Түркмөнстандын Миграциялык кызматы 21-июндан тартып Орусиянын жарандыгын алган түркмөндөргө өз мекенинин паспортун алууга уруксат берди. Бул тууралуу “Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлады. Түркмөнстан менен Орусия кош жарандуулук боюнча макулдашууну 1993-жылы кабыл алган. 2003-жылдан кийин түркмөн бийлиги аны жокко чыгарган. Ага карабай Орусиянын Ашхабаддагы элчилиги Түркмөнстандын жарандарына орус паспортун берүүсүн уланта берген. Кийин Түркмөнстандын бийлиги кош жарандыгы барларды же түркмөн паспортун... Читать дальше...
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда аптасына онго чукул баланын бөйрөгүнөн таш алынат. Балдардагы бөйрөк ооруларынын себеби эмнеде? Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун урология бөлүмүндө дарыгерге кезек күткөн ата-энелердин аягы кечке чейин үзүлбөйт. Бардык палаталар бейтаптарга толгон. "Балам аябай кусуп, анан ооруканага келдик. Дарыгерлер анализге канын, заарасын тапшырдык. Жыйынтыгы чыкканда эле дароо урологго жиберишти. Уролог баламдын бөйрөгүндө таш бар экен деп ушул борборго жолдоду. Читать дальше...
Бишкекте 17 жана 23 жашка чейинки балбандар арасында Азия чемпионаты өтүп жатат. 17 жашка чейинкилер арасында үч күндөгү таймаштардын жыйынтыгында Кыргызстандын балбандары беш алтын, бир күмүш жана беш коло байге алышты. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча уландар курама командасы (U-17) командалык эсепте 1-орунду алса, кыздардын эркин күрөшү боюнча улуттук команда (U-17) 4-орунду ээледи. 22-июнда эркин күрөштөн таймаштар уланат. 23 жашка чейинки балбандардын таймашы 23-июнда башталат.
Былтыр 26-ноябрда бийликти басып алууга шек саналып кармалган Азамат Мусакеевди Биринчи май райондук соту үй камагына чыгарды. Бул тууралуу анын адвокаты Бактыбек Жумашов билдирди. Өткөн жылы парламенттик шайлоонун астында атайын кызмат бийликти басып алууга айыптап 15тен ашык кишини кармаган. Расмий маалыматка караганда, күч түзүмдөрүнө парламенттик шайлоодон кийин өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу жана бийликти күч менен басып алуу максатында чагымчылдык уюштурууну пландаштырган адамдардын тобу боюнча маалымат түшкөн. Читать дальше...
Мамлекеттик ипотекалык компания Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевдин ипотека насыясын берүүдөгү коррупция тууралуу айтканын четке какты. Компания 2020-жылдан бери арыздарды электрондук түрдө карай баштаганын, бул бюрократиялык тоскоолдуктарды азайтканын, коррупциялык элементтер толук жоюлганын билдирди. Билдирүүдө айтылгандай, электрондук кезекте ар бир жарандын катталган убактысынан тартып, банк арызды кабыл алганга чейинки ар бир кадамы катталат. Арыз тапшырган жарандар жеке кабинети аркылуу ар бир этапты карап тура алат. Читать дальше...
Салык кызматынын Нарын облусундагы райондук башкармалыктын биринин башчысы 12 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди. Кармалган кызмат адамы Ат-Башы райондук башкармалыктын башчысы экенин "Азаттыктын" өздүк булактары ырастады. Ал күнүмдүк керектелүүчү буюмдарды сатуу менен алектенген жеке ишкерди салыктык чегерүүлөрдү эсептөө, кассалык-көзөмөл машиналарын (ККМ) орнотуу жана колдонууга байланышкан маселелерди анын пайдасына чечип берем деп опузалап... Читать дальше...
Казакстандын финансылык мониторинг башкармалыгы (ФМБ) Karuan деп аталган компанияны рейдерлик жол менен тартып алуу фактысы боюнча териштирүү баштаганын жарыялады. Мекемеден билдиришкендей, Алматы шаардык прокуратурасынын экономикалык иликтөөлөр бөлүмүнө Какенов Н. аттуу ишкер компаниясын тарттырып жибергени жөнүндө арыз жазган. Финансылык мониторинг башкармалыгы текшерүүнүн жыйынтыгына ылайык, юридикалык баа берилерин билдирди. Мурдараак бир катар басылмалар Нурша Какенов деген бизнесмен Казакстандын... Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров Британиянын The Independent басылмасына климаттын өзгөрүүсүнүн Кыргызстанга таасири жана өлкөдөгү экологиялык абал жөнүндө маек берди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Анда президент Кыргызстан сыяктуу тоолуу өлкөлөрдө мөңгүлөр тездик менен ээрип баратканына дүйнө коомчулугу көңүл бөлбөй жатканын айткан. "Мен туулуп-өскөн айылыма бат-баттан барып турам. Көз ачып-жумганча мөңгүлөр четинен жоголуп баратканын байкайм. Тоолорубуздагы климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине күбө болгондуктан... Читать дальше...
Бүгүн, 21-июнда "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын ыйгаруу боюнча республикалык комиссиянын биринчи кеңешмеси өттү. Анда стипендияны ыйгаруу үчүн талапкерлерди тандоо эрежелери, документтерди кабыл алуу жана кароо тартиби талкууланганын өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Кыргызстанда “Эл үмүтү” эл аралык стипендия программасын ачуу боюнча жарлыкка президент Садыр Жапаров 10-майда кол койгон. Дүйнөнүн алдыңкы 100 университетине өткөн 50 магистрант, докторантка быйылтан тарта атайын стипендия бериле баштайт. Читать дальше...
Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Чүй облусунун Сокулук райондук сотунда эки жаштагы Егордун сабалганына байланыштуу өтүп жаткан соттук отурумга байкоо жүргүзүүдө. Отурумда баланын сот адилеттигине болгон укугу канчалык деңгээлде сакталып жатканы көзөмөлгө алынат. Бул тууралуу башкы укук коргоочу уюмдун басма сөз кызматы кабарлады. Сокулук райондук соту эки жаштагы наристенин сабалышына байланыштуу ишти карап жатат. 21-июнда күбөлөр суралды. 3-февралда Сокулук райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө наристе колу-буту күйүп... Читать дальше...
Министрлер кабинети “Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу түрдө легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыкты. Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев бул жолу мурдагы легалдаштыруу кампанияларында кеткен каталарга жол берилбей турганын айтты. "Кыргызстандын тарыхында үч жолу легалдаштыруу кампаниясы өткөн. Булар, 2008, 2009, 2013, 2014-жылдары. 2013-2014-жылдары гана 9840 декларация берилген. Анын ичинен 84 адам 37,4 млн. сомдук бир жолку төлөмүн төлөгөн. Читать дальше...
Быйыл январь-апрель айларында Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 3 млрд. долларды түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 43,3% өскөн. Бул маалыматты Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кеңейтилген форматтагы жыйынында сүйлөп жатып айтты. Жапаров төрт айда өлкөнүн интеграциялык бирикмеге мүчө мамлекеттер менен өз ара сооданын өсүшү 16,3%, экспорт 26,4%, ал эми импорт 13,3% өскөнүн билдирди. Бүгүн, 21-июнда Беларустун баш калаасы Минск шаарында... Читать дальше...
Дин таануучу, Түркиядагы Эржиес университетинин докторанты Элмурат Кочкор уулyнун кезектеги макаласы. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт. Мал-мүлккө азгырылбай, жупуну жашоо... Материалдык байлыктын кулу болуу, көр оокатты жашоонун маңызы катары кабылдоо бир топ динде күнөө катары сыпатталат. Индияда садху жана йоги деп аталган катмар руханий жетилүүнү башкы орунга коюп садака менен жан баккан, мал-мүлктөн оолак жашаган кишилерден куралган. Булар буга диний озуйпа катары карашат. Читать дальше...
Ооганстанды иш жүзүндө башкарып жаткан “Талибан” кыймылы февралдан бери өлкөдө камалып жаткан британиялык беш жаранды бошотту. Бул тууралуу Британиянын тышкы иштер министри Лиз Трасс Твиттерде кабарлап, алардын өкмөтү акыры ушуга жетишкенин маалымдады. Трасстын кеңсесинин билдирүүсүндө беш киши “Улуу Британиянын Ооганстандагы өкүлчүлүктөрүндө иштебегени, алар бул өлкөгө өз алдынча гана барышканы” белгиленди. Британ өкмөтү жарандар тууралуу мындан башка маалымат тараткан жок. Мурдараак тараган кабарларда... Читать дальше...
"Кыргызгидромет" кабарлагандай, 21-24-июнда аба ырайы туруксуз болуп, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал. 22-июнда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14...19, күндүз 28...33, Талас облусунда түнкүсүн 12...17, күндүз 25...30... Читать дальше...
Кыргызстанга ташылып келинген кант жана чийки кант камышынан быйылкы жылдын 31-октябрына чейин бажы төлөмү алынбай турган болду. Мындай чечим 21-июнда Беларустун борбору Минск шаарында өтүп жаткан Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин (ЕЭК Кеңеши) кезексиз жыйынында кабыл алынды. 20-июнда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Беларус баш калаасы Минскиге барган. Кеңештин эки күндүк жыйыны 21-июнда аяктайт. Жыйынга Евразия... Читать дальше...
"Интерньюс" уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү “Билим айтыш” долбоорун баштады. Анда төкмө акындарды медиасабаттуулук жана алардын чыгармачылыгын социалдык тармактарда жайылтуу боюнча окутууда.
Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну аялын бычактап, андан кийин асынып алган. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди. Кылмыш 19-июнда болжол менен 04:00 чамасында Кадамжай шаарында болгон. 35 жаштагы Н.Б жана Б.Б. аттуу жубайлардын ортосунда чыр чыгып, жолдошу жубайына бир нече жолу бычак шилтеп, мыкачылык менен өлтүргөн. Андан кийин кылмышка шектүү Б.Б. Кадамжай районундагы Көтөрмө айыл аймагындагы айылдардын бириндеги курулушу бүтө элек үйгө барып асынып алган. Читать дальше...
Ири суммадагы алдамчылыкка шек саналып камалган “Мегакомдун” мурдагы жетекчиси Акылбек Жамангулов үй камагына чыкты. Бул маалыматты Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы "Азаттыкка" ырастады. Анын бөгөт чарасын 20-июнда Октябрь райондук соту карап, үй камагына чыгарган. Жамангулов 12-мартта Башкы прокуратурага суракка чакырылып, ошол эле күнү кармалган. 14-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Жамангуловдун бөгөт чарасын карап, №1 тергөө абагына эки айга камакка алуу чечимин чыгарды. Шектүүнүн... Читать дальше...
Cаясат талдоочу Марат Казакпаев менен “Айыл банктын” төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин өлүмүн иликтеген комиссия алгачкы жыйынын өткөрдү. Жыйынга УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катышып, маалымат берген.
Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин 21-июндагы жыйынында мамлекеттик ипотека насыясын берүүдөгү коррупцияга байланыштуу дооматтар айтылды. Депутат Эмил Жамгырчиев комитеттин келерки жыйынына Мамлекеттик ипотека компаниясынын жетекчилигин чакырып, алардан отчет алууну сунуштады. "Ипотека насыясын алуу үчүн бүгүнкү күндө 35 миңге жакын мамлекеттик кызматкер кезекте турат экен. Өкмөттүн токтомдоруна ылайык кезекке турат экен. Ошол... Читать дальше...
Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев "Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин башка кеңсеге көчүшүнө байланыштуу Фейсбук баракчасына комментарий жазды. Анын жазганына караганда, холдингдин башчысы Тенгиз Бөлтүрүк “Учкундан” башка кеңсеге көчөрдө Министрлер кабинети же президент менен макулдашкан эмес. Ал көчүү себебин “Улуу көчмөндөр мурасы” холдинги түзүлгөнүнө байланыштуу кызматкерлер эски кеңсеге батпай калгандыгы менен түшүндүргөн. "Бир ай мурда бул окуя боюнча президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен териштирүү жүрүп... Читать дальше...
Социалдык тармактарга бийликтин кемчиликтерин сындап жазып жүргөн блогер, жарандык активист Бакмурат Токтогулов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке сурак берип чыкты. Атайын кызмат аны 20дай посту үчүн сүйлөшүү максатында чакырышканын "Азаттыкка" өзү билдирди. "Азыркы болуп жаткан саясий кырдаал, экономика боюнча ачуу сынды камтыган постторду жазып турам. Ошого оозеки эскертүү берүү үчүн чакырышып, сүйлөшүү болду. Кокутуп-үркүтүү болгон жок, мыйзам чегинде түшүндүрүштү. Муну жаз, аны жазба деп чектеген жок. Читать дальше...
Cаясат талдоочу Марат Казакпаев менен “Айыл банктын” төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин өлүмүн иликтеген комиссия алгачкы жыйынын өткөрдү. Жыйынга УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катышып, маалымат берген. Жыйындан чыккандан кийин Камчыбек Ташиев "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип, комиссия иш алып барып жатканда кызматтан убактылуу четтебей турганын билдирди: "Мен ушундай жоопкерчиликтүү кызматта турам, убактылуу четтетилгенге болбойт", - деди Ташиев. Ал ошондой эле комиссия мүмкүнчүлүк... Читать дальше...
Бишкек шаардык сотунда бүгүн, 21-июнда жарандык активист Мелис Аспековдун ишин кароо уланды. Анда айыпталуучу судьяга нааразылык билдирип, аны алмаштырууну талап кылып ачкачылык жарыяларын айтты. Азырынча Аспековдун жакындары менен жактоочусу комментарий бере элек. Аспеков 2020-жылдын Октябрь окуясынан кийин бийликке келген Садыр Жапаровдун тарапташы болгон. 2021-жылдын январында ал “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деген шек менен кармалган. Читать дальше...