Менчик мектептердин окутуу акысын тескөө сунушталды
Монополияга каршы тескөө кызматы менчик мектептердеги окутуу акысы кымбаттап жатканына коомчулуктагы нааразылыктан улам Бишкектеги жеке мектептердин акысына мониторинг жүргүздү.
Мекеменин сайтындагы маалыматка караганда, мониторинг борбор калаадагы 104 жеке мектептин 45инин окуу төлөмүнө жүргүзүлгөн.
"Натыйжада айрым менчик мектептерде окуу төлөмү жылына 570 миң сомдон 1 миллион 340 миң сомго чейин жетери аныкталды. Ал эми башка менчик мектептерде бул көрсөткүч 40 миң сомдон 150 миң сомго чейин", - деп белгиленген маалыматта.
Монополияга каршы тескөө кызматы Бишкектеги менчик мектептердеги окуу акысын жогорку окуу жайларындагы окуу акысы менен салыштырган.
"Кыргыз улуттук университетинде окуу төлөмү тандаган кесипке жараша 43 миң сомдон башталат. Ал эми Кыргыз-Орусия Славян университетинде 110 миң сомдон жогору. Ошол эле учурда Борбор Азиядагы Америка университетинде окуу төлөмү орто эсеп менен жылына 447 миң сомдон башталат".
Мекеменин салыштыруудан кийинки корутундусуна ылайык, Бишкекте кесип адистигин алуу үчүн окуу акысы орто эсеп менен 107 миң сомдон 152 миң сомго чейин болсо, менчик мектептерде бир баланы окутуу орто эсеп менен 313 миң сомдон 580 миң сомго чейин жетет.
Жыйынтыгында Монополияга каршы тескөө кызматы Агартуу министрлигине жана Бишкек шаар мэриясына бир катар сунуштарды берди. Анын ичинде:
- менчик мектептерде окуу акысын учурдагы бааларын туруктуу кармоо чарасын көрүү
- окуу акысы 200 миң сомдон ашкан менчик мектептерде билим берүүнүн өздүк наркына талдоо жүргүзүү
- окуу акысын аныктоо жана аны өзгөртүү тартибин ачык жарыялоого милдеттендирүү
- балдардын тең шартта, жеткиликтүү билим алууну камсыздаган жоболорду иштеп чыгуу.
Соңку расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 2 миң 394 мектеп бар, анын 2 миң 170и мамлекеттик, калган 224ү менчик. Аларда 1,5 миллиондон ашуун окуучу билим алат.(ZKo)