирди

Саламаттыкты сактоо министри Каныбек Досмамбетов гемодиализ алган жарандарды тейлөөнү мамлекетке кайтаруу ниетин билдирди. Бул тууралуу 5-февралда Жогорку Кеңеште “өкмөттүк саат” учурунда депутат Адилет Белековдун суроосуна жооп берип жатып айтты. “Бизге гемодиализдин сапаты начар деген маалыматтар келип жатат. Колдонулган жабдуулар да Кытайдан арзан алынып келинип, иштетилип жатат деп жатышат. Ошол үчүн гемодиализди мамлекетке эле алсакпы деген ойлор бар”, - деди Досмамбетов. Министрдин берген маалыматына караганда... Читать дальше...

Azattyk.org 

Трампка кол салууга аракеттенгени үчүн Райан Рут өмүр бою эркинен ажыратылды

Кошмо Штаттардагы сот 59 жаштагы Райан Рутту 2024-жылы Флорида штатынын Уэст-Палм-Бич шаарындагы гольф-клубда Дональд Трампка кол салууга аракет кылгандыгы үчүн өмүр бою эркинен ажыратууга жана кошумча жети жылга кесүүгө өкүм чыгарды. Рут беш федералдык кылмыш иши боюнча күнөөлүү деп табылды. Алардын ичинде АКШ президентигине талапкерге кол салууга аракет кылуу, федералдык кызматкерге кол салуу, ошондой эле ок атуучу куралды мыйзамсыз сактоого байланышкан бир нече кылмыштар бар. Шайлоо өнөктүгү маалында... Читать дальше...

Azattyk.org 

Интерпол аркылуу издөөдө жүргөн кыргызстандык жаран АКШда кармалды

АКШнын Иллинойс штатында Интерпол аркылуу издөөдө жүргөн 47 жаштагы Ы. М. аттуу кыргызстандык жаран кармалды. Ага 2023-жылы Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 1-бөлүгү ("Ири өлчөмдөгү алдамчылык") менен козголгон кылмыш ининин негизинде издөө жарыяланганын Кыргызстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) маалымдады. Министрликтин маалыматына караганда шектүү АКШнын Ички коопсуздук министрлиги жана Иллинойс штатынын Баңгизатка каршы күрөшүү департаменти тарабынан кармалган. Маалыматта айтылгандай... Читать дальше...

Azattyk.org 

Аба ырайы: айрым аймактарда жаан, кар жаайт

6-февралда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар жаайт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаайт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, түнкүсүн айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз 3…8; Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз 3…8; Баткен... Читать дальше...

Azattyk.org 

Курулуш министрлиги "Эмакомдун" бүтпөгөн объектилери боюнча чечим кабыл алынарын билдирди

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев “Эмаком” курулуш компаниясынын тегерегиндеги соңку кырдаал тууралуу маалымат берди. 5-февралда Жогорку Кеңеште “өкмөттүк саат” учурунда ал компания “банкрот болгонун жана баштаган объектилерин бүтүргөнгө акчасы жоктугун” билдирди. “Компаниянын Ош жана Бишкек шаарларында көптөгөн объектилери көйгөй жаратып келет. Жарымы бүткөн, жарымы бүтпөгөн, бүтсө дагы эксплуатацияга берилбеген объектилер. Биз былтыртан баштап курулушу бүтүп... Читать дальше...

Azattyk.org 

Парламентте МИК курган батирлердин баасы тууралуу маалымат берилди

Жогорку Кеңештин 5-февралдагы жыйынында Мамлекеттик ипотекалык компания салып жаткан үйлөрдүн өздүк наркы менен сатуудагы баа айырмачылыгына байланыштуу маселе кайра көтөрүлдү. Депутат Нурланбек Азыгалиев МИК пайда табуу үчүн эмес, социалдык жактан жардамга муктаж жарандарды үйлүү кылуу үчүн түзүлгөнүн белгиледи. МИКтин директорунун орун басары Нурлан Кудайкулов турак жайлардын курулушу бир чарчы метрине Бишкекте 59 миң 140, аймактарда 64 миң 800 сом деп эсептелгенин, сатылышы 900-1400 АКШ доллары өлчөмүндө экенин билдирди. Читать дальше...




Azattyk.org 

Бишкекте 20 жаштагы кыздын өлүмүнө шектүү кармалды

4-февралда саат 23:04тө милициянын 102 номуруна Бишкектеги айланма жолдун жээгинде аялдын сөөгү жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Милиция ал жерден зомбулуктан улам каза болгон кыздын сөөгүн тапкан. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен кылмыш иши козголгонун Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) басма сөз кызматы 5-февралда кабарлады. Ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгында маркум 2006-жылы туулган С. Б. экени аныкталган. Милициянын маалыматына ылайык, кылмышка... Читать дальше...

Azattyk.org 

Данияр Амангелдиев кымбатчылыкты жөнгө салуу аракети көрүлүп жатканын билдирди

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев кымбатчылыкка негизинен импорттун үлүшүнүн көп болушу себеп экенин билдирди. Бул тууралуу 5-февралда Жогорку Кеңештеги “өкмөттүк саатта” депутат Алишер Козуевдин суроосуна жооп берип жатып айтты. Ал азык-түлүктүн 70% сырттан импорттолорун, бул багытта өкмөт ички мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүнүн үстүндө иштеп жатканын түшүндүрдү. “Тамчылатып сугаруу системасын киргизүү, айыл чарба техникаларын алууга лизинг киргизүү да ушул багытка байланыштуу. Читать дальше...

Azattyk.org 

Депутат Өмүрзаков батирдин ижара акысына байланышкан маселени көтөрдү

Жогорку Кеңештин депутаты Сүйүнбек Өмүрзаков 5-февралдагы “өкмөттүк саат” учурунда Кыргызстанда батирлердин ижара акысы өтө кымбат болуп жатканын айтып чыгып, маселени чечүү жолдорун сурады. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев өкмөт бул маселени Мамлекеттик ипотекалык компаниянын алкагында чечүүнү көздөп жатканын билдирди. “Ошонун алкагында үйлөрдү куруп, аны жаранга убактылуу ижарага берип, белгилүү бир убакыттан кийин мүлктү анын менчигине өткөрүп берүү боюнча механизмдер бар. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кара-Балтанын мэри болуп Алмаз Исаков дайындалды

Президент Садыр Жапаровдун 5-февралдагы жарлыгына ылайык, Чүй облусундагы Кара-Балта шаарынын мэри Азат Салмурбек уулу ээлеген кызматынан бошотулду. Азат Салмурбек уулу Кара-Балта шаарынын мэрлигине 2025-жылы октябрда дайындалган. Ага чейин Токмок шаарынын мэринин орун басары болуп иштеген. Мамлекет башчынын дагы бир буйругу менен Кара-Балта шаарынын мэри болуп Алмаз Исаков дайындалды. Исаков буга чейин Талас облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгын жетектеп турган. (ZKo)

Azattyk.org 

АКШ менен Иран сүйлөшүүлөрдүн мазмуну боюнча мунаса таппаганы кабарланды

АКШ бийлиги Иран менен 6-февралга пландалган сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөн баш тартты. Бул тууралуу Axios агенттиги америкалык аткаминерлерге шилтеме кылып билдирди. Басылманын маалыматына караганда, мындай чечим Тегеран сүйлөшүүнү Стамбулдан Оманга жылдырууну, Ирандын өзөктүк программасын гана талкуулоону, адам укуктары, баллистикалык ракета, куралдуу топторду колдоо сыяктуу маселелерди күн тартибинен алып салууну сунуштагандан кийин кабыл алынган. АКШнын өкүлдөрү сунушту 4-февралга чейин четке кагып келишкен. Читать дальше...

Azattyk.org 

Спикер Жогорку Кеңеш, аткаруу бийлигиндеги маселени президент менен талкуулаганын айтты

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу аткаруу бийлиги менен депутаттардын ортосундагы маселе боюнча 4-февралда президент Садыр Жапаров менен сүйлөшкөнүн билдирди. “Мен кечээ бул жерде айтылган сын-пикирлерден сөзсүз жыйынтык чыгат деп ойлойм. Эң башкысы, өлкөбүздө тынчтык, ынтымак-ырашкерлик болушу керек. Сөзсүз түрдө бийлик бутактары бири-бирибизди сыйлап, алдыга жыла беришибиз керек”, - деди төрага. Ал парламент менен аткаруу бийлигинин ортосундагы көз караштардын келишпестиги “кадыресе көрүнүш” экенин кошумчалады. Читать дальше...

Azattyk.org 

Өзбекстан: Dark Web’ге миллиондогон кишинин жеке маалыматы жайылып кетти

Өзбекстанда 15 миллиондон ашуун жарандын жеке маалыматтары уурдалып,  Dark Web’ге жайгаштырылганы тууралуу кабар тарады. Бул окуя президент Шавкат Мирзиёев кибер кылмыштарга каршы күрөш натыйжа бербей жатканын айтып, тийиштүү органдары катуу сындагандан бир жума өткөндөн кийин болду.

Azattyk.org 

"Күйөөм абакта, карызды мен төлөдүм". Алимент бербеген жаран абакка кесилди

Кыргызстанда алимент төлөбөгөнү үчүн бир адам эки жылга кесилип, сот залынан камакка алынды. Бул ажырашкандан кийин алимент төлөбөгөнү үчүн жазалаган сейрек чаралардын бири болду.


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus