Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында уран мурастарынын музейи ачылды. Бул тууралуу Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Кыргызстандагы кеңсесинен билдиришти. "Майлуу-Суу шаарынын тарыхы жана Кыргызстандын уран мурасы" музейи ЕККУ, БУУнун Өнүктүрүү программасы, Майлуу-Суу шаардык мэриясы, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана башка өнөктөштөр менен тыгыз кызматташтыкта түзүлгөн. Музейдин ачылышына еврокомиссиянын Эл аралык өнөктөштүк боюнча Башкы дирекциясынын өзөктүк коопсуздук... Читать дальше...
Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 24-июнда Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушууда билдирди. Анда эки тараптуу алака-катышты өнүктүрүү, кызматташуу маселелери талкууланды. "Садыр Жапаров күзүндө Түркиянын Изник шаарында кезектеги Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөрүн эске салып, Кыргызстан ага катышууга ниеттенип жетканын белгилеп, кыргыз тарап уюштуруучулук маселелерде жардам берүүгө даяр экенин билдирди. Мустафа Шентоп Кыргызстан менен кызматташтык, анын ичинде... Читать дальше...
Кыргызстанга Өзбекстандан ташылган дарбыздын сапаты текшерилип, көзөмөлгө алынат. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппаратынын экономика жана регионду комплекстүү өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Ызабеков билдирди. Анын айтымында, бул иштерди "Достук" өткөрмө бекетинде Ветеринардык жана фитосанитардык кызмат аткара баштады. "Дыйкандар өздөрү өндүргөн дарбыздын баасы арзандап кеткенине нааразы. Алар быйыл солярка жана башка айыл чарбага керектүү жабдыктар кымбаттап... Читать дальше...
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 23-июнда Нур-Султан шаарында Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевди кабыл алды. Маалыматты Акаевдин тарапташы, коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков "Азаттыкка" бышыктады. Анын айтымында Кыргызстандын мурдагы президенти Алматы шаарында үч күн болгон жана андан ары Нур-Султанга кеткен. Акордо бул жолугушуу тууралуу расмий маалымат тараткан жок. Айрым маалымат агенттиктери Токаевдин Акаев жана анын жубайы менен чогуу түшкөн сүрөттөрүн жарыялады. Читать дальше...
Быйыл жаз-жай айларындагы жаандан улам өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында сел жүрүп, суу каптаган үйлөрдүн жалпы саны 2,5 миңден ашты. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов "Биринчи радиого" курган маегинде айтты. Анын айтымында, сел суулары 649 үйдүн ичине кирип, 61 үй жараксыз абалга келсе, 100дөй турак жай капиталдык ремонтко муктаж. Жалпы чыгым 174 млн. сомду түздү. Бул статистикага Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында, Талас жана Чүй облусундагы катталган сел чыгымы кошула элек. Читать дальше...
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 24-июнда түнкү саат 2:10до Жалал-Абад облусунун аймагында жер титирөө катталды. Анын күчү очогунда күчү 3,5 баллга жеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Жер титирөө Майлуу-Суу шаарында, Базар-Коргон районунун Арстанбап, Үч-Булак, Жай-Терек айылдарында үч балл, Гүмкана, Косо-Терек айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. (КЕ)
Салык кызматы лотерея ойноттуу 1-июлда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында өтөрүн, иш-чара концерттик программа менен коштолорун билдирди. Аталган мекеме көзөмөл-кассалык аппараттарды (ККМ) колдонууну жайылтуу максатында 10-майдан тартып кассалык чектер менен лотерея ойнотуларын, баалуу сыйлыктар берилерин билдирген. Кыргызстанда бир катар соодагерлер ККМнын киргизилишине каршы чыгууда. Бишкекте 24-июнда ушундай эле талап менен зер буюмдарын саткан соодагерлер нааразылык акциясына чыкты. Өткөн аптада... Читать дальше...
Бүгүн, 24-июнда Бишкекте ишкерликке керектүү уруксат кагаздарынын бирдиктүү реестри ачылганы тууралуу маалымат берилди. Экономика жана коммерция министрлигинин бидиришинче, бул маалымат порталында учурда 160тай документ бар жана дагы кошумчаланып, толукталат. Реестр ишкерлерге жана инвесторлорго бизнес жүргүзүүдө талап кылынган бардык уруксат берүүчү документтер тууралуу маалыматты камтыйт жана убакытты кыскартуу, ыкчам маалымат алуу максатында түзүлгөнүн билдирген. Кыргызстанда ишкерлер башкы... Читать дальше...
Бүгүн 24-июнда Бишкектин Свердлов райондук сотунда иликтөөчү журналист Болот Темировго козголгон ишти кароо уланууда. Анда судья Акылбек Адимовго ишенбөөчүлүк көрсөтүлүп, сот аны канааттандырган жок. Соттук териштирүү кайра уланды. Буга чейин жактоочулар күч кызматкерлеринин көрсөтмөсүн ачыкка чыгаруу өтүнүчүн келтиришкен. Иште ал көрсөтмөлөр "жашыруун" деген статус менен сотко өткөн. Сот ал материалдар менен таанышууга жарым-жартылай уруксат берген. Быйыл январь айында Бишкек шаардык милициясы... Читать дальше...
"Улуттук энегохолдинг" мамлекеттик компаниясынын башкармалыгынын төрагалыгына Нурлан Садыков, анын орун басары болуп Бектур Төрөкулов дайындалды. Бул тууралуу аталган компаниянын басма сөз кызматы кабарлады. Аларды жамаатка энергетика министри Тилек Айталиев тааныштырды. Нурлан Садыков буга чейин "Улуттук энегохолдингдин" башкармалагынын башчысынын орун басары болуп келген. Буга чейин бул ишкананы Таалайбек Байгазиев жетектеп келген. 2016-жылы түзүлгөн "Улуттук энергохолдинг" мамлекеттик энергетикалык компанияларды башкарат. Читать дальше...
Эсеп палатасынан кийин “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын ишмердигин укук коргоо органдары дагы текшере турганы маалым болду. "Текшерүү бүткөндөн кийин маалымат беребиз" Жогорку Кеңештин 23-июндагы жыйынында "Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүктүн ишмердүүлүгүнө дагы сын айтылып, депутат Кундузбек Сулайманов анын отчет беришин талап кылды. “Жакында эле кесиптешибиз Жеңиш Шермаматович (Токторбаев - ред.) Кумтөр маселеси, Тенгиз Бөлтүрүк жөнүндө айтып чыккан. Читать дальше...
Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатында кыргызстандык балбандар үч алтын, төрт күмүш байгеге ээ болду. 23-июнда грек-рим күрөшүнөн жети салмакта байгелер ойнотулуп, таймаштар айлампа тартибинде өттү. Алтын медалды Адилхан Нурланбеков (72 кг), Акылбек Талантбеков (77 кг) жана Бексултан Назарбаев (82 кг) алды. Нурланбеков финалда өзбекстандык Жахонгир Хамроевди 4:2 эсебинде жеңди. Ал финалга чейин казакстандык Кирил Минкону 9:0, индиялык Диипак Пунияны... Читать дальше...
Ысык-Көл облусуна караштуу Чолпон-Ата шаарында бүгүн, 24-июнда Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) кеңешинин отуруму жана XI пленардык жыйыны өтүп жатат. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын билдиришинче, анда 2023-2028-жылдарга уюмдун стратегиялык жол картасы бекитилет. Андан сырткары социалдык ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган бир катар моделдик мыйзамдардын долбоорлору каралат. ТүркПАга төрагалык кылуу милдети Казакстандан Кыргызстанга өтүп, отурумдардын жыйынтыгында Чолпон-Ата декларациясы кабыл алынат. Читать дальше...
Акыйкатчы Атыр Абдрахматова мурдагы банк кызматкери Бакыт Асанбаев өмүрүнүн акыркы күнүндө Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) тергөөчүсү менен адвокаты жок сүйлөшкөнү аныкталганын билдирди. Мындан улам ал тергөөчү да суракка алынышы керектигин, Асанбаев эмнеге башка камерага которулган жагдай иликтениши зарылдыгын билдирди. Саясат таануучу Марат Казакпаев менен “Айыл банктын” төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин өлүмүн иликтеген комиссия 23-июнда УКМКнын тергөө абагынын ичиндеги тасмаларды көрүп чыккан. Читать дальше...
Бүгүн Бишкектеги Максим Горький атындагы гүлбакта зер буюмдарын саткан соодагерлер көзөмөл-кассалык аппараттын (ККМ) киргизилишине каршы акцияга чыгат. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлады. Өткөн аптада Бишкекте ККМдин киргизилишине нааразы болгон соодагерлер өкмөт үйүнүн алдына чогулган. Анда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бул аппараты колдонуу убактылуу токтотулуп турарын, митингге чыккандардын өкүлдөрү менен маселени чечүүнүн жолун караштырып чыгарын айткан. ККМ менен эсеп-фактура... Читать дальше...
Бүгүн Бишкекте ишкерликке керектүү уруксат документтеринин бирдиктүү реестри тууралуу маалымат берилет. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги кабарларды. Жыйынга тиешелүү министрлик-мекемелерден сырткары эл аралык уюмдардын дагы өкүлдөрү катышат. Буга чейин аталган министрлик бул реестр ишкерлер жана инвесторлорго бизнес жүргүзүүдө талап кылынган бардык уруксат берүүчү документтер тууралуу маалыматты камтыйт жана убакытты кыскартуу, ыкчам маалымат алуу максатында түзүлгөнүн билдирген. Читать дальше...
Бүгүн, 24-июнда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) кеңешинин отуруму жана XI пленардык жыйыны өтөт. Буга чейин анда түрк тилдүү мамлекеттердин алака-катышын чыңдоо, уюмдун атын өзгөртүп, логотибин бекитүү өңдүү маселелер каралары маалымдалган. Кыргызстанга 23-майда Казакстандын Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов жана Азербайжандын Улуттук Жыйынынын төрайымы Сахиба Гафарова, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп... Читать дальше...