Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Ош мэри сүрдүрүлгөн жерди тосуп алгандар менен жолугуп, тосмолорду кайра бузууну тапшырды

7-майда Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгындагы (мурдагы ХБК) мыйзамсыз курулуштардын ээлери менен жеринде жолугушту. Бул тууралуу калаа мэриясы кабарлады.

Аталган кичирайондун Касымбеков көчөсүнүн айланасындагы мыйзамсыз курулуштар мурдагы мэр Жеңишбек Токторбаевдин тушунда сүрдүрүлүп, ордуна парк курулары жарыяланган. Аз күн алдын социалдык тармактардын колдонуучулары мындагы мүлк ээлери жерлерин кайрадан тосуп алганын айтып, видеолорун жарыялаган.

Азыркы мэр Жанарбек Акаев жер ээлери менен жолугушууда буга чейинки план күчүндө экенин жана бул жерге парк куруларын айтып, аларга башка аймактан коммерциялык жер берилерин билдирди. Ал ошондой эле аталган аймактагы мыйзамсыз тосмолорду алып салуу боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырма берди.

Чарбалык объектилердин ээлери алар мыйзамга каршы эмес экендигин, жерлери алынса аларга башка жактан ушуга тете мүлк берилиши керектигин

Мэриядан билдиришкендей, парк түшчү жердин аймагында жашылдандыруу, сугат тутумдарын орнотуу, жөө адамдар үчүн жолчолорду куруу жана жарыктандыруу иштери башталды. Шаар башчысы шаар тургундары үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү иштери этап-этабы менен жүргүзүлөөрүн белгиледи.

Май айынын башында Оштун Курманжан Датка кичи районундагы курулуштарга байланыштуу да ушундай эле маселе чыккан. Социалдык тармактарданы колдонуучулары мурдагы мэрдин тушунда сүрдүрүү чечими чыккан саясатчы Акматбек Келдибековдун жакындарына, маркум кримтөбөлдүн бир тууганы Калмамат Анапияевге жана экс-вице-мэр Нурбек Кадыровго таандык курулуштар кайрадан тикелене баштаганын жазып, видеолорун жарыялашкан.

Мэр Жанарбек Акаев аталган курулуштар менен соттошуу жүрүп жаткан маалда алар мыйзамсыз куруу иштерин баштап жиберишкенин айтып, мында эч кандай жең ичинен сүйлөшүү жок экенин билдирген. Мунун артынан эле аталган курулуштар кайрадан сүрдүрүлдү. Бул курулуштардын ордуна да Ак-Буура дарыясын бойлой парк курулары жарыяланган. (ErN)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus