Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Депутат Сурабалдиева Эмгек министрлигин "ортомчу" деп сынга алды

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин ишин сынга алып, элдин жашоосун жеңилдетүүгө аракет болбой жатат деген оюн айтты. Парламенттин 23-апрелдеги жыйынында "Баатыр энелердин" балдарына жеңилдик каралган токтом долбоору талкууланып жатканда ал:

"Бизде документтерди топтоого бир жыл кетет. Анда эмнеге санариптештирүү деп мактанып жатабыз? Экинчиден, сентябрда даярдалган документ бир жылга жакын убакта келет экен. Жети баламдын экөө студент деп кайрылды. Жетинчи баласы бир жаштан өткөндө эле документтерди даярдоого жардам бериш керек да министрлик. Элдин жашоосун жеңилдетем десеңиздер анын жол-жобосу жеңилдеш керек. Эмгек министрлигинин эмне кереги бар? Жөлөк пул, пенсияны Айыл банк, Элдик банктан эле бердирип койгула, силер жөн эле ортомчусуңар. Миграцияны өзүнчө бөлгүлө, бул ар кайсыл министрликке кошулуп, каралбай жатат. Эң жөнөкөй мыйзамдарга жардам бере албасаңар ыйгарым укуктарыңарды эки банкка бергиле. Бул жерде жөлөк пулду бергенде дагы так, жеңил болушу керек. 90 депутаттын баарына жөлөк пул боюнча кайрылгандар толтура", - деди эл өкүлү.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги депутаттын сынына азырынча жооп бере элек.

Өткөн аптада президент Садыр Жапаров Ош облусуна иш сапары менен барып, эл менен жолугушкан. Мамлекет башчыга берилген суроолордун басымдуу бөлүгү укуктук, социалдык жана башка жергиликтүү маселелер болду.

Президент Министрлер кабинетинин социалдык тармакты караган орун басарлыгына Улан Маматкановду дайындады. Жогорку Кеңеш анын талапкерлигин жактырды.

Маматканов билим берүү стратегиялык багыт болорун, сапаттуу билим менен гана күчтүү мамлекет куруу мүмкүн экенин айткан. Бул үчүн мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана шыктандырууну камсыз кылуу, заманбап окуу китептерин, окуу программаларын жана практикага багытталган окутуунун натыйжалуу ыкмаларын киргизүү, билим берүүнүн мазмунун жана форматын эмгек рыногунун талаптарына ылайык келтирүү багытында иштей турганын белгилеген. Ошондой эле саламаттык сактоо кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу жана сапатын жогорулатуу сыяктуу маселелерди көтөргөн. (КЕ)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus