Тажикстанда сел төрт кишинин өмүрүн алды
Тажикстанда катуу жааган жамгырдан кийин жүргөн сел төрт адамдын өмүрүн алды.
Куляб шаарында табият кырсыгынан дагы беш киши жабыркап, ооруканага түштү. Бийлик билдиргендей, 450дөй тургун коопсуз жайларга эвакуацияланды.
Жалпысынан шаарда 850гө жакын үйдү суу каптаган. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, жабыркагандарга жардам көрсөтүүнү тапшырды.
Ошол эле учурда катуу жаан-чачындын кедергиси Дүйшөмбү баш болгон башка аймактарга да тийди. Ооруканалар, мектептер, турак-жайлар жана жолдор талкаланганы кабарланууда. Айрым райондордо көпүрөлөр бузулуп, айдоо жерлерин суу каптаган. Катуу жаан-чачындан улам Кыргызстанда да сел жүрдү. Баткенде табият кырсыгынан кийинки калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.
Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагынын Өрүкзар, Керме-Тоо, Үч-Дөбө айылдарында болжол менен 50 турак жайдын короолорун сел каптап, анын ичинен 10 үйдүн жер төлөсүнө сел суулары кирген.
Сел жүргөн айылдардан жалпы 149 адам эвакуацияланып, туугандарынын үйлөрүнө жайгаштырылган. Ошондой эле Ак-Татыр айылындагы Садыков атындагы орто мектепке адамдарды убактылуу жайгаштыруу жайы уюштурулган.