Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Көк бөрү федерациясынын мурдагы президенти Талас Бегалиев 14 жылга кесилди

Чүй облустук сотунун 23-апрелдеги чечими менен Көк бөрү федерациясынын мурдагы президенти Талас Бегалиев 14 жылга эркиндигинен ажыратылды. Маалыматты облустук соттун басма сөз кызматы "Азаттыкка" тастыктады.

Ага ылайык, Чүй облустук соту Талас Бегалиевди Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси ("Опузалап талап кылуу"), 262-беренеси ("Кылмыштуу топту түзүү же ага катышуу"), 263-берене ("Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо") жана 222-беренеси ("Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)") боюнча айыптуу деп тапты. Ошондой эле анын мүлкүн конфискациялоо менен 14 жылга эркиндигинен ажыратты.

Талас Бегалиев сот залынан камакка алынды.
Буга чейин Бишкектин Октябрь райондук соту 20-февралда Талас Бегалиевди актап, абактан бошоткон. Райондук соттун чечими менен Бегалиев менен кошо кармалган Р.Ю.М. аттуу жаран да бир иш боюнча акталып, эки берене боюнча кылмыштын мөөнөтү эскиргени үчүн жаза мөөнөтү каралган эмес, ал да камактан бошотулган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Бегалиев былтыр 19-майда "уюшкан кылмыштуу топту каржылоого, опузалап акча талап кылууга" шек саналып кармалганын билдирген. Атайын кызмат аны криминалдык топтордун өкүлдөрү менен тыгыз байланышта болгон деп айыптаган.

Талас Бегалиев Көк бөрү федерациясынын президенти болуп 2022-2023-жылдары иштеген. Ага чейин улуттук курама тобунун жетекчиси болгон.

Ал ички иштер органдарында ар кандай кызматтарда, анын ичинде уюшма кылмыш топторуна каршы күрөш бөлүмүндө жетекчилик кызматтарда 1998-жылдан 2016-жылга чейин иштеп, пенсияга чыкан. Самбо менен алектенген жана 2016-жылы Хорватияда самбо боюнча ардагерлер арасында өткөн дүйнө чемпиондугунда алтын медал алган.

Бегалиев 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо талаштуу "Биримдик" партиясынын тизмесине 5-орунда турган. Ал Бээжин Олимп оюндарында грек-рим күрөшүнөн күмүш медал алган Канат Бегалиевдин бир тууган агасы.(ZKo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus