Шотландиянын биринчи министри Никола Стёрджен Эдинбургда шейшемби күнү өткөн басма сөз жыйынында өлкөнүн Улуу Британиядан көз карандысыздык жарыялоо референдумуна даярдык башталганын жар салды. Шотланд өкмөтүнүн расмий сайтында 14-июнда “Кубаттуу, бактылуу, адилетүү: Эмне үчүн Шотландия эмес?” деген аталышта документ жарыяланды. Анда мамлекеттин өз алдынча түзүлүшү тууралуу план каралган. Документтин баш сөзүндө Стёрджен “коронавирустан, Брекзиттен жана Борис Жонсондон кийинки, азыркы маал жаңы... Читать дальше...
Бириккен демократиялык кыймыл тергөө абагынан ооруканага которулуп, өзүнө келе албай жатып көз жумган саясат талдоочу Марат Казакпаевдин өлүмү боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин пикирин айыптаган билдирүү таратты. Кайрылууда Ташиев "айыпсыздык презумпциясы" принцибин одоно бузуп жатканы белгиленет. Оппозициялык кыймыл атайын кызмат Казакбаевдин өлүмүн териштирүүнүн ордуна өз пикирин айткан адамдарды суракка чакыртканын сындайт. 14-июнда... Читать дальше...
Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кыргыз-тажик чек арасындагы соңку ок атышуу тууралуу билдирүү таратып, анда 26 жаштагы бир чек арачы жарадар болгонун билдирди. “Азаттыктын” тажик кызматы өз булактарына таянуу менен куралдуу жаңжалда бир адам каза болгонун жазган. Мамлекеттик мекеме өз маалыматында бул кабарды ырастаган эмес. Тажик ТИМи билдирүүсүндө, ок атууга кыргыз тарапты айыптап, "окту биринчи Кыргызстандын чек арачылары чыгарганын" келтирет. Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын мурдараак тараткан маалыматында... Читать дальше...
Футбол боюнча Азия кубогуна тандоо оюндарында Кыргызстан менен Тажикстандын улуттук курама командаларынын беттеши 0:0 эсебинде тең чыгуу менен бүттү. Оюн 14-июнда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү. Бул F тайпасында жыйынтыктоочу оюн. Буга чейин Кыргызстан Сингапурду 2:1, Мьянманы 2:0 менен уткан. Тажикстан Мьянманы 4:0, Сингапурду 1:0 менен жеңген. 14-июнда Сингапур Мьянманы 6:2 эсебинде утту. 3-турдун жыйынтыгы менен Тажикстан менен Кыргызстан жетиден упайга ээ болуп, Азия кубогуна жолдомо алышты. Читать дальше...
Орусиянын Владимир облусунун Покров шаарында түзөтүү колониясында жаза мөөнөтүн өтөп жаткан оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный күчөтүлгөн тартиптеги абакка которулду. Бул тууралуу анын адвокатына таянуу менен саясатчынын басма сөз катчысы Кира Ярмыш кабарлады. Федералдык жаза аткаруу кызматы азырынча Навальный кайсы абакка которулганын маалымдай элек. Март айында Москва шаарынын Лефортово райондук соту оппозиционердин экинчи иши боюнча тогуз жылга эркинен ажыраткан. Москва шаардык соту биринчи... Читать дальше...
Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы саат 17.30гө карата кыргыз-тажик чек арасындагы тилкеде кырдаал чыңалган бойдон турганын маалымдады. Булак-Башы жерлигинде Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согд багытындагы чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунда тараптар куралдуу окуя боюнча өз дооматтарын билдирди. Жолугушууда эки тарап Булак-Башыдагы чек ара кезметтеринин жүрүү маршруттарын тактоону, окуя болгон жерге тартылган кошумча күч жана каражаттарды артка кайтарууну жана эки өлкөнүн чек ара постторунун башчыларын күн сайын жолугуп... Читать дальше...
Футбол боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын курама командалары Азия кубогуна мөөнөтүнөн мурда жолдомо алды. Аталган командалар бүгүн, 14-июнда Бишкекте тандоо оюндарынын акыркы турунда беттешүүдө. Беттеш жыйынтыгы тайпада кайсы команда биринчи орун менен Азия кубогуна чыгарын аныктайт. Учурда эки жатта тең алтыдан упай бар. Голдордун айырмасында Тажикстан алдыда. Оюндун жыйынтыгына спорт адистеринин баасы кандай? Азия кубогунда экинчи ирет Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы... Читать дальше...
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев эл аралык иш сапарынын алкагында Кыргызстанга таанышуу сапары менен келген АКШнын Борбордук командачылыгынын башчысы, генерал Майкл Курилланы кабыл алды. Бул тууралуу министрликтин расмий сайтында жарыяланды. Анда министр Кулубаев аймактык коопсуздукту жакшыртуу боюнча региондук аракеттерди координациялоонун маанилүү экенин белгилегени айтылат. Жолугушууда Ооганстандагы кырдаалдын алкагында чек араларды бекемдөө жана трансулуттук коркунучтарга каршы туруу маселелери боюнча пикир алмашуу болгон. Читать дальше...
Оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) саат 18:00гө суракка чакырылды. Саясатчы атайын кызматын чакыруу барагын Фейсбуктагы баракчасына жарыялады. Бирок анда Равшан Жээнбеков кайсы иш боюнча чакырылганы жазылган эмес. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев абактан ооруканага которулуп каза болгон саясат талдоочу Марат Казакпаевдин өлүмүн бир катар саясатчылар өз максатына колдонуп жатканын айтып, Равшан Жээнбековдун атын атаган. Бул тууралуу Ташиев “Новые лица” порталындагы маегинде билдирип... Читать дальше...
"Женго" каймана аты менен белгилүү кылмыштуу топтун лидери делген, криминалдык чөйрөнүн анабашы Кадыр Досонов бир кылмыш иши боюнча акталып, бир кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу абактан бошотулду. Бул тууралуу Ош облустук сотунун маалымат катчысы Айпери Туратбек кызы билдирди. Кара-Суу райондук сотунун 14-июндагы чечими менен Досоновго байланыштуу бирөөнүн мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу боюнча кылмыш иши мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу кыскарган, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди... Читать дальше...
Өзбекстан коронавируска байланыштуу чектөөлөрдү алганына байланыштуу “Достук” чек ара бекетинен өткөн адамдардын саны кескин көбөйдү Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош аймактык башкармалыгы билдирди. Өзбекстан 10-июнда коронавируска байланыштуу чектөөлөрдү алгандан кийин чек арадан бир күндө 17 миң адам өткөн. Чектөө учурунда эки өлкөгө 10 миң адам ары-бери каттап турган. Буга байланыштуу Ош чек ара башкармалыгынын башчысынын орун басары Маратбек Исмаилов кошумча паспорттук-көзөмөл кабина керектигин... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин тармактык комитети чет элдик жарандар үчүн казино ачууга жол берген мыйзам долбоорун экинчи окууга жөнөтүү үчүн караган жок. Депутаттар мыйзам долбоорун кароо түз эфирде көрсөтүлүшүн жана Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун келишин талап кылышты. 14-июнда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети "Кыргызстандагы оюн-зоок иши жөнүндө" жана "Оюн-зоок ишинин маселелери боюнча айрым актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун экинчи окууга жөнөтүү үчүн карамак. Читать дальше...
Кубада былтыр июлда нааразылык акцияларына чыккан 381 адамга сот өкүмү чыкты. Өлкөнүн Башкы прокуратурасы кабарлагандай, алардын баары эркинен ажыратылды. Башаламандык чыгарууга тиешеси бар 36 адам беш жылдан 25 жылга чейин соттолду. "Хосе Марти" радиосу Cuban Prisoners Defenders уюмуна таянып кабарлагандай, кеминде 37 жашы жете элек бала жоопкерчиликке тартылган, алардын кеминде 23ү соттолду. 2021-жылдын 11-июлунда Кубада жашоо деңгээлинин начарлап кетишине, азык-түлүктөрдүн жана биринчи муктаждыктагы товарлардын тартыштыгына... Читать дальше...
Тажикстандын Согд облусунун губерантору Ражаббой Ахмадзода Булак-Башы аймагында 14-июнда болгон атышуу түшүнбөстүктөн чыкканын айтты. “Азаттыктын” тажик кызматынын жазышынча, Ражаббой Ахмадзода окуя Ворух анклавынын борборунан 20 чакырымдай алыстыкта болгонун айткан. “Таңкы саат алтыда (Дүйшөмбү убактысы боюнча) эки тараптын ортосунда түшүнбөстүктүн айынан беш мүнөткө созулган ок атышуу болду. Окуя боюнча эки өлкөнүн Аскер прокуратуралары териштирүү ишин баштады. Окуянын себептерин жумушчу топ иликтеп чыгат”, - деп билдирди Ахмадзода. Читать дальше...
Президенттин Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча атайын өкүлү Мамыржан Рахимов жогорку билим тууралуу дипломду мыйзамсыз алган деп шек саналууда. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык Рахимов 2004-жылы Баткен мамлекеттик университетинде окуйт деген жасалма академиялык документти колдонуп, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин юридикалык факультетине тапшырган. 2005-жылы Ош мамлекеттик юридикалык институтунун 6-курсуна которулган. Читать дальше...
Кыргызстандын Чек ара кызматы 14-июнда саат 13.00гө карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал чыңалып турганын билдирди. Ок атышуу болгон Булак-Башыда учурда Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согд багыты боюнча чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү уланууда. Жолугушууга Согд жана Баткен облустарынын күч органдарынын жетекчилери катышууда. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кыргызстандын "Булак-Башы" жана Тажикстандын "Кех" чек ара постторунун ортосунда ок атышуунун келип чыккан себеби талкууланып... Читать дальше...
Камактагы журналист Куттумидин Базаркулов тергөө абагынан бошотулду. Бул тууралуу анын иниси "Азаттыкка" билдирди. Ал Базаркулов кандай шартта бошотулганы жөнүндө маалыматы жоктугун, агасы Бишкекке жолго чыкканын айтты. Куттумидин Базаркуловду УКМК 2021-жылдын 27-ноябрда үйүнөн кармаган. Журналист “Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айыпталууда. Тагыраагы 2015-жылы Жалал-Абад облустук телерадиоканалын башкарып турганда тендер өткөрүүдө эреже бузуп, сапатсыз техникаларды сатып... Читать дальше...
Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 15-июнда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15…20, күндүз 28…33, Талас жергесинде түнкүсүн 13…18, күндүз 25…30, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 16…21... Читать дальше...
Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы Азия кубогунун финалдык баскычына чыкты. 14-июнда B тайпасында Палестина жана Филиппин курама командалары беттешип, Палестина 4:0 менен утту. Ошентип төрт упайы болгон Филиппин тандоо оюндарынан четтеп калды. Анын жыйынтыгы менен Филиппинден жогорку упай алган беш курама команда Азия кубогуна жолдомо алат. Алардын катарында Кыргызстан бар. Азия кубогуна жолдомо алуу үчүн алты тайпада оюн өтүп жатат. Финалдык бөлүккө тайпанын алты лидери жана экинчи орундагы беш мыкты команда чыгат. Читать дальше...
Түрк бийлиги 1-июлдан тарта чет өлкөлүктөр жыш жашаган 1200 мааледе мигранттарды каттоо токтой турганын эскертти. Калган райондордогу чет элдиктер жергиликтүү тургундардын cанынын 20 пайызынан ашпашы керектиги айтылды. Анкара чет өлкөлүктөрдү каттоону чектейт 11-июнда Түркиянын ички иштер министри Сүлейман Сойлу чет элдиктердин саны жергиликтүү тургундардан көп болгон жерлерде мигранттарды туруктуу жашоого каттоо токтотулганын билдирди. "Өлкөнүн айрым аймактарында чет элдиктердин топтолуп жашоосуна... Читать дальше...
Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Орусиядагы өкүлчүлүгү Москвада адам уурдоо жана опузалап акча талап кылууга шек саналган кылмыштуу топтун жети мүчөсүн кармады. Министрликтин маалыматында, алар 10-июнда “Кузьминки” паркынын аймагынан 32 жаштагы адамды уурдап кетип, Москва шаарында ижарага алган батирде кармап, 1 млн. 800 миң рубль талап кылган. Атайын операцияда кылмыштуу топтун лидери жана анын мүчөлөрү колго түшкөн. Аларга тиешелүү Hyundai жана Volkswagen Polo автоунааларынан “Макаров” үлгүсүндөгү тапанча табылган. Читать дальше...
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдыкарим Алимбаев чек арадагы ок атышуу боюнча Тажикстандын Согд облусунун губернатору Ражжабой Ахмадзода менен телефондон сүйлөшүп, кырдаал оорлоп кетпеши үчүн аракеттер жүрүп жатканын “Азаттык” радиосуна билдирди. “Учурда чек ара кызматынын жана укук коргоо органдарынын тиешелүү жетекчиликтери тажикстандык кесиптештерине жолугуп, сүйлөшүп, окуя эмнеден тутанганын иликтеп жатат. Кырдаалды көзөмөлдөп, чек ара аймактарында абалды туруктуу кармоо... Читать дальше...
Баткен районунун Булак-Башы аймагында Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында 14-июнь күнү таңга жуук ок атылды. Маалыматка караганда, саат 6:50-7:00дө Булак-Башы аймагында тажик чек арачылары биринчи ок аткан. Ага жооп катары кыргыз чек арачылары асманга ок чыгарган. Андан кийин Кыргызстандын чек ара кызматы 07:50дө тажик тарап гранатомет жана миномет менен кайра атып, саат 8:10дө атышуу токтогонун, бирок абал кооптуу экенин билдирген. “Ушул тапта Баткен облустук чек ара башкармалыгы менен... Читать дальше...
“Азаттык” радиосунун тажик кызматы 14-июндагы эртең менен болгон кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышууда 26 жаштагы Тажикстандын чек арачысы каза болгонун жазды. Атын атагысы келбеген булак каза болгон чек арачы Жайхун районунун тургуну экенин, сөөгү Тажикстандын Исфара районундагы ооруканалардын биринде турганын кабарлаган. Тажик бийлиги азырынча ок атышуу тууралуу комментарий бере элек. Кыргызстандын чек ара кызматы Баткен районунун Булак-Башы аймагында 14-июнь күнү таңга жуук ок атылганы тууралуу маалымат тараткан. Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын мурдагы орун басары Жаныбек Жоробаев алкоголдук тармактан түшкөн салыкка байланыштуу кызматтан алынганы белгилүү болду. Бул тууралуу өкмөт Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун 11-июнда “Дордой Food” базарынын соодагерлери менен жолугушуу учурунда сүйлөгөн сөзүнө берген түшүндүрмөсүндө айтылат. Анда Акылбек Жапаров атайын кызматтын жетекчисинин орун басары кызматтан кеткенин билдирип, бирок ким экенин тактаган эмес. Читать дальше...