Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Финчалгындын башчысы Матраимовдор менен тууганчылыгын ырастады

Финансылык чалгын кызматынын төрагасы Гүламжан Анарбаев Матраимовдор менен тууганчылык байланышы тууралуу комментарий берди. Анарбаевдин билдирүүсүн «Азаттыкка» мекеменин басма сөз кызматы берди.


«Матраимовдор мындан 20 жыл мурун менин карындашымды келин кылып алган. Алардын баш кошконуна 20 жыл толду, чоң уулу 19 жашка чыгып калды, жакшыбы-жаманбы, жашап атышат. Аларды: «Кой, мага сөз тийип атат» деп ажыраштырып жибериш керекпи? Баарын эле жумуш менен аралаштыра берген да туура эмес. Мени Матраимовдор менен байланыштырган мамиле да, кызыкчылыктар да жок. Алар өзүнүн жолунда, биз өзүбүздүн жолубузда жүрөбүз», деп айтылат Гүламжан Анарбаевдин билдирүүсүндө.


Финансылык чалгын кызматынын төрагасы мындан сырткары буга чейин анын дарегине айтылып жаткан сөздөрдү да четке кагып, Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековго да тууган, куда эмес экенин билдирет. Ал муну «чындыкка дал келбеген ушак» деп атаган.


Аз күн мурдараак парламенттин жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина Гүламжан Анарбаев Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов жана депутат Искендер Матраимовдор менен тууган экенин айтып, алардын мүлкүн иликтөө калыс жүрөрүнөн күмөн санаган. 


«Азаттык» 29-майда жарыялаган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөдө мамлекеттен чыгарылып кеткен миллиондогон долларга Матраимовдордун ыктымалдуу катышы бар экени айтылган. Буга байланыштуу коомдук пикирлерден кийин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат жана Финансылык чалгын кызматы териштирүү жүргүзө баштаган. 


Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов 3-июнда иликтөөдө айтылгандар чындыкка дал келбей турганын, ага-инилери менен жасап жаткан иштери мыйзам чегинде экенин билдирди. (ErN)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus