Эл аралык Валюта фонду Ооганстандагы экономикалык абалга терең тынчсызданып жатканын билдирди. Уюм бир ай мурун “Талибан” (Кыргызстанда тыюу салынган уюм) кыймылы басып алган өлкө “гуманитардык кризиске” жакындап калганын эскертти. Бирок мындай чочулоолорго карабай Эл аралык Валюта фондунун расмий өкүлү Жерри Райс каржы институту “Талибан” түзгөн өкмөт менен кызматташууну жандантпай турганын жарыялады. Райс Вашингтондогу маалымат жыйынында ооган элине жана ооган качкындарын кабыл алган өлкөлөргө жардам көрсөтүү зарылдыгын билдирди. Читать дальше...
Тажикстандын борбору Дүйшөмбүдө Шанхай кызматташтык уюмунун саммити өтүп жатат. Анда Ооганстандагы соңку кырдаал, аймакка тийгизген таасирине өзгөчө көңүл бурулууда. Уюмга мүчө айрым өлкөлөр менен аймакташ болгон Ооганстандан эл аралык коалициялык күчтөрдүн чыгышы менен бийлик талибдердин колуна өтүп, учурда кырдаал курчуп турат. 20 жыл мурун негизделген Шанхай кызматташтык уюму сепаратизм, экстремизм жана терроризм сыяктуу үч коркунучка биргеликте каршы туруу максатын көздөйт. Уюмду алгач Кытай... Читать дальше...
18-сентябрда түндө жана күндүз өлкө аймагында жаан жаабайт. Абанын температурасы: Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 13...18, күндүз 31...36, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 12…17, күндүз 28…33, Талас жергесинде түнкүсүн 6...11, күндүз 27...32, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 22...27, Нарын дубанында түнкүсүн 3...8, күндүз 23...28, Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1...-6, күндүз 8...13 градус. Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн 15…17, күндүз 31…33 градуска чейин ысыйт.
Рустам Жокоев Санарип өнүктүрүү министрлигине караштуу "Унаа" мамлекеттик мекемесинин жетекчиси болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду. Ал 16-сентябрда жалпы жамаатка тааныштырылды. 34 жаштагы Жокошев буга чейин "Унаа" мекемесинде адис, кийин жетекчинин орун басары болуп иштеген. 2020-2021-жылдарда Президенттин иш башкармалыгынын алдындагы "Мамлекеттик "Ала-Арча" паркы" мекемесинин директору болуп турган. Буга чейин "Унаа" мамлекеттик мекемесин... Читать дальше...
Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммити бүгүн, 17-сентябрда Тажикстандын борбору - Дүйшөмбү шаарында өтүп жатат. Анда ШКУга мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчылары уюм алкагындагы кызматташтык маселелерин талкуулап жатышат. Дүйшөмбүдөгү ШКУ саммитине Индия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Орусия, Өзбекстан жана Тажикстандын мамлекет башчылары катышууда. Булардан тышкары байкоочу макамы бар мамлекеттер: Беларус, Иран, Монголия жана Ирандын лидерлери бар. Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов ардактуу конок катары катышып жатат. Читать дальше...
Италия мамлекеттик жана жеке мекемелердин кызматкерлерге жумушка келгенде коронавируска байланыштуу ден соолугунун абалы жөнүндө документти милдеттүү түрдө көрсөтүүнү милдеттендирди. Кызматкер андан баш тартса, акы төлөнбөгөн эс алууга жөнөтүлөт. Италия мындай катаал эрежелерди киргизген Европадагы алгачкы өлкө. 15-октябрда күчүнө кирген токтомго ылайык, жарандар жумушка келгенде коронавируска каршы эмделгени тууралуу документ, оорубаганын далилдеген тесттин жыйынтыгы же ооруп бүткөнү тууралуу справканы көрсөтүшү керек. Читать дальше...
"Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков Ички иштер министрлигине (ИИМ) суракка чакырылганын "Азаттыкка" билдирди. Сурактын себебинен кабары жок экенин кошумчалады. Ички иштер министрлиги Султанбековдун сурак тууралуу билдирүүсүнө комментарий бере элек. Акыркы күндөрү бир катар саясатчылар суракка чакырылды. Алардын айрымдары "Кумтөр иши" боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) сурак беришкен. Ал эми "бийликти күч менен басып алууга" шек саналып Курсан Асанов менен Алмаз Сарыбаев кармалып... Читать дальше...
Укук коргоочу Азиза Абдирасулова ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун №50 абакка кармалышына байланыштуу бийлик өкүлдөрүнө кайрылды. Ачык кайрылуу өлкө президентине, Жогорку Кеңештин төрагасына, Баш прокурорго, Жогорку Соттун төрайымына, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жетекчисине, Акыйкатчыга, Кыйноолорду алдын алуу борборунун директоруна, ИИМдин байкоочу кеңешине жолдонгон. "Мен бул СИЗОго бир нече ирээт барган укук коргоочу катары, мекемеде коопсуздук... Читать дальше...
Абактагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлери жана жакындары 17-сентябрда анын Бишкектин четиндеги Кой-Таш айылындагы үйүнүн алдына чогулушту. Анда сөз сүйлөгөн учурда Чүй облусунун мурдагы башчысы, БШКнын экс-төрагасы, саясатчы Туйгунаалы Абдраимов Кой-Ташта чогулгандардын бийликти басып алуу максаты жок экенин билдирди. Ал Атамбаевдин ден соолугу начар экенин айтып, аны эркиндикке чыгарууга чакырды: "Биздин эч кандай жаман оюбуз жок, Ак үйдү басып алалы" деген аракетибиз да жок", - деди Абдраимов. Читать дальше...
Кыргызстандын экинчи борбору - Ош шаарында бала бакча маселеси курч. Алардын жарымынан көбү толуп калган, ал эми баланы бакчага берүү үчүн кезектин жетиши азап экенин ата-энелер айтып келишет. Мындан улам айрымдар баласын бакчага кезексиз берүү үчүн пара сунуштаганга мажбур болууда. Ошол эле учурда өлкөдө ар бир бала мектепке чейин билим алууга укуктуу деген мыйзам бар. "Клооптун" жана "Азаттыктын" журналисттери balabakcha.edu.gov.kg порталындагы жана шаардык билим берүү башкармалыгы берген маалыматтарды анализдеп... Читать дальше...
Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз берилди. Бул тууралуу адвокат Чынара Жакупбекова "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, Асановду үй камагына чыгаруу же Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына которуу өтүнүчү келтирилди. 14-сентябрда Ички иштер министрлиги Курсан Асанов “башка адамдар менен бирге алдын ала сүйлөшүп, бийликти күч менен басып алууга активдүү даярданып, уюштуруп... Читать дальше...
"Камеко" жана "Центерра" "Кумтөр" долбооруна толук көзөмөл кылуу үчүн Кыргызстандын мурдагы бийлиги менен кутумга барганы кабарланды. Бул маалыматты "Кумтөр голд компани" ишканасынын басма сөз кызматы бүгүн, 17-сентябрда таратты. Маалыматта "2013-жылы жүргүзүлгөн соттук-экономикалык экспертизанын корутундусу боюнча "Кыргызалтын" ишканасынын "Центеррадагы" үлүшү 58,7 пайызды түзүүгө тийиш эле. Бирок үлүш 25,7 пайызга азайтылып, 33% гана болуп калган. Бул 2013-жылкы баалар менен 171,5 млн. азыркы баалар менен 457,2 млн. Читать дальше...
Канадалык "Центерра" компаниясы жана "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын мурдагы жетекчилерине издөө жарыяланганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) кабарлады. Атайын кызмат бүгүн, 17-сентябрда тараткан маалыматта айтылгандай, "Кумтөр" кенин иштетүү боюнча жүрүп жаткан тергөөдө канадалык "Центерра" компаниясынын жогорку жетекчилигинин жана "Кумтөр" кенин иштеткен "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын жетекчилери коррупцияга тиешеси бар экени аныкталган. Алар 2013-жылдын декабрында... Читать дальше...
Өзгөн шаарында 17-сентябрь күнү эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналган этно-фольклордук фестивал башталды. Уюштуруучулардын белгилөөсүндө фестивал жер-жерлердеги тарыхый мурастарды даңазалоо, жергиликтүү элдин руханий жана маданий өсүүсүнө салым кошуу, улуттук маданий мурастарды жайылтып, элге жеткирүү максатында өткөрүлүүдө. Иш-чарага айтуучулук өнөрдүн өкүлдөрү - манасчы, төкмө акын, дастанчылар, искусство чеберлери жана эстрада жылдыздары катышат. Фестивалда ошондой эле кол өнөрчүлөр көргөзмөсү... Читать дальше...
Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупцияга байланыштуу абакка кесилген "Улуттук энергохолдингдин" мурдагы башчысы Айбек Калиев менен "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы директору Салайдин Авазов абактан чыкты. Жаза аткаруу кызматынын өкүлү Элеонора Сабатарова алар жаза мөөнөтү аяктаганына байланыштуу абактан чыгарылганын "Азаттыкка" кабарлады. Алардын качан жана кайсы жактан чыкканы тууралуу маалымат айтылган жок. Адвокат Эрнис Саданбеков "Азаттыкка" Калиев менен Авазовго президент ырайым бергенин билдирди. Читать дальше...
16-сентябрда Түркиянын башкалаасы Анкара шаарында Кыргызстандын жарандыгын алган теги түркиялык Орхан Инандынын соту башталды. Бул тууралуу мамлекеттик "Анадолу" маалымат агенттиги билдирди. Инандынын ишин Анкара шаарынын Жогорку соту карап жатат. Айыпталуучу видеоконференция аркылуу өзү жаткан түрмөдөн катышканы жазылат. Колу үч жерден сынгандыктан сотко толук даярдана албаганын билдирген Инанды, ден соолугуна байланыштуу көйгөйлөр чечилгенге чейин кошумча убакыт сураган. Ошондой эле, сотто... Читать дальше...
Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун Facebook жана Instagram баракчалары верификациядан өттү. Өкмөт башчынын Facebook баракчасына 25 миңге жакын адам катталган. Ал эми "Инстаграммына" катталгандардын саны 27 миңге жакын. Марипов өзү президент Садыр Жапаровдун гана (@sadyr_japarov) баракчасына катталган. Мамлекет башчынын баракчасы да верификациядан өткөн. Ага 337 миң киши катталган, Жапаров бир дагы баракчага жазылган эмес. "Фейсбуктагы" баракчасына жазылгандар 50 миңден ашуун. Читать дальше...
Эл аралык марафон дирекциясынын төрагасы Мелис Надыров 19-сентябрда борбор калаада Бишкек жарым марафону өтөрүн айтты.
Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 17-сентябрга карата берген маалыматына ылайык, 83 адам илдетке чалдыкканы лабораториялык жактан тастыкталды. Бишкек - 31; Чүй облусу – 17; Ысык-Көл облусу – 12; Жалал-Абад облусу – 8; Нарын облусу - 6; Ош облусу – 4; Талас облусу - 4; Баткен облусу - 1 Ош шаарында эч ким катталган жок. Ушуну менен былтыр март айынан бери Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын саны 177 567 адамга жетти. Мунун ичинен сакайып чыккандардын саны - 172 015 адам. Читать дальше...
Армения Азербайжанды ондогон жылдар бою армян жарандарынын жана этникалык армяндардын укугу бузулганы үчүн айыптап, Бириккен Улуттар Уюмунун эл аралык сотуна кайрылды. Гаага соту 16-сентябрда билдиргендей, Армения Азербайжан өкмөтү “армяндарга карата расалык басмырлоо, аларды жек көрүү боюнча мамлекеттик саясат жүргүзгөн” деп эсептейт. Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги буга байланыштуу билдирүү таратып, ошондой эле айыптар менен Арменияны сотко бермей болуп жатканын билдирди. 2020-жылдын... Читать дальше...
Орусияда бүгүн 17-сентябрда Мамлекеттик Думанын, губернаторлордун, аймак жана шаар депутаттарынын шайлоосу башталууда. Добуш берүүнүн негизги күнү 19-сентябрда өтөт. Шайлоо өнөктүгү өлкөдө коронавирус күчөп, айлык маянанын жетишсиздиги жана коррупция сыяктуу маселелер орчундуу болуп турган чакта өтүүдө. Бир катар талапкерлерге, айрыкча оппозиционер саясатчы Алексей Навальныйдын тарапташтарына шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгү берилген жок. Буга ишмердүүлүгү экстремисттик деп таанылган уюмдар менен... Читать дальше...
Кытай өкмөтү Кыргызстанга 100 миллион долларга жакын каражат бөлүп берүүгө даяр. Бул тууралуу 16-сентябрда президент Садыр Жапаров менен жолугушууда Кытайдын тышкы иштер министри Ван И билдирди. Бул акча Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүү максатында берилери айтылды. Мындан тышкары кытай тарап коронавируска каршы вакцинасынан дагы 1 миллион доза берери маалым болду. Жапаровдун Кытайдын башкы дипломаты менен жолугушуусу Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында жүрүп жаткан аймактык саммиттер алкагында өттү. Читать дальше...
Бүгүн 17-сентябрда Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШОС) лидерлеринин кезектеги саммити өтөт. Ага Кыргызстандан президент Садыр Жапаров баштаган расмий делегация катышат. Уюмдун 20 жылдыгына арналган саммиттин күн тартибинде кызматташтыкты өркүндөтүү, пандемиянын кесепеттерине каршы чогуу күрөшүү маселелери жана аймактык, эл аралык мамилелерге байланыштуу көйгөйлөр бар. Президенттер Ооганстандагы соңку абал тууралуу да сөз кылышат. Саммиттин жыйынтыгында 30дан ашуун документке кол коюлат. Читать дальше...