Өкмөттө жер-жерлердеги соңку сел кырсыктары талкууланды
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы сел кырсыгына байланыштуу жыйын өткөрүп, калыбына келтирүү иштери жана кырсыктын алдын алуу боюнча чараларды иштеп чыгууну тапшырды. Бул тууралуу 4-майда таратылган маалыматта кабарланат.
Жыйында президенттин Баткен облусундагы өкүлү Мамыржан Рахимов билдиргендей, Баткендин Ак-Татыр айыл аймагында сел агымы каптаган он турак үй толук тазаланып бүткөн.
“Азыркы тапта жол каттамдары толук ачылды. Үзгүлтүккө учураган электр энергиясы калыбына келтирилди. Сугат жана таза суу объектилерин калыбына келтирүү иштери уланууда. Саламаттыкты сактоо кызматкерлери тарабынан жеринде жарандарга керектүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Ал эми санитардык-эпидемиологиялык кызматтын адистери аймакта залалсыздандыруу иштерин жүргүзүп жатышат”, - деп жазылган өкүлчүлүктүн маалыматында.
29-апрелден тарта жааган жаан-чачындан улам Баткен, Кадамжай, Лейлек райондорунда жана Кызыл-Кыя шаарынын аймагында сел жүргөн. Буга байланыштуу Баткен районунда өзгөчө кырдаал режими киргизилген.
Соңку күндөрү нөшөрлөп жааган жаандан улам жер-жерлерде сел жүрүүдө. 2-майда Баткен районунун Ак-Татыр жана Самаркандек айыл аймактарында 50 турак жайдын короолорун сел каптап, анын ичинен 10 үйдүн жертөлөсүнө суу кирген. Сел жүргөн айылдардан жалпысынан 149 адам эвакуацияланган.
1-майда Жалал-Абад облусунун Манас шаарында да сел жүргөн. 30-апрелде Баткен облусунун Кадамжай районунда суу каптаган кээ бир жолдор убактылуу жабылган. 29-апрелде Ош облусунун Алай районунун Гүлчө шаарында селге байланыштуу өзгөчө кырдаал режими киргизилген.