Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Бөрүбашев: Текебаев өзү түзгөн системанын курмандыгы болууда

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаев өзүлөрү түзгөн сот системасынын курмандыгы болуп жатышат. Мындай пикирин бүгүн «Азаттык» радиосуна юридика илимдеринин доктору, профессор, талдоочу Бекбосун Бөрүбашев билдирди.


Анын баамында, Текебаевдин мисалында «сот адилеттүүлүгү Кыргызстанда канчалык деңгээлде бар, бар болсо эл үчүн кандай кызмат кылып жатат деген маселени коюу зарыл».


- Текебаев, Атамбаев жөнүндө айтып түгөтө албай жатабыз, - деди ал. - Бирок булар азыркы сот, укук коргоо системасын өз колу менен түзгөн адамдар да. Укуктук, саясий, уюштуруучулук жактан бир адамдын гана көзүн карап турган системаны түзүп алышкан. Табалабайм, бирок өзүлөрү ошонун курмандыгы болуп жатышат. Сот системасын кайра түзүш керек. Албетте, мен судьялардын арасында баары эле жаман деп айтпайм, а бирок кайсы бир бөлүгү чөнтөгүндөгү акчаны же жогору жактан телефон чалууну күтөт. Бүгүнкү күндөгү сот системасын Убактылуу Өкмөт, ошол эле Текебаев өзү түзгөн, Атамбаев катышкан, Отунбаева баарынын башында турган.


Бүгүн, 21-августта Жогорку сот Текебаевге мурда чыккан өкүмдөрдү жокко чыгарып, ишин кайра кароого райондук сотко жөнөттү.


Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов орус жаранынан пара алды деген негизге 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Өзүлөрү бул айыптоону ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевди сындаганы үчүн саясий куугунтук деп баалашкан.


Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаев быйыл 8-августта кармалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камалды. Ага бир нече айып тагылды. Ал да өзүнө карата куугунтук жүрүп жатканын айтып келет. (RK)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus