Мы в Telegram
Добавить новость

В Химках прошел международный форум предпринимателей «Россия-Китай»

Тысячи юных москвичей занимаются добровольчеством

В столице сохраняется высокая пожароопасность IV класса

В Ленинградской области 2 июня ожидаются град и ливни



World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

"Кумтөр": Депутаттар Бөлтүрүктүн ишин сындады

Эсеп палатасынан кийин “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын ишмердигин укук коргоо органдары дагы текшере турганы маалым болду.

"Текшерүү бүткөндөн кийин маалымат беребиз"

Жогорку Кеңештин 23-июндагы жыйынында "Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүктүн ишмердүүлүгүнө дагы сын айтылып, депутат Кундузбек Сулайманов анын отчет беришин талап кылды.

“Жакында эле кесиптешибиз Жеңиш Шермаматович (Токторбаев - ред.) Кумтөр маселеси, Тенгиз Бөлтүрүк жөнүндө айтып чыккан. Менин түшүнгөнүмө караганда Тенгиз Бөлтүрүк "Кумтөрдүн" акчасына өзү каалагандай, силер менен кеңешпей туруп иш кылат экен. Ушундай маселеге көңүл буруп койсоңор, 50 млн. сомго чейинки акчаны көрбөй калып жатасыздар. Силер менен кеңешпейби? Тениз Бөлтүрүктүн бир жылда кылган иштеринин отчётун алып койсок”.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) башчысы Камчыбек Ташиев “Кумтөр Голд Компани” ишканасын Эсеп палатасынан сырткары укук коргоо органдары дагы текшерүүгө аларын маалымдады.

“50 миллиондон уурдап жатыптыр, көрбөй жатасыңар” деген туура эмес. Биз баарын көрүп, карап турабыз. Президент Кумтөрдү текшерүү боюнча Эсеп палатасын дайындаган. Биз дагы жакында текшерүүнү баштап, жыйынтыгын чыгарабыз”.

Ташиев “Кумтөр” боюнча укук коргоо органдарынын текшерүүсү жөнүндө кенен маалымат берген жок.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бардык текшерүү бүткөндөн кийин маалымат берилерин кошумчалады.

Макулдашылбаган ижара

Бир апта мурун “Кумтөр Голд Компани” мамлекетке караштуу "Учкун" ишканасынан чыгып, Бишкектин чок ортосундагы жеке менчик кеңсеге көчкөнү парламентте сынга кабылган.

Эл өкүлү Жеңишбек Токторбаев ("Ата-Журт Кыргызстан") 5 миң чарчы метр кеңсени ижарага алуу жалпы жонунан 120 миң долларга айланарын айтып, холдингдин төрагасы Тенгиз Бөлтүрүктү айыптаган.

“Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин басма сөз катчысы Назира Ахмедова холдингдин жаңы кеңсеге көчүшү негиздүү экенин билдирген.

Мындан көп өтпөй, президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев улуттук холдингдин башчысы Тенгиз Бөлтүрүк “Учкундан” башка кеңсеге көчөрдө Министрлер кабинети же президент менен макулдашпаганын айтып, мамлекет башчы ага эскертүү бергенин маалымдаган.

Коомчулукта жарандык коомдун айрым өкүлдөрү өлкөдөгү ири алтын кенине ээлик кылган "Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүктүн ишмердигин сындап келет.

“Кумтөр Голд Компанинин” сайтында холдинг жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүк ишкананын атынан ар кандай мекемелерге кайрымдуулук ирээтинде техника, жабдыктарды тапшырды дегендей кабарлар байма-бай жарыяланып турат.

Жарандык активист Атай Бейшенбек ишкананын киреше-чыгашасы жөнүндө эч кандай маалымат жоктугу шектүү суроолорду пайда кылууда дейт.

“Бул кишинин ишмердүүлүгүн толук кандуу текшерүү керек. Чыгармачылык, спорттук, маданий, социалдык мекемелерге көрсөтүп жаткан кайрымдуулук иш-чаралары мыйзамда көрсөтүлгөнбү? Бул уюмдун чыгаша-кирешеси көрсөтүлүшү керек. Токой чарбасына машине берип жатса министр эмне иш кылып жатат? Акыркы мезгилде 3-4 жолу концерт уюштурду. Анда Маданият министрлигинин эмне кереги бар? Ошол акча бюджетте каралды беле? Кумтөрдүн каражаты бир адамдын чечими менен эле сарпталбашы керек”.

Тенгиз Бөлтүрүк менен телефон аркылуу байланышканыбызда бардык суроолор боюнча кийинчерээк кенен маалымат берерин билдирди.

Ал эми улуттук холдингдин басма сөз кызматкери Назира Ахмедова кенден түшкөн каражат сарамжалсыз пайдаланып жатат деген дооматтарга мындай жооп берди.

“Кумтөрдө” кызматкер, директор, каржылык, юридикалык бөлүм деген бар. Бардык киреше-чыгашалар көзөмөлдөнүп турат. Эч ким бир тыйын алып, өзүнүн кызыкчылыгына жумшай албайт”, - деди Ахмедова.

Президент Садыр Жапаров өткөн айда кенге Эсеп палатасынын кызматкерлерин жибергенин, текшерүүнүн жыйынтыгы менен элге эки айдан кийин маалымат берилерин билдирген.

Май айынын аягында Кумтөр кенинде “Борбордук” карьеринин чыгыш жана түндүк-чыгыш тарабынан жер кыртышынын жылышынын тездешин мекемелер аралык комиссия иликтеп жатканы белгилүү болгон. Бирок ал комиссиянын жыйынтыгы эмне болгону белгисиз.

“Kумтөр Голд Компани” ишканасы 23-июнда карьердеги жарака боюнча маалымат таратып, андагы абалды изилдөөгө жергиликтүү жана эл аралык эксперттер тартылганы, геологдор карьерге тынымсыз көзөмөл жүргүзүп жатканы белгилеген.

Жараканын чоңоюшуна аба ырайынын өзгөргөнү себеп болгону, 2022-жылдын апрель-май айларында жамгыр адаттагыдан эки эсе көп жааганы аныкталганы айтылат.

"Кумтөр" ачык болушу керек"

Өлкөдөгү оппозициялык саясатчылар көптөн бери эле Кумтөр кениндеги ачыктыкты талап кылып келишет.

Алардын бири саясатчы Бектур Асанов “Кумтөрдү” алууну негизги жетишкендиктеринин бири катары эсептеген бийлик, анын ишмердүүлүгү жана жетекчилеринин кадыр баркына көңүл бурушу керектигин эскертти.

“Биз "Кумтөр" жөнүндө эч нерсе билбейбиз. Канча алтын казып, кайсы жерге сактап жатышат? Андан сырткары айлык акы, техникалардын жабдыгы боюнча чыгымдар дагы айтылган жок. Баары жашыруун жана күмөн болуп жатат. Мындай болбошу керек болчу", - деди саясатчы.

2021-жылы Кыргызстандын бийлиги Кумтөр алтын кенин өз алдынча башкарууга алып, “Центерра голд” компаниясынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүк "Кумтөр Голд Компани" ишканасына убактылуу сырттан башкаруучу болуп дайындалган. Тенгиз Бөлтүрүк 56 жашта, ал Кыргызстандын жана Канаданын жараны. Акыркы 23 жылдан бери чет мамлекетте жашап, эмгектенип келген.

“Кумтөр Голд” ишканасы быйыл январь-май айларында өлкөнүн бюджетине салык жана башка милдеттүү төлөмдөр түрүндө 17,3 млрд. сом төккөнүн 8-июнда билдирди. Президент Садыр Жапаров быйыл 4-апрелде элге кайрылуу жасап, канадалык инвестор “Центерра” менен доо арыздан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча макулдашууга кол коюлганын, Кыргызстан андагы 26 пайыздык акциясын өткөрүп, эки тарап доолордон баш тартарын жарыялаган жана мындан ары "Кумтөр Голддун" 100% акциясы Кыргызстанга таандык экенин билдирген.

"Бириккен демократиялык кыймыл" оппозициялык бирикмеси 13-апрелде Бишкекте жыйын куруп, бийликти бул макулдашуудан баш тартууга чакырган, аны менен өлкө экологиялык чыгымдарды өзүнө алганын утулуш деп атаган.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

«Зенит» и «Балтика» объявили стартовые составы на Суперфинал Кубка России

Дело об избиении в Московской области азербайджанцем молотком участника СВО расследуют повторно

В Москве трёхлетняя девочка умерла в результате падения с девятого этажа

На территории бывшей промзоны «Огородный проезд» построят современный квартал

Музыкальные новости

Почта России помогла детям-подопечным благотворительных фондов встретиться с футболистами ЦСКА

В Республике Марий Эл с успехом прошел кинофестиваль «Движение по вертикали» памяти Станислава Говорухина

В Москве прошла премьера документального фильма "Мамы и дети"

В Тульской области продолжается культурный проект «Классика: история и современность»

Новости России

Феникс и Афина: стало известно, как москвичи называют детей в этом году

Головная боль и галлюцинации: как защитить организм во время сильной жары

«Зенит» добыл волевую победу в матче с «Балтикой» и завоевал Кубок России

Зарплатная пропасть: разница в доходах учителей в Москве и регионах достигла 400%

Экология в России и мире

Бесплатные ежедневные тренировки от сети фитнес-клубов Spirit. Fitness в парке Горького/Музеон

Доктор Кутушов назвал болезни, которые поджидают отдыхающих у водоёмов

Пегас сделал важное заявление по Египту: стали известны цены на туры на предстоящую зиму

VK Fest 2024: Музыка и Развлечения на Открытых Площадках России

Спорт в России и мире

Матч Котова и Вавринки перенесли на корт Сюзанн Ленглен

Азаренко не смогла выйти в 1/16 финала открытого чемпионата Франции по теннису

Потапова о поражении от Свентек на "Ролан Гаррос": организм дал сбой

Бывшая российская теннисистка спела гимн Франции

Moscow.media

Пожар в пятиэтажке унес жизнь неосторожного курильщика

ТСД SAOTRON RT-T50: высокопроизводительный терминал сбора данных промышленного класса

Для строительства участка Приморского кольца в Калининградской области ищут подрядчика

Доступный, летний, твой – StarLine A60 BT GSM ECO











Топ новостей на этот час

Rss.plus






Ракета AIM-120 AMRAAM, точная и опасная. Но у наших "Сушек", похоже, есть способ борьбы с ними.

В Москве трёхлетняя девочка умерла в результате падения с девятого этажа

«Зенит» добыл волевую победу в матче с «Балтикой» и завоевал Кубок России

«Зенит» и «Балтика» объявили стартовые составы на Суперфинал Кубка России